Чегара маселеси коңшулаш кыргыздарды жана өзбектерди түйшүккө салууда

Өлкө түштүгүндөгү мамлекеттик чегара сызыктарынын эмдигиче такталбашы, коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы оор саясий мамилелерден улам татаалданууда.

Чегара маселеси коңшулаш кыргыздарды жана өзбектерди түйшүккө салууда

Өлкө түштүгүндөгү мамлекеттик чегара сызыктарынын эмдигиче такталбашы, коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы оор саясий мамилелерден улам татаалданууда.

. Мындай удаасы менен орун алган талаш-тартышта жаралган өз-ара түшүнбөөчүлүк же карама-каршылык жергиликтүү жашоочулар эле эмес, чегарачыладын да өз-ара мамилесинин татаалдашына алып келди.



17-январда кыргыз чегарачылары Чек айылындагы чегара сызыгынан өтүп кеткен өзбекстандык эки чегара кызматкерин колго түшүрүшүп, «чоочун өлкө чегине өтүп кетишкен», - деп күнөөлөшкөн. Көп өтпөй Кыргызстандын Чегара кызматынын маалымат кызматы билдиргендей өзбек чегарачыларына мекендештери кошулуп кетишип кыргыздарды ташкесекке алышкан. Натыйжада Кыргызстандыктарга карата күтүлбөгөн жерден ок атылып, бир кыргыз атуулу жарадар болгон.



Кыргызстандын Чегара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков, болуп өткөн жагдайды ачыктоо максатында ал 18-январда Өзбекстандын чегара кызматынын өкүлдөрү менен жолугушкандыгын IWPRга маалымдады. Ошондой эле ал өзбекстандык солдаттар «чегара сызыгын бузган жокпуз» - деп актанышкандыгын кошумчалады.



Мындай жолугушуу андан төрт күн илгери орун алган кагылышууну жөнгө салуу үчүн 6-январдагы жолугушуудан кийин экинчи ирет өткөрүлгөн. Биринчи кагылышууда өзбекстандык чегарачылар кыргызстандык эки чегарачыны колго түшүрүшүп, жергиликтүү милиция кызматына өткөрүп беришкен.



Турусбековдун айтымында, кыргызстандык эки чегарачы Актам айылындагы чегара сызыгын текшерип жүрүшүп, чегарадан өтүп кеткен чоочун өлкөгө тиешелүү уйларды көрүшөт. Чек айылы сыяктуу эле Актам айылы да Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда орун алып, аны дарыя экиге бөлүп турат. Анын бир бөлүгү Өзбекстандын Андижан облусуна тиешелүү болуп, айыл өзбекче Октам деп аталат.



Көрсөтмөлөргө ылайык чегарачылар уйларды Өзбекстандын аймагына айдап жөнөшкөн. Бул учурда аларды 15-20дай жергиликтүү тургундар курчап алышкан. «Өмүрүнө коркунуч туулган чегарачылар бир нече жолу абага эскертүү огун атууга аргасыз болушкан», - дейт Турусбеков.

Көп өтпөй өзбекстандык тургундар эки чегарачынын куралын тартып алышып, аларды жергиликтүү милицияга өткөрүп беришкен. Ал жерде алар 6-январга чейин кармалышкан.



Бул окуядан көп өтпөй ал жерге Кыргызстандагы «Эгида-Шанс» укук коргоо уюмунун башчысы Елена Иванова барып келген, ал IWPRдын кабарчысына эмне үчүн аталган чегара сызыгы талаш-тартыштын очогу болуп жаткандыгын түшүндүрүп берди.



Анын айтымында, Актам/Октом айылдары Совет биримдиги мезгилинде бир эле айыл болгон. 1991-жылы аталган айылдын ортосунан өткөн чакан дарыя көз каранды эмес эки өлкөнүн ортосундагы чегара сызыгы болуп аныкталган. Иванованын маалыматында, бул аймакта чегара сызыгы аныкталып, атайын чегара тосмолору коюлбагандыктан эки өлкөнүн малынын ары бери өтүшү кадимки көрүнүшкө айланган.



