Депутаттын өлтүрүлүшү Кыргызстанды кыжаалаттандырууда
Укук коргоо органдары тергөө иштеринде парламент мүчөсү Санжарбек Кадыралиевдин өлтүрүлүшүнүн бардык мүмкүн болгон мотивдеринин караштырылып жатканын кабарлашты.
Депутаттын өлтүрүлүшү Кыргызстанды кыжаалаттандырууда
Укук коргоо органдары тергөө иштеринде парламент мүчөсү Санжарбек Кадыралиевдин өлтүрүлүшүнүн бардык мүмкүн болгон мотивдеринин караштырылып жатканын кабарлашты.
32 жаштагы Санжарбек Кадыралиев 14-апрелде өзүнүн үйүнүн жанынан белгисиз бирөө тараптан өлтүрүлгөн. Кыргызстандын ички-иштер министрлигинин (ИИМ) кабарлаганына караганда, ал желкесине тийген бир октон жаракат алган.
Кадыралиев, өкүлдөрү парламентте көпчүлүктү түзгөн жана өлкөнүн президенти Курманбек Бакиев менен тыгыз байланышы бар саясий жүгөндү кармаган “Ак Жол” партиясынын мүчөсү болчу.
Бул депутаттын өлүмү автомобиль кырсыгынан каза тапкан белгилүү саясатчы Медет Садыркуловдун өлүмү кыргыз истеблишментине дүрбөлөң салган соң бир айдан кийин орун алды.
Депутат Кадыралиевдин өлүмү 2005-жылдагы катары менен үч парламентарийдин өлтүрүлүшүнөн кийинки эң алгачкы киши колдуу өлүм болду. Андагы өлтүрүүлөр 2005-жылдын март айындагы ынкылаптан кийинки айларда орун алган.
Тергөөчүлөр маркумдун саясий жашоосуна көңүл коюп жатышкандыктарын, бирок ошол эле учурда өлтүрүүнүн анын бизнеси менен же криминалдык негиздер менен байланышы болушу мумкун деген да ыктымалдуулуктарды караштырып жатышкандыктарын айтышууда.
ИИМдин пресс-кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов, IWPRга маркумдун өлүмү боюнча саясий жана ишкерлик версиялардын каралып жатканын анын парламентке мүчө болгонго чейин эле бизнесмен болгондугу менен байланыштуу экендигин айтты. Бакыт Сейитов укук коргоо органдары бул өлтүрүүгө криминалдык дуйнөнүн катышы болуш мумкун деген ыктымалдуулукту караштырып жатышканы менен, Кадыралиевдин өзүнүн криминалдык дүйнө менен байланышы бар деген ойдон алыс экнендигин тактап кетти.
“Ак Жолдун” мүчөлөрү Кадыралиевдин өлүмүнө пендечилик айтышты.
Ушул партиянын депутаттык фракциясынын жетекчиси Улукбек Ормонов анын маркум кесиптеши “жаш жана перспективалуу депутат ” болгондугун айтты.
“Ак Жол” партиясынын башка мүчөсү Кубанычбек Исабеков, Кадыралиевди спорт менен машыккан мамилечил жана “зыянсыз” адам катары эскерди.
Ал эми “Ак Жол” партиясына кирбеген комментаторлор болсо маркум саясатчы эмес эле бизнесмен болгон деген ойлорун айтышты.
Саясат таануучу Токтогул Какчекеев, Кадыралиевдин алдыңкы парламентарий деле болгон эмес экендигин белгилеп, бул окуя менен алдыда келе жаткан, учурдагы президент Бакиев өз талапкерлигин коюга ниеттенип жаткан президенттик шайлоолордун ортосунда байланыш бар болушуна шек саноодо.
