Кыргызстан: тарифтердин кескин көтөрүлүшү жарандардын нааразылыгын пайда кылды

Электр кубатына, ысык суу жана жылуулукка болгон төлөмдөрдүн кескин жогорулашы жашоо деңгээлге олуттуу сокку урду.

Кыргызстан: тарифтердин кескин көтөрүлүшү жарандардын нааразылыгын пайда кылды

Электр кубатына, ысык суу жана жылуулукка болгон төлөмдөрдүн кескин жогорулашы жашоо деңгээлге олуттуу сокку урду.

Thursday, 25 February, 2010

Электр кубатына, ысык суу жана жылуулукка болгон баалардын кескин өсүшү көптөгөн кыргызстандыктарды түйшлткөн абалга алып келди.

2010-жылдын башынын тартып электр кубатына болгон баа 100 пайызга, ал эми борборлоштурулган жылуулуктун баасы – 500 пайызга өстү.

Кыргыз өкмөтү экономикалык кризистин салакаларына туруштук берүү үчүн, ошондой эле энергетикалык секторду каржылоочу атайын фонд түзүү максатында керектөөчүлөргө төлөмдөрдүн чыныгы акысын көтөрүүгө мажбур болгондугун жарыялады. Чиновниктердин айтымында мурда электр кубаты жана ысык суу коммерциялык ишканаларга жана керектөөчүлөргө өз наркынан төмөнкү баада берилип келген. Жаңы тариф электр кубатын өндүрүү наркына жана керектөөчүлөрдү ысык суу менен тейлөө кызмат акысына толук жооп берет.

Керектөөчүлөр жагдайдын бул өңүттө өнүгүшүн жактырышкан жок.
IWPRдын Бишкектин көчөлөрүнөн жүргүзгөн расмий эмес сурамжылоосунда 63 жаран тең жагдайга карата өздөрүнүн терс көз карашын билдиришкен.

«Эмнеге нааразы болбойм? Мен болгону айына эки жарым миң сом (56 америка доллары) алам. Мен кайсыл акчага жашайм. Ысык суу үчүн эле айына 350 сомдон төлөйм», - дейт жалгыз бой пенсия жашындагы аял.

Премьер-министр Данияр Үсөнов жаңы киргизилген төлөмдөрдү коомчулук кандай кабыл алгандыгы тууралуу кабардар экендигин айтты.

«Бүгүнкү күнү Кыргызстандагы ар бир үй-бүлө тарифтердин өсүшүнө алып келген кординалдык өзгөртүүлөрү үчүн Үсөновдун өкмөтүнө нааразычылыгын билдирип жатышат», - деди премьер-министр 21-январдагы энергетика министрлигинин коллегиасында.

Бишкек шаарынын дүкөндөрүнүн биринде иштеген 50 жаштагы жалгыз бой аял Гүлбайра Тынаева – тарифтердин өсүшү үй-бүлөлүк капчыгына катуу таасир бергендигин айтты.

Гүлбайранын январь айы үчүн электр энергиясы жана ысык сууга болгон төлөмдөрү 40 долларды түзгөн. Бул өткөн айдагы 18 долларды түзгөн төлөмдөргө караганда бир топ көп. Ал андан сырткары өз маянасынан газга, сууга жана телефонго болгон төлөмдөрдү төлөйт. Анын орточо айлык акысы - 134 долларды түзөт, бул болжол менен Кыргызстандагы орточо эмгек акы. Баласынын мектеп, жол чыгымдарын алып салганда тамак-аш үчүн 29 доллар гана калат.

«Эң керектүү тамак-аштан – картошка, кум шекер, ун, май сатып алам. Жада калса булар да арзанга турбайт. Ал эми этти жей элегибизге эки айдын жүзү болду. Эмне биз ачкадан өлүшүбүз керекпи», - деди Тынаева.

