Кыргызстан: Камакка алынгандарга каршы колдонулган зордук-зомбулукту токтотуу тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына болгон үмүттөр.

Адисттердин айтуусунда, кыйноолорго каршы механизм, аны аткарган органдын бийликтен көз карандысыз болгонунда гана ишке ашат.

Кыргызстан: Камакка алынгандарга каршы колдонулган зордук-зомбулукту токтотуу тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына болгон үмүттөр.

Адисттердин айтуусунда, кыйноолорго каршы механизм, аны аткарган органдын бийликтен көз карандысыз болгонунда гана ишке ашат.

Friday, 2 October, 2009
Кыргызстандын укук коргоочулары камакка алынгандарга каршы зордук-зомбулукту токтотууга таасирдүү механизмдер керектигинен шек санабайт.

Кармалгандарга каршы ички иштер кызматкерлери тарабынан талапка жооп бербеген мамиле бүгүнкү күндө кадыресе көрүнүш. Өзгөчө тергөө иштеринин алгачкы маалында укук коргоо кызматкерлери иштин тез арада ийгиликтүү ачылышына кызыктар болот.

Акыркы эле үч жылда Казакстан,Тажикстан, Кыргызстан өлкөлөрүнүн бириккен өкмөттүк эмес уюмдарынын Кыйноолорго каршы Коалициясы такталбаган маалымат боюнча кыйноо колдонулган 83 мыйзамсыз иш каттого алынды. 2008 жылдын апрель айында аяктаган бир жылдык байкоолордун жыйынтыгы боюнча 59 тергөө ишинин 53 сабап-токмоктоо убактылуу камоочу жайда катталды.

Омбудсмендин институтунун кыйноолорду алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Икрам Мамешовдун ою боюнча бул сандар ылдыйлатып берилген. “Катталбаган учурлар бир нече эсеге көп, өзгөчө райондук ички иштер бөлүмүндө кырдаал курч”,- дейт ал.

«Оперативдик-издөө иштеринин башынан кылмыш ишин козгоого чейинки мөөнөт абдан кооптуу. Дал ушул учурда кармалгандарга каршы сабап-токмоктоо колдонулат,-деди Мамешов”.

Мындай мыйзам бузуулар көнүмүш болуп калган деген пикирлер бар.

«Милицияда менин агам күнөөнү мойнуна алгыча сабай беришти,”- дейт IWPRге берген өзүнүн интервьюсунда фамилиясын атагысы келбеген Валерий. Анын айтуусунда агасы кылбаган кылмышы үчүн эле жазага тартылды. “Кыйноолор аркылуу каалаган күнөөнү адамдын мойнуна илсе болот”.

«Чыныгы кылмышкерлер пул төлөп кутулуп, эркиндикте ээн басып жүрүшөт. Бирок кылмыштуулуктун ачылыш сарэсеби (статистика) жакшы болушу үчүн алардын ордуна башка бирөө отурушу керек», -дейт Валерий.

Сабап-токмоктоо болгонун далилдөө өтө кыйын, анткени милиция кызматкерлери абактагы адам кармоо учурунда каршылык көрсөтүп жараат алган, же камерада бирге отургандардан таяк жеди деген шылтоону айтып кутулуп кетиши мүмкүн дейт Мамешов.

Мамешовдун ою боюнча профессионалдык этиканы одоно бузуп, көрсөтмө берүү үчүн кыйноо колдонгон милиция өзүнүн ишти алып баруудагы жөндөмсүздүгүн, күч колдонбой, башка ыкма менен далилдерди таба албаган алсыздыгын билдирет.


«Дүйнөдө заманбап техниканын жардамы менен ДНКны бирдейлештирүү ыкмалары бар. Биздин республикада андай жабдыктар азырынча жок. ДНКнын талдоосун жасатуу үчүн коңшу Казакстанга жиберүүгө туура келет. Ал чыгымдардын баарын, күнөөсүздүгүн далилдөө үчүн шектүү деп табылган адамдын туугандары жабат», - деди Мамешов.

Милиция кызматкерлери баш ийген ИИМнин маалымат кызматынын катчысы Бакыт Сеитов өзүнүн IWPRге берген жообунда, “Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгону милиция зордук-зомбулук ыкмаларын колдонуп шектүү адамдардын күнөөсүн мойнуна алдырган учурларын уккан эмесмин”,- деп ишендирди.

Алгач шектүү адамдар Ички Иштер Министрлигинин карамагында болуп камакка алынат. Андан кийинки сотко чейинки тепкич - Тергөөчү Жай. Ал институт да түрмөдөй эле ИИМдин карамагында болот.

Адилеттүүлүк Министрлигинин Жазаны аткаруу Башкармалыгынын камакка алынгандарды тарбиялоо жана укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы күч колдонуу фактыларын четке кагат.

