Азиза Абдирасулова: Менин дарегиме болгон коркутуулар – адаттагы көрүнүш

Кыргызстанда адам укугун коргоо опурталдуу болуп калды. Бул тууралуу ар кандай кысымдарга жана коркутууларга дуушар болгон «Кылым шамы» («Светоч века») укук коргоо борборунун директору Азиза Абдирасулова кеп салып берди.

Азиза Абдирасулова: Менин дарегиме болгон коркутуулар – адаттагы көрүнүш

Кыргызстанда адам укугун коргоо опурталдуу болуп калды. Бул тууралуу ар кандай кысымдарга жана коркутууларга дуушар болгон «Кылым шамы» («Светоч века») укук коргоо борборунун директору Азиза Абдирасулова кеп салып берди.

Wednesday, 10 March, 2010
IWPR: Сиздин адам укугун коргоо кесибин аркалашыңызга эмне себеп болду?



Азиза Абдирасулова: Мен көп убакыт өзүмдү укук коргоочу деп атай албай жүрдүм. Мындай наамды мага журналисттер беришти. Алгач жолу газета беттерине «укук коргоочу Азиза Абдирасулова айтты…» деп жазышканда мен көпкө чейин таң калып карап, бул чын эле мен жөнүндө болуп жатабы деп түшүнө албадым.



2000-жылы мени «гилдии узников совести» бейформал уюмдун жооптуу секретары кылып шайлашты. Ал уюмдун ичинде мурдагы бийликтин куугунтуктоолоруна дуушар болушкан белгилүү инсандар: Тамара Слащева, Рыспек Өмүрзаков, Замира Сыдыкова (учурда Кыргызстандын Америкадагы элчиси) болушкан. Бир нече ирет жыйналыштарга Данияр Үсөнов (учурдагы өлкөнүн прьемер-министри) жана башка белгилүү инсандар да катышкан.



2002-жылы мен Азимбек Бекназаровду (ал мезгилде камакка алынган оппозициялык депутат) коргоо комитетинин курамында болуп саясий ачкачылыкка катыштым. Ошондо журналисттер мен жөнүндө укук коргоочу катары жаза башташты. Андан кийин жогорудагы уюм сыяктуу «Кыйноолорго каршы кыргыз комитетин» түздүк, бирок адилет министрлиги биздин өлкөдө кыйноо жок деп уюмду каттоодон баш тартты. Ошондон кийин уюмдун кандай аталышына көңүл бурбоо керектигин эске алып «Кылым шамы» деген аталышта өзүмдүн уюмумду ачтым.



IWPR: Биринчи жолу Кыргызстандын атайын кызматынын көңүлү сизге бурулганын качан байкадыңыз?



Абдирасулова: 2001-жылы мен чегара аймактарын коргоо Комитетинин мүчөсү болуп калдым. Ошол мезгилде Кытайга Үзөңгү-Кууш, Жаңы-Жер, бардыгы болуп 120 миң гектар жерди берүү маселеси көтөрүлүп жаткан. Бул деген тоолор, мөңгүлөр жана дарыяларды башка өлкөгө берүү. Ушул мезгилде мен бир Бакай деген киши менен таанышып калдым, көрсө экөөбүз бир райондо жашайт экенбиз.



Биз көчөдө балдарды ойнотуп жүрүп тез-тез жолугуп калчубуз, ал биздин үйүбүзгө келип менин жолдошум, неберелерим менен жакындашып жакшы мамиледе болуп калышты. Бир жолу неберелерим мектептен кайтып келе жатышса машина уруп кетиптир. Бактыга жарашы балдар аман калышты. Бакай ошол күндөн тарта жок болуп кетти. Менин балдарымды уруп кеткен машинаны таппай коюшту.



Андан кийин 2002-жылы парламенттеги оппозициялык депутаттардын кабинетинен атайын тыңшоочу аппараттарды табышты. Бул иш боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын бүтүмүндө «өлүм эскадронунун» курамына кирген кишилердин тизмесинде Бакайдын аты-жөнү жүргөнүн көрдүм. Бул адамдардын тобу бийликке тоскоол болгон адамдарды жок кылуу менен алектенишет экен. Төрт, беш адамдан турган бул тизмеден мага тааныш Бакай Саткыналиевдин аты жөнүн көргөнүмдө аябай таң калдым.