Тарифтердин мындай кескин көтөрүлүшүн бир аз жеңилдетүү максатында эмгек маянасы орточо эмгек акысынан төмөн болгон пенсионерлер, мамлекеттик кызматкерлер сыяктуу калктын бир топ жакыр катмарын фонддун эсебинен камсыздоого алуу каралган. Бирок компенсациялык төлөмдөр жылуулук төлөмдөрү үчүн кышкы төрт айлык жылуулук камсыздоо мезгилине айына төрт долларды гана түзөт.

Айына 56 америка доллары өлчөмүндөгү пенсиясынан бардык төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин өзүнүн керектөөсүнө 15 доллар гана калаарын жана бул эч нерсеге жетпей тургандыгын айтты Бишкек шаарынын тургуну.

Парламенттеги көпчүлүк орунду ээлеген “Ак жол” партиясынын өкүлү Ибрагим Жунусов өкмөт пенсионерлерге жана коммерциялык ишканаларга кышында керектелген электр кубатынын төлөмүн бир жылга бирдей бөлүштүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн карап жаткандыгын айтты.
Коммерциялык ишканалардын ишмердүүлүгү үчүн да тарифтердин көтөрүлүшү терс таасирин тийгизди, жана алар февраль айынан тарта сатып алуучулардын эсебинен төлөмөй болушту.

“Биз чыгарып жаткан товардын өздүк наркынын сегиз пайызын электр энергиясы түзөт, мен январь айында нанга болгон бааны көтөргөн жокмун, бирок февралдан баштап бааны көтөрүүгө аргасызмын. Андай болбогон учурда менин өндүрүшүм эч кандай пайда алып келбейт”, - деди өзүн Гүлбайра деп тааныштырган нан чыгаруучу ишкер.

Экономика тармагындагы серепчи Жумакадыр Акенеев электр кубатына болгон төлөмдөрдүн өсүшү, азык-түлүктөрүнө – нанга, сүткө, өсүмдүк майына, ошондой эле түркүн тейлөө кызматтарынын бааларынын бир топ өсүшүнө алып келет, бул өз кезегинде жарандардын жашоо деңгээлинин төмөндөшү жана социалдык нааразылыктардын күчөшү менен шартталаарын айтты.

Оппозициялык партиялар өкмөттүн мындай чечимине каршылык көрсөтүү акциясын өткөрүүгө сөз беришкен.

Оппозициялык Бириккен Элдик Кыймылдын (БЭК) лидери Азимбек Бекназаров өкмөттүн коомчулуктун пикирин көңүлгө албай төлөмдөрдү көтөрүп салуу чечимин сындап чыкты жана бул чечимди жокко чыгаруу үчүн оппозициялык бирикме болгон күчүн жумшай тургандыгын айтты.

«Мен өзгөчө айыл жеринде карапайым тургундар менен көп жолугам, алар айтып жатышат: “биз төлөбөйбүз, андан көрө электр энергиясын уурдайбыз” –деп», - деди Бекназаров.

А.Бекназаров 2005-жылдын мартында Аскар Акаевдин өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз кылган “жоогазын ыңкылабынын” талаптарынын бири коммуналдык төлөмдөрдү төмөндөтүү жана электр энергиясын бүт өлкө боюнча үзгүлтүксүз берүү болгондугун эскерди.

“Муну президент Бакиев аткарган жок. Тескерисинче Бакиев Акаев жасоого жетишпей калган нерселерди жасап жатат. Энерготармагын менчиктештирип, бааларды көтөрдү”, - деди Бекназаров.

Төлөмдөрдүн жогорулашы оппозициялык партиянын 17-мартта өтө турган жыйналышында бирден бир күн тартибинде карала турган маселелерден болмокчу.

Жыйналыштын катышуучулары ушул жана башка маселелердин кайрадан каралып чыгуусун талап кылып президентке кайрылуу жасоону пландашууда. Эгер бийлик тараптан эч кандай жооп ала албаса анда каршылык көрсөтүү акциясын өткөрүшөрүн айтты башкы оппозициялык блок БЭКтин лидери А Бекназаров.

Тимур Токтаналиев, IWPRда тренингден өткөн Кыргызстандагы журналист.
 

Kyrgyzstan
Frontline Updates
Support local journalists