Блиц-маек: Кубанычбек Исабеков

Блиц-маек: Кубанычбек Исабеков

Thursday, 27 October, 2011

Кубанычбек Исабеков (өз талапкерлигин өзү көрсөткөн)

1. Баш мыйзамды өзгөртүүгө карата көз карашыңыз кандай? Эгер өзгөртүү керек болсо эмнени өзгөртүү керек?

Мен учурдагы Баш мыйзамды колдобойм. Биринчи кезекте аралаш бийликти киргизүү керек .

2. “Манас” аба майданындагы транзиттик борборду калтыруу керекпи?

Эгер макулдашуу 2014-жылга чейин түзүлсө, анда ал аткарылышы керек.

3. Тышкы саясатта эмнеге артыкчылык бересиз?

Биринчи кезекте эң жакын өлкөлөргө, Орусия, Америка жана КМШ мамлекеттери, ЕС, ОДКБ, Шанхай шериктештигине кирген өлкөлөргө артыкчылык бермекмин.

4. Этникалык саясат кандай болушу керек?

Кыргызстандын келечеги кыргыздар тарабынан эле эмес, орустар, өзбектер, кытайлар менен биргеликте курулат. Тынчтыкта жана өз ара түшүнүшүүдө жашашыбыз керек. Кыргызстанда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылган саясат керек.

5. Мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүгө жана улутташтырууга кандай карайсыз?

Кайсыл жерде мыйзам үстөмдүк кылса, мен аны колдойм, ал эми кайсы жерде мыйзамга каршы келген көрүнүштөр болсо, мен ага тескери мамиледемин. Улутташтыруу менен биз чет элдик инвесторлорду эле коркутпастан, ички инвесторлорду да коркутуп жатабыз. Ал эми Акаевдин мезгилинде менчиктештирүү накта талап-тоноо болгон, анткени ишканалар арзыбаган тыйынга сатылып кеткен.

6. Президент болуп калсаңыз, сиздин алгачкы милдеттериңиз?

Биринчи кезекте мен, кошоматчыларды кууп жоготмокмун.
 

Frontline Updates
Support local journalists