Улуттук кызыкчылыктарды коргоого милдеттүү болгон структура өзүндө ушундай «өлүм эскадронун» кармоосун билгенден кийин, канчалык деңгээлде

коркунуч бар экендигин түшүндүм. Бирок мен буга чүнчүп калган жокмун. Биз кыйноолорго каршы жаңы долбоорубуздун чегинде ИИМдин кызматкерлери менен эле эмес, УККнын кызматкерлери менен да иш алып барууну пландап жатабыз. Биздин иликтөөлөрүбүз көрсөткөндөй эң мыкаачы зордук зомбулук, кыйноолор дал ушул УККнын алдын ала кармоо изоляторлорунда колдонулаары айкын болду.



IWPR: Сиз бийликтин атына кескин сындоолорду байма-бай айтып чыгасыз, коркутуп-үркүтүүлөр да көп орун алабы?



Абдирасулова: Коркутуулар болот, менин сыным эч кимге жага бербейт. Өткөн жылдын 16-июлунда ИИМдин жана УККнын өкүлдөрү катышкан форумда мен биздин атайын кызматыбыз биздин коопсуздугубуз үчүн коркунучка айланып жаткандыгын биринчи жолу айтып чыктым. Ал мезгилде мен өлкөнүн түштүгүнөн жаңы эле кайтып келгем. Менде Өзгөндө жана Жалал-Абадда болгон операциялар тууралуу толук маалымат бар эле. Ал тургай жеткиликтүү фактылар жана каза болгондордун аты-жөнү да бар болчу.



Өзгөндө атайын операция мезгилинде терроризм менен күрөшүү деген шылтоо менен атайын кызматтын адамдары Мамадалиевдердин үй-жайын толук өрттөп жиберишкен. Айыл тургундары нааразылыктарын билдиришкен. Бул үйдү ал үй-бүлө 20 жылда куруп бүтүрүшкөн. Ал үй-бүлөнүн 5 баласы болгон. Күч кызматкерлери өздөрүнүн үйдү өртөп салган ишин актоо максатында ал үй-бүлөнүн атасын жана чоң баласын террористтерге көмөк көрсөткөн деп күнөөлөшүп камап салышкан.



Жалал-Абад шаарынын тургуну Сатыбалдиевдин эки баласын өлтүрүп салып, атайын кызматтын кызматкерлери коомчулукка - алар Пакистандан согуштук машыгууларды өтөгөн Өзбекстандын жараны деп маалымат беришкен. Мунун баары жок жерден ойдон чыгарылган. Биз бардык өлтүрүлгөн адамдардын өздүк иш-кагаздарын окуп карап чыктык. Бир тууган ага-ини Сатыбалдиевдер - Абдусамат жана Абдукаримжан эч качан өлкө чегинен сыртка чыккан эмес, дайыма ошол жерде жашашып, бирөөсүнүн беш, экинчисинин болсо төрт баласы болгон.



Ал эми Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшү боюнча эмнени айтса болот? Учурда Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунда өкүлчүлүк кылып жаткан Казакстандын тышкы иштер министринин Кеңешчиси «журналисттин өлүмүнө Кыргызстандын атайын кызматы күнөөлүү», - деп расмий түрдө Венада айтты. Бул жарандарга болгон коркунуч эмей эмне?



Ал эми бүгүнкү күндө «Хизб-ут-Тахрир» уюмуна мүчө деген күнөөнү кимдерге гана коюшпады. Ким мечитке барса, жоолук салынса алардын баары күнөөлүбү? Ооба алардын ичинде бул партиянын мүчөлөрү бар, бирок алар аны жашырышпайт, бирок күнөө коюлгандардын 80 пайызы эч кандай күнөөсү жок адамдар болуп жатпайбы. Дагы бир учур - ким азыр ушул партиянын жаман жактарын айтып, ал партияга кирбөөлөрүн суранып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат? Эч ким. Ал эми карапайым калк анын кийинки коркунучтуу кесепеттерин аңдап түшүнө бербейт да.



Ошондо мен билдирүү жасагандан эки саат өтпөй биздин кеңсебизге атайын кызматтын кызматкери келип, мени бул маселени экинчи көтөрбөөмдү, андай болбогон учурда мага каршы кылмыш иши козголоорун эскертти. Кийин билишимче ал терроризм менен күрөшүү бөлүмүн жетектейт экен. Ушундан көп өтпөй башкы иликтөө жүргүзүү башкармалыгы менин күйөө баламды чакырышты. Аны менин эмне менен алектенгенимди, ашканада менин кандай сүйлөшүүлөрүм болгонун, кайсыл партияны колдоорумду жазып берүүгө мажбурлашыптыр. Менин кызматкерлеримди, кызымды чакырышты. Кызыма менин эмне менен алектенип жатканымды билишээрин, мага карата «тыңчы» деген статьянын алдында кылмыш ишин ачаарын айтышыптыр.



