Кыргызстан: парламенттик комиссия мыйзамсыз бала багып алуу фактыларын ачыкка чыгарды.

Комиссиянын текшерүүлөрүнөн белгилүү болгондой, бийлик башчылары балдарды акчага сатууну уюштуруу менен алектенген.

Кыргызстан: парламенттик комиссия мыйзамсыз бала багып алуу фактыларын ачыкка чыгарды.

Комиссиянын текшерүүлөрүнөн белгилүү болгондой, бийлик башчылары балдарды акчага сатууну уюштуруу менен алектенген.

Friday, 28 August, 2009
Парламенттик комиссия тарабынан Кыргызстандык жетим балдарды чет элдик жарандар тарабынан мыйзамсыз асырап алуу фактыларын ачыкка чыгарган. Келерки айда Башкы Прокуратура балдарды мыйзамсыз багып алуулар боюнча 200 ишти тергөөдөн өткөрөт.

Кыргызстандын башкы прокурору Эльмурза Сатыбалдиев анын мекемеси балдарды асырап алуу боюнча 36 кылмыш ишин жана 200 башка жарандык ишти иликтеп жатканын билдирди.

Балдарды чет элдик жарандар тарабынан мыйзамсыз багып алууларын текшерүу максатында атайын парламенттик комиссиясы түзүлүп, анын натыйжасында бир нече бийлик башчылары жана сот кызматкерлери күнөлүү деп табылып, камакка алынышы мүмкүн.

Укук коргоочулардын айтуусунда комиссиянын иши багып алынган балдарды коргоодо толук жана үзүрлүү мыйзам чыгаруу керектигин далилдеди.

Атайын комиссия балдарды чет мамлекеттерге жөнөтүүдө паракорлук жана каракчылык менен алектенген ири топту ачыкка чыгарды. Бир баланы эле багып алуу үчүн камкор адам 36 миң доллар төлөп берген деген маалыматтар бар. Бул акчанын бир бөлүгү багып алуу жол-жобосун аткарган уюмда калган.

Комиссиянын башчысы Николай Байлонун айтуусунда, балдарды чет элдиктер тарабынан багып алууда Министерствонун кызматкерлери көмөк көрсөтүшкөн. «Мында алардын кызыктарлыгы даана көрүнүп турат.» деп кошумчалады ал.

Бул жагдайларды чечмелеп жатып, башкы прокурор Сатыбалдиев «райондук мамлекеттик башкармалыгынын камкордук көргөзүү органдары, чечим кабыл алган сот кызматкерлери ал эмес далдалчыларга чейин паракорлукка малынган,» деди ал.

Парламенттик комиссиянын отчетунда “камкордук көрүү органдары, жергиликтүү мамлекет башчылыгы жана балдар үйлөрүнүн башкы дарыгерлери багып алуучулардын кызыкчылыгын көздөгөн жана алардан башкы ишеним кагазы бар чет элдик фирмалардын талабын аткарууга кызыктар экени билинген”, деп жазылган.

Комиссиянын маалыматында: баланын документинде анын ден-соолугу начар жана чет өлкөдө дарылоо талап кылынат деген ыкма көп колдонулган. Бул багып алуу процессин абдан жеңилдеткен.

Мыйзам боюнча Кыргызстандын жарандарынын баланы багып алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондо гана чет элдик жаран багып алууга укугу бар. Ал негизинен олуттуу медициналык дарты бар жана кымбат баалуу дарыланууга муктаж балдарды багып алууда кездешет. Бул учурларда дал ушул шылтоо колдонулган.

Ош бейтапканасынан дарыланган балага медициналык комиссия дарты жок, саламаттыгы жакшы деген корутунду чыгарган. Бирок балдар үйүнө түшкөндө андагы дарыгер балага аз кандуулук жана ички органдарында кооптуу инфекция бар деген диагноз койгон.


Комиссияга белгилүу болгондой, Бишкектин, Токмоктун, Оштун балдар үйүндө жалган диагноздор коюлуп, балдарды багып алуу процессин ылдамдатууга дарыгерлер көмөк көрсөтүшкөн.

Вице-премьер-министр Уктомхан Абдуллаева парламетте суйлөп жатып, 2005 жылы эрежелер жеңилдегени 225 бала США, Израиль, Франция, Швеция жана Италия өлкөлөрүнүн жарандары аркылуу багууга алынганын билдирди.

Чет өлкөлүк жаран Кыргызстандан бала багып алуу үчүн Тышкы Иштер Министрлигине сурамжылоо жана Билим берүу Министрлигине документтерин жиберет. Ал ылайыктуу баланы тандап, келишим түзүлөөрдө, сот баланы тарбиялоо жөнүндө чечим чыгарат

2005 жылы Кыргызстанда Үй бүлөө кодекси кабыл алынганча, балдарды багып алуу сот аркылуу эмес, БУУнун «Баланын укугу жөнүндө» Конвенциясы жана ата-энеси жок баланы багып алуу тууралуу Бийликтин жобосу аркылуу чечим кабыл алынчы.