Ошондой эле Иванова өзбекстандык жарандар кыргызстандык эки чегарачы алардын малдарын өздөрү тарапка айдап жөнөгөнүнө нааразы болушуп жогорудагыдай аракетке барышкандыгын айтат.



«Анткени биздин чегарачылар суудан өтүп кеткен коңшу өлкөнүн малдарын айдап кетип, камап алышып, мал ээлеринен акча талап кылышып көнүп калышкан», - деп кошумчалады Иванова.



Жогорудагы эки кагылышуу, өткөн жылкы дипломатиялык талашка чейин жеткен окуяны эске салат. 2009-жылы өзбек тарап рейд жүргүзүп, Чек айылындагы үйлөрдү тинтүүгө алган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги рейд учурунда айрым кыргыз жарандарынын үйлөрү да тинтүүгө алынгандыгын айтышып, коңшу өлкөнү сынга алышкан.



Мындай кабар окуянын төркүнүнө түшүнбөй калган Кыргызстандык ММКнын наарызылыгын туудурган. Анткени рейд Чек айылынын Өзбекстан тарабында жүргүзүлгөн. Демек, чегараны бузуу фактысы орун алган эмес. (Бул тууралуу «Кыргыз-өзбек чегарасында орун алган окуя саясий талашты жаратты» деген аталыштагы макаладан окуй аласыздар. RCA №577,15 май 2009 жыл)



Өзбекстандын Наманган облусунун жашоочусу Шерзодомдун айтымында, жогорудагыдай кагылышуулар мал чарбачылыгы менен алектенген чегара райондорунда такай эле орун алат. «Анткени мындай көрүнүш бул аймакта Кыргызстандын чегинде бош жайыттар, ал эми Өзбекстандыктарда тескерисинче мал санынын көптүгүнөн улам орун алууда», - деп кошумчалады ал.



Совет биримдиги мезгилинде административдик чегара сызыктары өтө чоң мааниге ээ болгон эмес. Ошодон бери жергиликтүү фермелер жаңы тартипке көнбөй келишет. Өзбекстандыктар эмдигичекти эле Кыргызстандын аймагына мурдагыдай эле өз малдарын жайып, өткөзсөк болот деп ойлошот.



Бул максатта алар кылымдар бою дарыя өткөн сайды колдонушат. Тилекке каршы учурда ал сай кыргыздарга тиешелүү.

Андижан районунун жашоочусу Одилжандын айтымында, соңку төрт-беш жылда кырдаал абдан курчуп кетти, анткени кыргыз чегарачылары өзбекстандын малын мурдагыдай эркин өткөрбөй калышты.



«Мурда мындай болгон эмес. Кыргыздар мал кайтарган өзбектерге жакшы мамиле кылышчу», - дейт ал. Ошондой эле Одилжан учурда өзбекстандыктар расмий чегара посттору аркылуу Кыргызстан тарапка өткөндө да дыкат текшерүүгө жана суракка алынышаарын кошумчалады.

«Жек көрүүчүлүк эки тарапта тең курчууда. Иш жүзүндө карапайым эл жапа чегүүдө», - дейт ал.



Мындай көрүнүштү полковник Турусбеков да мойнуна алып, чегара талаш-тартышынын башаты жер иштетүү жана жайыт колдонуудан чыгаарын белгилейт. «Кырдаал айрыкча жазгы талаа иштеринде жана жыйым-терим мезгилинде күчөйт», - деп кошумчалады.



Турусбековдун айтымында, жерди жана сууну өз ара макулдашып колдонуу чегара сызыгынын кайсыл жерден өткөндүгү эмдигиче такталбагандыгы менен татаалданууда.



