Кыргызстан: Кыйноолорду алдын алуучу мыйзам кийинчерээк кабыл алынат.

Жарандык коомдун демилгечилери, кыйноолорду алдын алуучу мыйзамды жеңилдетүу анын үзүрлүүлүгүн төмөндөтөт деген ойдо.

Кыргызстан: Кыйноолорду алдын алуучу мыйзам кийинчерээк кабыл алынат.

Жарандык коомдун демилгечилери, кыйноолорду алдын алуучу мыйзамды жеңилдетүу анын үзүрлүүлүгүн төмөндөтөт деген ойдо.

Thursday, 11 February, 2010
. Бирок ал иш токтоп калды. Ага карабай жарандык коомдун демилгечилери эн башкысы туура чараларды иштеп чыгуу керектигин айтып жатышат.



Ошондой эле абакта отургандарга мониторинг тобунун чектелбеген каттоосун камсыз кылган берене укук коргоо мекемелеринин башкармаларынын каршылыгына байланыштуу кирбей калуу коркунучунда турат. Бул кыйноолорго каршы мыйзамдын касиетин жоготуп коюшуна алып келет, дейт алар.



Кыргызстан 1996 жылдан бери адамдын кадырын түшүрүүчү ырайымсыз жазалоонун түрлөрүнө кирген кыйноолорго каршы БУУнун Конвенцияларынын катышуучусу. 2008 жылы борбор азия чөлкөмүндө биринчилердин болуп конвенциянын факультативдик протоколун ратификациялап эркинен ажыратуучу жайларга көз карандысыз эл аралык жана улуттук органдар тарабынан тутумдуу каттону камсыз кылуу жонүндө милдеттеме алган.



Протоколдун шарты Кыргызстан Улуттук превентивдик механизм иштеп чыгышын талап кылат. Ал механизм жергиликтүу адисттер тарабынан эркинен ажыратуучу жайларга мөөнөттүү каттону шарттайт.



УПМ долбоору Кыргызстандын акыйкачысы түзгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.



Иштелип чыккан документ кармалгандарды жана эркинен ажыратылып камакка алынгандардын камераларын текшерүүгө гана эмес, андан башка психиатрдык бейтапкана, балдар үйү, карылар үйү жана аскер бөлүктөрү сыяктуу кирүүгө чектелген мүмкүнчүлүк бар мекемелерди текшерүүгө укук берет.



«Ак Жол» өкмөттүк партиясынын парламенттик мүчөсү Алишер Мамасалиев, бийлик өкүлдөрү жана укук коргоочулардан түзүлгөн жумушчу топтун курамына кирет.



«Улуттук механизм– дарт билги эмес, - деди Мамасалиев IWPRге берген интервьюсунда. – Бирок коомдук мониторингсиз Кыргызстандын пенитенциадык тутумунун реформасы мүмкүн эмес».



Жумушчу топтун дагы бир катышуучусу «Көз карандысыз укук коргоочу топ» коомдук фондунун мүчөсү Улугбек Азимов документке кол койгон ар бир өлкө негизги талаптарды аткарган УПМдин моделин өзү тандоого укуктуу экенин белгилеп өттү.



Азимов негизги талаптарды атап кетти. «Протокол, УПМ бийликтен көз карандысыз беделдүү иммунитети бар адисттеден туруп, алардын шайланышы да көз карандысыз түрдө болуп, жумушчу топтун мүчөлөрү бардык эркинен ажыратуучу жайларга күн-түн дебей тоскоолдуксуз кирүүнү, ал мекемелердеги камакка алынган адамдар менен күбөөсүз бетме-бет маектешүүнү шарттайт. Ошондой эле УПМ мамлекеттик казына тарабынан каржыланышын талап кылат».



Азимовдун сөзү боюнча, УПМди Кыргызстанда беш өкмөттүк эмес уюмдардын, үч парламент жана акыйкатчынын мүчөсүнөн турган Координациялык кеңеш башкарат. Кеңеш эркинен ажыратуучу жайларга мөөнөт-мөөнөтү менен каттону жүргүзүп, оз байкоолорунун негизинде кепилдеме иштеп чыгып, ал сунуштарын ишке ашыруу боюнча өкмөттүк агенттиктери менен жумуш алып барууну уюштурат. Ал каттолордун мониторинги Мониторинг борбору тарабынан жүргүзүлүп 19 адистен турган орган тарабынан бааланат.



Акыйкатчынын институтунун өкүлү Икрам Мамешев, ”укук коргоочу органдар тарабынан кыйноолор көп, анын ичинен демократиялык өлкөлөрдө да жүрөт. Улуттук превентивдик механизмдин максаты ал кыйноолорго мүмкүн болушунча тоскоолдук көрсөтүү” деген оюн билдирди.