Кыргызстан алигиче балдарды коргоо жана чет элдик багып алуу кызматташтыгы тууралуу Гаага Конвенциясын ратификациялай элек. Ал Конвенция боюнча балдарды чет өлкөлук жарандарга тарбияга берүудө наристенин укугун коргоонун негизги усулдарын регламенттештирүү каралган. Азыркы учурда республика бул конвенцияга кирүу маселесин караштырып жатат.

2005 жылкы мыйзам багып алуу процессин абдан жеңилдеткен. Бирок парламенттик комиссия тергөөсүнүн натыйжасында регламеттөө механизми мурункудан да түшүнүксүз болуп калганын далилдеди.

Кыргызстанда балдардын укугун коргоо Лигасынын өкүлу Елена Гаврилованын айтуусунда, «башкармалар ар бир жагдай үчүн өз эрежелерин иштеп чыккандай» -,дейт.

«Бүгүнкү күндө ар бир мамлекеттик жергиликтүу башчылык өзүнүн оюнун жүргүзуп жаткандай туюлат. Ар биринин кандай документ топтоо жөнүндо өз талабы, өз көз карашы бар. Бул себептен ал мыйзам тарабынан бекемдейбей жатат. Мисалы, сиз бардык документтерди топтодуңуз, ал эми бала дал ушул үй-бүлөдө жакшы каралары, анын болочок ата-энеси канчалык деңгээлде психологиялык жана моралдык жактан даярдалганы, кандай тренинг сабактарды өткөнун кайдан билесиз?».

Премьер-министр Игорь Чудинов бул маселенин али чечилбегенин мойнуна алды. Бул суроону Эл аралык денгээлде жана өлкө ичинде чечүүну сунуштады.


«Депутаттык комиссиянын ишинин натыйжасында жаңы механизмдер түзулүп жатат. Биринчиден эл аралык конвенцияга биригүү бул маселеге байланыштуу, экинчиден мамлекет ичиндеги көйгөйлөрду биз иштеп чыгышыбыз керек. Бизде тилекке каршы, мыйзам тарабынан, бийликтин укуктук-нормалык актыларында жазылган так механизм жок» ,-деди ал IWPRдин кабарчысына.

«Комиссия тарабынан күнөөсү далилденген адамдар сөзсүз жазага тартылат» ,- деп Чудинов сөз берди.

Комиссиянын башчысы Николай Байлонун ою боюнча балдарды мыйзамсыз багып алууда жоопкерчилик биринчиден, Билим берүу министринин мойнунда. «Калган териштирүүлөр кийин болот,-» деп кошумчалады.

Башкы прокуратура багып алуу боюнча сот кызматкерлери кабыл алган иштерди териштирүүгө киришти.

«Алар прокурорлор тарабынан даттануу мөөнөтүн кайтарып берүүнү жокко чыгарууну талап кылып жатышат деди IWPRге Жогорку Соттун төрагасы Жаңыл Алиева.

Бул жагдай балдарды багып алуу уруксат кагазын кайра чакыртылып, балдар чет өлкөдөн кайтарылышына алып келет.

«Адилет» укуктук клиникасынын юристи Улукбек Айдаркуловдун айтуусунда, эгер балдарды багып алуу уруксатына тыюу салынса баары өз ордуна кайра келет. Демек, башкача айтканда, балдар мекенине кайтып келишет.

Бирок юридикалык териштирүүлөр көп убакытты талап кылат, анткени катачылыктар табылса аппеляцияга берилиши шарттуу.

Айдаркуловдун айтуусунда бала бөлөк өлкөдө жүргөндө башка жагдайлар да пайда болушу мүмкүн андыктан ар бир учурду өзүнчө иликтеп чыгуу керек.

Башкы прокурор Сатыбалдиев: «мыйзам бузучуларга каршы сот тергөөсүнүн ийгиликтүү аякташы жөнүндө айтуу али эрте. Сот органдары аларды текшерүүгө биздин арыздарды карап чыккандан кийин гана белгилүу болот»,-деп айтты.

Чет өлкөлүк жарандардын балдарды мыйзамсыз багып алууга көмөктөшкөн сот кызматкерлери жоопкерчиликке тартылат.

«Эгер мыйзам бузуулары катталып, алардын күнөөлүү экени далилденсе, аларды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселе көтөрүлөт. Азыркы учурда чечим мыйзамдуу күчүнө кирди, андыктан сот кызматкерлери азырынча жоопкерчиликке тартылбайт»,-деди Алиева.


Айдаркуловдун сөзүндө, бул ишке тийиштүү ар бир башкарманын күнөөлүүлүгүн өзүнчө иликтеп, кылдат тергөө жүргүзүү керек.

«Билишимче бул иште кызмат ордунда кыянаттыка баруу жана көз боемочулук фактылары катталган»,-деди ал.
Frontline Updates
Support local journalists