IWPR: Сиз «Ноокат окуялары» боюнча камакка алынгандардын укуктарынын бузулушу тууралуу көп айтып келесиз. Кыргызстандагы мусулмандардын укуктарынын сакталышы боюнча кеп салып берсеңиз?



Абдирасулова: Мен мусулмандардын гана укуктары бузулууда деп айткандан алысмын. Биздин дин жөнүндөгү мыйзамыбыз жаман эмес. Бирок исламды ар ким ар кандай кабыл алат. Кээ бирлери фанат катары кабыл алат, дааватка барышат, аялдары жоолук салынышса, эркектери сакалдарын өстүрүшөт. Башка бирөөлөрү ички дүйнөсү менен ишенишет, кээде мечитке барышат, сыртынан эч кандай өзгөчөлөнүшпөйт. Азыркы мезгилде ким фанаттык түрдө берилсе калың элдин арасынан кийими, сырткы кебетеси менен эле өзгөчөлөнүп билинип калды.



Бизде сакал өстүрүүгө же биздин элдин салтына жат болгон узун мусулман көйнөктөрүн кийүүгө эч кандай тыюу салуулар жок. Бирок дал ушул белгилер тартип коргоо кызматкерлеринин көңүлүн буруп, ошол адамды кармап камап салуусуна шылтоо болууда. Негизги көйгөй, бизде ислам боюнча эксперттердин жоктугу. УККнын жана ИИМдин 9-бөлүмүнүн кызматкерлери Куранды жакшылап окуп чыгышса жакшы болмок, ошондо алар эмне себептен ал адамдарды камакка алып жаткандарын билишмек.



Бизде мындай бир окуя болгон. Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери өзбекстандык качкынды, жанына диний маанайда жазылган китепти алып жүргөнү үчүн кармашып, ага кылмыш ишин козгошкон. Мен коомдук коргоочу катары бул иштин жүрүшүнө катышып, ал китептерди карап чыкканыбызда, ал китептер эч кандай «Хизб-ут-тахрир» уюмуна тиешеси жок эле кадимки диний китеп экендигин тактадык. Атайын кызматтын адамдары латын тамгалары менен өзбекче жазылган тексттерди көрүп эле ал баланы кармап камап салышыптыр. Ошондо биз ал баланы эркиндикке чыгара алдык.



IWPR: Сиз өз билдирүүлөрүңүздү өтө эмоциялуу жана курч мүнөздө билдиресиз. Бийлик менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү болсо колдоносузбу?



Биз бийлик менен тыгыз кызматташабыз. Чиновниктер жана күч органдары менен расмий түрдө маалымат алмашуулар болот: (Акыйкатчы Турсунбек Акун , ГУИНдин өкүлчүлүгү, соттор, президент). Бизде активдүү кат алышуулар болуп турат. Бийлик да биз менен байланышка чыгып маалымат алмашуулар болот. Кээде кат алышуулар менен гана чектелсе, кээде чыныгы чараларды көрүшөт. Анткени биз жазган каттарыбызда сындап эле тим болбостон, жолдомолорду айтабыз, алтернативдүү жолдорду сунуш кылабыз.



Биз уюмдун атынан билдирүү жасаганда алгач аларга кат жөнөтөбүз. Эгер мен бир нерсени айтсам, документтерим папкасы менен дайыма өз жанымда. Биз алдын ала камакка алуу жайларындагы кыйноолор жөнүндө доклад даярдап аны ички иштер министрлигине жана анын бардык райондук бөлүмдөрүнө жөнөттүк.



Биздин уюм - Ички иштер башкармалыгынын шаардык жана райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине окутуу-машыгууларын өткөргөн республикадагы бирден бир уюм болуп эсептелет. Мен ар бир убактылуу изолятордо, кармоо жайларында өзүм болуп келдим жана камакка алынгандар кандай шартта кармалаарын, кылмыштуулуктун деңгээли кайсы жерде жогору экендигин, аскер кызматкерлеринин жашоо шарты кай жерде адам ыйлаарлык абалда экендигин, кай жерде милиция кызматкерлери камактагылардын тамак ашы үчүн суу ташып жүргөндүгүн эң жакшы билем.