”Февраль айындагы жүргөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, биздин мекемелерде күч колдонулбагандыгын болгон жоопкерчилик менен белгилеп кетем”,-деди ал IWPRге берген маалыматында.

Мукаевдин айтуусунда, акыркы жылдары Кыргызстандын жаза аткаруу мекемелеринде олуттуу өзгөрүүлөр болду. Азыр ГУИН жараандык коом менен шериктештикке даяр. “Эгер мурун текшерүүлөр жылына бир жолу эле болсо, азыр биз камакка алынгандардын укугу бузулууда деген ар бир арызды кайдыгер калтырбайбыз. Ошондой эле кыйноо чаралары колдонулгандыгы жөнүндө жазакер гана эмес анын жактоочусу, туугандары да арызданса болот”.

Ага карабай милициянын да жаза аткаруучу органдардын да иши коомчулукка жабык бойдон калууда.

“Эркиндик добушу” коомдук фондунун координатору Эрнс Жапаровдун ою боюнча, Өкмөттүк эмес коомдордун түрмөлөрдү текшерүү жөнүндө суроо-талаптары жоопсуз калууда, анткени бийлик бул уруксатты жогорудагы коомдорго ыйгарган юридикалык механизми жок.

Былтыр Кыргызстандын эл аралык келишимге кошулганынан баары өзгөрөрүнө укук коргоочулардын үмүттөрү күч.

Кыргызстан 1996 жылдын бери Кыйноо жана адамдын абийирин кордоо, кемсинтүүгө каршы Конвенциянын мүчөсү. Ошондой эле Кыргызстан 2009 жылдын февраль айында бул документтин факультативдик протоколун ратификациялоонун кошумча милдеттемесин алды.

Кошумча протокол жазалоо жайларын “көз карандысыз эл аралык жана улуттук топтору тарабынан үзгүлтүксүз текшерүү системасын түзүшү керек”.

Чет элдик текшерүү тобунун Кыргызстандын түрмөлөрүнө кирүүгө уруксат алышы менен жергиликтүү Өкмөттүк эмес коомдор да жазалоочу жана алдын ала камоочу жайларга кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, укук бузуу тууралуу арыздарды кабыл алууга жана аларды адилеттүү чечүүгө уруксаат алаарына ишенет.

«Мындай механизмдин пайда болушу жараандык коомдун өкүлдөрүнүн жабык мекемелерге тоскоолдуксуз кирүүсүн шарттайт. Ал, өз кезегинде, укук коргоо органдарынын жоопкерчилигин жана профессионалдык деңгээлин жогорулашына өбөлгө түзөт”,-дейт Жапаров.

Ал механизм кандай калыпта ишке ашаары али талкуулоо баскычында турат. Балким кыйноолорго каршы улуттук комиссиясы түзүлөт же, «омбудсмен плюс» деген модель пайда болушу ыктымал. Акыркы идеяга байланыштуу омбудсмен кыйноолорго каршы мониторинг борбору көзөмөлдөгөн аймактык мониторинг топтору менен биргеликте иштейт.

Кыргызстандагы омбудсмендин мекемеси мамлекеттик казына тарабынан каржыланганына карабастан, ал коз карандысыз өз пикирине ээ офис экенин далилдөөгө жетишти. Ага февралда омбудсмендин мекемеси тарабынан даярдалган былтыркы көчө жүрүмгө(демонстрация) каршы милициянын кармалгандардан көрсөтмө алуу үчүн укук бузуп, күч колдонгондугу тууралуу сын пикир көз караштагы каты мисал болот.

“Жараандар паракорлукка каршы” Коомдук уюмдун жетекчиси Толекан Исмаилованын ою боюнча, бул кыйноо чараларын колдонуу маселеси сылык сыпаа чечилип, механизм туура түзүлүшү абзел, анткени Кыргызстандын саясий чөйрөсү өтө уюлдаштырылган. Анын айтымында, бул механизм бейтараптуу иш алып барып, жана анын иштешине өкмөт, президент Курманбек Бакиев өзү кызыктар болгондо гана мүмкүн.

”Кыйноолорду алдын алуу институту мамлекеттен көз карандысыз, бирок ошол эле учурда мамлекеттин душманы болбоого тийиш”,- деди Исмаилова.

Мамешов, ага караганда, коом тарабынан көзөмөлдү жогорулатуу иштери мыкты натыйжаларды алып келерине ишенет

«Эгер тергөөчүлөр иши көзөмөлгө алынып, алардын ар бир кыймылын жараандык коомдун өкүлдөрү текшерээрин билсе, жазасыз мыйзам бузууга барбайт», - деп билдирди Икрам Мамешов.
Frontline Updates
Support local journalists