Фергана өрөөнүндө кыргыз-өзбек чегарасынын жалпы узундугу 1400 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күнгө карата анын 900 чакырымы такталып, демаркация болгон. Калган көпчүлүк талаш-тартыш аныкталбаган жерлер чегарада орун алууда.



Анын ичинде он үч жер эмдигиче талаш-тартыш бойдон калып, такай чегара боюнча өкмөттүк комиссиянын талкуусунда келет.

Беш жылдык тыныгуудан кийин чегара комиссиясы декабрдын соңунда Ташкентте кайрадан өз ишин баштады.



Полковник Турусбековдун айтымында, тараптар ортосундагы талаш-тартыш жогоруда айтылган чегара сызыктары аныкталып, такталгыча улана бериши турган иш.



Ич ара карама-каршылыктын дайыма сакталышы жана чакан пикир келишпөөчүлүктөрдүн ири карама каршылыкка өсүп кетүү коркунучу өз мезгилинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик деңгээлдеги оор саясий мамилени чагылдырып тургансыйт.



«Качан эки президенттин ортосундагы мамиле бузулса, бул биринчи кезекте коңшу жайгашкан тургундардын өз ара мамилесине анын ичинде чегарачылардын ошол райондун катардагы жашоочуларына болгон мамилесине таасирин тийгизет», - дейт Өзбекстандын Фергана шаарынын укук коргоочусу Абдусалам Эргашев.



Эргашевдин пикиринде кырдаалды жөнгө салууда саясий эрктүүлүк жетишсиздик кылат. «Тескерсинче чегарачылар жана калган бардык күч орган өкүлдөрүнүн атуулдарга жасаган мамилеси, карапайым калктын өз мезгилинде өз укуктарын коргоого жөндөмсүз катары сезүүсүнө алып келүүдө».



Кыргыз-өзбек мамилесиндеги башкы пикир келишпөөчүлүк таза суудан электр энергиясын өндүрүү маселесине барып такалат. Өзбекстан өз мезгилинде жаңы курулган суу тосмолордон улам миңдеген гектар айдоо аянттарын суу менен камсыз кылган Сырдарыяга кошулган суунун агымынын азайып калуусунан чочулап, Кыргызстандын жаңыдан электр станциясын куруу демилгесине каршы чыгып келет.



Өткөн жылы Бишкектин энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга болгон аракетинен улам расмий Ташкент атайын билдирүү тараткан. Ага ылайык Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эске албай туруп Кыргызстандын бул багыттагы иштерди баштоосуна каршы экендигин билдирген.



Мындан сырткары Өзбек бийлигин өткөн жылы июль айында Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген постсоветтик өлкөлөрдүн аскерий союзунун орусиялык аскерий күчтөрдү Кыргызстандын түштүгүнө жайгаштыруу тууралуу чечими ого бетер тынчсыздандырган. Чынында Өзбекстанды өз чегарасына жакын жерге тез аракеттенүүчү чет элдик аскерий күчтөрдүн жайгашуусу сүйүндүргөн жок.



Бирок коңшулаш чегара тургундары жогорудагыдай ар кандай саясий тирешүүгө, кыжырга тийген текшерүүлөргө карабай чек ара тосмолорунан өз туугандарын көрүү, же кандайдыр бир айыл чарба буюмдарын сатуу же сатып алуу максатында ары бери каттоосун токтотушпайт.



«Кыргызстандын чегара район тургундары тез бышуучу ар кандай жер жемиштерди Өзбекстандан алышат. Кыргызстандык соодагерлер чегарачыларга азыраак тыйын-тыпыр берип, керектүү буюмдарды Өзбекстандан сатып алып, соода кылышат», - дейт Иванова.



Камилла Aбдуллаева – Өзбекстандык журналистин псевдоними, Илья Лукашов – Кыргызстандык көз каранды эмес журналист, Дина Токбаева - IWPRдын Кыргызстандагы редактору.


 

Support our journalists