Биздин жолдомолорубуздун бири милиция кызматкерлерин шаардан алыскы айылдарга жөнөтүп туруу болгон. Менимче биздин бул жолдомобуздун натыйжасы болгондой. Мен алыскы айылга барып Бишкектен ички иштер башкармалыгынын райондук бөлүмүнүн начальнигин жолуктурдум. Бишкекте мени менен сүйлөшүүнү да каалабаган начальник, ал жерде мени өз досундай кабыл алды.



Милиционер цивилизациядан канчалык алыс болсо, ал ошончолук карапайым элге жакындайт. Айыл жериндеги тургундардын турмушу өтө оор болгондуктан качан ал ошол элдин турмушун көрүп кайтканда элдерге болгон мамилеси такыр башкача болуп өзгөрөт. Күч органдары менен биргеликте иш алып баруу зарыл, алардын кетирген катачылыгын көрсөтүп, ошону менен бирге башка жолдорду сунушташ керек. Бир сөз менен айтканда, биргеликте иш алып баруу зарыл нерсе.



IWPR: Сиздин пикириңизде келечекте адам укугунун сакталышы жаатында өлкөнү эмнелер күтүп турат? Ушул тууралуу оюңузду айта кетсеңиз.



Абдирасулова: 2007-жылы апрель митинги учурунда, митингдин катышуучуларын кууп таркатуу максатында аларга каршы атайын заттарды колдонушту, тынчтык митингдин кээ бир катышуучуларын кылмыш жоопкерчилигине тартышты. Баарыбызга белгилүү болгондой ага чейин жазалоонун административдик ыкмасы гана колдонулуп келген.



Андан кийин Таластан 12 укук коргоочуга, ошол мезгилдеги премьер-министр Алмаз Атамбаевдин кортежин таш-бараңга алышкан деген айып менен кылмыш иши козголду. Бүгүнкү күндө ошолордун бешөөсү өлкөнү таштап чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Мен абалдын начарлоосун ошол мезгилде эле айткам. Менин божомолум туура болуп жатканына бүгүн өзүм күбө болуудамын. Эгер бийликтин бүгүнкү күндөгү иш-аракетин карап көрсөк абал келечекте мындан да кыйындайт.



Оппозиция жана күчтүү саясий партиялар нейтралдашып калды. Парламенттеги добушка башкаруучу «Ак жол» партиясы гана ээ. Бул бийликтин баары бир адамдын колуна чогулуп калганын көрсөтүүдө.



Кыргызстанда диктатуранын алгачкы белгилери мурда эле пайда болгон. Бүгүн ал аяктоо этабына келип калды. Саясий партиялардан кийин эле журналисттер күчтүү болгон, сөз эркиндиги болгон, бирок алардын баарын жок кылды. Кээ бирлерин рейдерлик жол менен басып алса, башкаларынын эфирдик убакыттарын чектеп салды, кээ бирлерин такыр эле өлтүрүп салышты.



Өткөн жылы журналисттерге 10 жолу кол салуу болду. Алардын үчөө өлүм менен аяктады. Кийинки кезек – бейөкмөт уюмдарда. Парламенттин коммунисттер фракциясынын лидери Масалиев тарабынан «Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам сунушталды. Эгер ал мыйзам кабыл алынса, демократиялык принциптер биротоло унутулаары шексиз. Негизги басым бейөкмөттүк уюмдарга жасалат. Менимче бүгүнкү бийликке биз күчтүү тоскоол болуудабыз.



IWPR: Сиз адам укуктарын коргоо боюнча иш алып барып калганыңызга өкүнбөйсүзбү?



Абдирасулова: Кээде өзүңдү колдоосуз, жардамсыз калган адамдай сезген учурлар болот. Элдер жардам сурап келишет, а сен болсо кантип жардам беришиңди билбейсиң. Мамлекеттик машинанын канчалык ырайымсыздыгын сезесиң. Ошол учурда мен өкүнбөйм, бирок - «эгер менин жардамыма муктаж болуп жаткандарга жардам бере албасам, анда мындай иштин кимге кереги бар?» -деп өзүмө өзүм суроо берем.

Качан алар өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтып келгенде ишке киришип, кайрадан аларга жардам бере баштайм…

Frontline Updates
Support local journalists