Мамешевдин пикиринде, камалгандар тергөө иштери башталып расмий түрдө кылмыш ишишн сотто караштырганга чейин алсыз келет. Дал ушул учурда кыйноолор көп колдонулат, анткени укук коргоочу органдар күнөөнү күч менен мойнуна алдырууну аракет кылат- бул ийгиликтин жеңил жолу.



Анын сөзү боюнча, укук коргоочу органдар кармалгандарга күч колдонуп, басым көрсөтүп, жалган айыпты мойнуна алдырууну жана ачылбай калган кылмышты да ага илүүнү аракет кылат.



«Көптөрү чыдабай, күнөөнү мойнуна алууга аргасыз болот», - деди ал.



Бул жылдын январь айынын башында IWPR кыйноого дуушарлаган укук коргоочу органдарды сотко берген адам жөнүндө жазган. Макаланы Дело о пытках в Кыргызстане может создать прецедент же толугураак Кыргызстан: Надежды на более строгое законодательство в отношении применения пыток деген макаладан окуй аласыз.



Өлкө УПМди БУУнун кошумча протоколуна кол койгондон кийин бир жылдан кийин даярдашы керек, андыктан мыйзам долбоору Кыргызстандын парламентинен февралдын башында өтүшү зарыл.



Мыйзам долбоорун түзүүдөгү негизги тоскоолдук, жумушчу топ БУУнун протоколу тарабынан толугу менен чексиз каттоо боюнча бирдей келишимге келе албай жаткандыгында.



Адам укугун коргоо демилгечилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана парламенттин кээ бир мүчөлөрү кирүүгө мүмкүндүк жөнүндөгү беренени өзгөртүү сунушун киргизүүдө. Өзгөртүүнү каалаган демилгечилер колония жана башка жабык мекемелердеги түнкү каттодо алардын кесиптештеринин коопсуздугу тынчсыздандыраарын айтып өтүштү.



УПМдин тегерегинде талкууга катышкан омбудсмендин өкүлү Нуридин Нураков, бул пикирди жумушчу топтун көбү, бирок баары эмес колдоорун айтып өттү. Натыйжада документке өзгөрүүлөр киргизилди. Эми каттоо жөнүндө беренеде “тоскоолдуксуз каттонун мүкүнчүлүгү” жөнүндө гана жазылып калды.



Нураков жана анын жактоочулары кесиптештеринин пикирин өзгөртүү тармагында аракет кылып жаткандыгын айтып өттү.



«Үзүрлүу иштеген документ кабыл алышыбыз керек», - деди ал.



Жарандык коомдун өкүлдөрү, эркин каттоо мүмкүнчүлүгү жок кыйноону алдын алуу механизмини үзүрсүз болот. Каттонун күтүлбөстөн жүрүшү кыйноону колдонгон укук коргоо органдарынын мыйзам бузуусун токтотуучу фактор болот. Ал эми кыйноолор көп учурда түнкүсүн журөт, деген ойлорун айтууда.



Абдумалик Шарипов – кыйноо маселеси боюнча көп жылдан бери алектенип келет. Анын оюнда, “жогорудагы беренеси жок УПМ жарым жартылай аткарылат”.



«Эгер адистерге түнкү каттого уруксат берилбесе, анда алар кыйноолор жөнүндөгү арыздарды оперативдүү чече албайт», - деди ал.



УПМдин шарттарын толук аткаруу башка маселелердин кесепетинен ишке ашпай жатат. Биринчиден өкмөттүк каржылоо маселеси чечиле элек. Өкмөттүн Кыргызстан жана коңшу өлкөлөрдө каржы каатчылыгынын болгондугунан каражат бөлүп берүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Андыктан ал чыгашалуу долбоордун тагдыры чечилбей жатат.



Экинчиден УПМдин координациялык кеңешине бардык саясий партиядан өкүл чакыруу керекпи, деген парламентке коблган суроодо бирдей пикир келишпестик болууда. Жарандык коомдун өкүлдөрү бул идеяны колдоду, ал эми сынчылар УПМдин саясатташтырып кетишинен кооптонот.



“Көз карандысыз укук коргоочу топтун” мүчөсү Азимов документ мыктыланаарына ишенет.



«УПМ 2010 жылдын аягында гана ишке ашат, андыктан биз шашылбашыбыз керек. Биз кагаз бетинде эле калбаган керектүү жана үзүрлүү долбоор түзүүгө аракет кылышыбыз зарыл», - деди ал.



20 январда, укук коргоочу уюмдардын арызы боюнча, Кыргызстандын түштүгү Араванда эки адам убактылуу камакка алуучу жайда кыйноого дуушар болуп, андан кийин ал жерден белгисиз жоголушкан деп билдирди АКИpress жаңылык агенттиги. Кийинчерээк Ички иштер министрлиги бул кыйноолор жөнүндө маалыматты жокко чыгарды.


Frontline Updates
Support local journalists