Ошондой эле IWPRдын суроолоруна жооп берген аналитиктер, бул өлтүрүүнүн бир ай мурун Медетбек Садыркуловдун өлүмүнө алып келген автомобиль кырсыгына катышы бар деген ойдон алыс. Укук коргоо органдары Садыркуловдун өлүмү кокустуктан болгонун айтышып, айрым оппозиция лидерлеринин бул өлүм саясий өлтүрүү болгон деген тастыктоолорун четке кагышты.
(Дагы кененирээк маалыматты 2009-жылдын 16-мартындагы RCA № 570 чыгарылыштагы Кыргызстан:экс-чиновниктин өлүмү бийлик менен оппозициянын ортосундагы жарды дагы кеңейтти макаласынан окуңуз).
Ушул жылдын январь айында кызматтан бошогонго чейин Садыркулов президенттик администрация башчысы болуп иштеп келген, божомолдоолорго караганда ал кызматтан бошогондон кийин оппозиций өкүлдөрү менен жолугуша баштаган.
Булардан тышкары, саясатчы, Социал-демократиялык партиясынын парламенттеги мүчөсү Руслан Шабатоевдин да былтыркы жылдын сентябрь айында белгисиз кайып болуп кетиши боюнча тергөө иштери алыска барган жок.
Андан мурдараакта, тактап айтканда 2005-жылдын жай жана күз айларында, парламент мүчөлөрүнө бир нече кол салуулар болгон; июнь айында күндүз эле Жыргалбек Сурабалдиев атылган болчу, мурунураак Кадыралиевдин тарапташтары менен салгылашууга катышкан, парламент мүчөсү Баяман Эркинбаев өлтүрүлгөн болчу, ал эми октябрь айында түзөтүүчү колонияга зыярат учурунда Тынычбек Акматалиев өлгөн болчу. (Сурабалдиев, Эркинбаев, жана Акматбаевдин өлүмдөрү жөнүндө кененирээк маалыматты Бишкекте Акаевчил депутат өлтүрүлдү; Кыргызстанда белгилүү ишкер жана депутат өлтүрүлдү; Жана кыргыз колониясындагы козголоң саясий бороон жаратты макалаларынан окуңуз).
2005-жылдагы үч өлтүрүүдөн кийин сыяктуу эле, Кадыралиевдин өлүмүнөн кийин да өлкөдө криминалдык дүйнөнүн ортосунда тыгыз байланыш бар деген имиштер жөнүндө күбүр-шыбырлар орун алды. Көптөрдүн ою боюнча, мындай эки дүйнөнүн ортосундагы байланыш 2005-жылдын март айындагы ынкылаптан кийин болгону күч алды жана зордук-зомбулуктун өсүшүнө алып келди.
“Криминалдык дүйнө жана бийлик бири-бирине жанаша жүрүшөт, деди оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын мүчөчү Ташболот Балтабаев. – Ошон үчүн атышуулар, буюртма киши өлтүрүүлөр уланат”
Саясат таануучу Жолборс Жоробеков, бул окуя боюнча шашылыш тыянактарды чыгаруудан сактанууда.
“Качан гана Кыргызстанда бир жагымсыз окуя болбосун... бул оппозициялык саясатчыларды кубандырат, анткени алар бийликтин дарегине сын-пикирлерин айта алышат, -дейт ал. - Кадыралиевдин өлүмү окуясында да баары кайталанууда. Өз алдынча саясатчылар шыр эле бийлик криминал менен байланышкан же Кадыралиев өзү криминалдык дүйнөдөн чыккан деген божомолдорду жасай башташты”.
Жоробеков бийлик сынчыларын өздөрүн карманууга жана “трагедиядан пайдаланып өздөрүнө саясий салмак топтобоого” чакырды.
Кыргызстандын парламенти коопсуздук органдарынан 17-апрелде Кадыралиевдин өлүмү боюнча тергөө иштериндеги жылыштар жөнүндө кабар берүүлөрүн талап кылды.
Анара Жусупова жана Айдай Токонова – Кыргызстандагы көз карандысыз репортерлордун псевдонимдери.