Америкалык база Кыргызстанда калышы мүмкүн

Ооганстандын лидери Талибан кыймылына каршы күрөшүүдө эл аралык күчтөрдүн колдоо көрсөтүүсүн кеңейтүүнү өтүнүүдө.

Америкалык база Кыргызстанда калышы мүмкүн

Ооганстандын лидери Талибан кыймылына каршы күрөшүүдө эл аралык күчтөрдүн колдоо көрсөтүүсүн кеңейтүүнү өтүнүүдө.

, америкалыктардын калып калуусун жышааналаган белгилер пайда болууда.


4-июнда Кыргызстандын президентине Ооганстандын президенти Хамид Карзай өлкөсүндөгү Талибан кыймылына каршы күрөштө маанилүү роль ойногон “Манас” аэропортундагы базаны жаппоону өтүнгөн каты менен кайрылган.



Аналитиктердин ою боюнча, Карзайдын каты Кыргызстанда базаны калтырууну көздөгөн Вашингтондун иш-аракеттеринин бир бөлүгү.



Кыргызстандын президентинин алдындагы катчылыктын жетекчисинин орун басары Максим Каганер мындай кат алынганын тастыктап, Карзайдын Ооганстандагы абал жөнүндө тынчсызданып, “бул суроо бүткүл Азия көйгөйүнө айланып кетиши мүмкүн” деген божомолдоолорун белгилеп өткөн.



Кыргызстандык кызматкерлердин айтуусунда, 11-июнда АКШнын президенти Барак Обама президент Бакиевге эки тараптык кызматташууга чакырган кат жөнөткөн. Бирок, анда базага тиешелүү маселе каралган эмес.



2001-жылы америкалык коалиция Ооганстанда аскердик иш-аракетерди жүргүзүүдө материалдык жана техникалык жактан кам көрүү максатында “Манас” аэропортундагы базаны ижарага алган. База жүктөрдү жана аскер күчтөрун ташуучу учактар токтоочу пункт, күйүүчү май менен камсыз кылуучу жай жана башка керектүү кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонулат.



Ушул жылы америкалыктар Ооганстандагы аскерлеринин санын 2 эсеге көбөйтүп, 60 миңге жеткирүүнү көздөшүүдө. Пакистан-Ооганстан жолдорундагы Талибан кыймылынын өкүлдөрүнүн кол салуулары кескин өскөндүгүн эске алсак, түндүктөн тарткан аба жолдорун түзүү басымдуу аргумент болмокчу.



Февраль айында Кыргызстандын парламенти базаны жабууга добуш берип, 7 жылдык иш-аркеттеринен кийин учурда анын керектүүлүгү жок деп түшүндүрүшкөн.



Парламент президент Курманбек Бакиевдин Москвага болгон сапары учурунда базаны жабуу боюнча жасаган жарыялоолорунан кийин мындай чечимге келген. Бул сапарда президент Россия тарабынан карыз акча жана 2 миллиард доллар өлчөмүндөгү инвестициялардын берилиши жөнүндө ырасталган. Бир катар аналитиктер Бакиев америкалык базаны Россиянын саясий жана каражаттык колдоосуна айырбаштап жиберди деп тастыктап келишкен. ( Кыргызстан: Насколько неизбежно закрытие американской базы? (Кыргызстан: америкалык базанын жабылышы канчалык деңгээлде кайтарылгыс?) , RCA №565, 5-февраль 2009-жыл.)



Мыйзамга ылайык, 180 күн ичинде, башкача айтканда 2009-жылдын 18-августунда америкалык аскерлер Кыргызстандын чек арасынан чыгарылышы керек эле.



Аналитиктердин божомолдоолоруна ылайык, базаны чыгаруу боюнча чечим чыгарылган менен, өлкөдө АКШнын аскердик катышуусу дагы да талкууга алынмакчы.



Алардын айтуусунда, аймакта таасири күчтүү Россия кыргыз-америкалыктардын сүйлөшүүлөрүнө катышып жатканы же катышпаганы бүдөмүк.



Кыргызстан сүйлөшүүлөргө даяр экендигин 4-мартта президент Бакиев ВВСге берген интервьюсунда билдирген. Президенттин айтымында,сүйлөшүүлөргө “эшик жабык эмес” жана анын администрациясы Вашингтондун бардык сунуштарын карап чыгууга даяр.



Кыргызстандын парламентинин чечимине жооп иретинде 19-февралда НАТОго кирген өлкөлөрдүн министрлеринин жолугушуусунда АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс: - “ Мен бул суроо жабык деп эсептебейм. Бул суроону экинчи ирет көтөрүп чыгууга жана жаңы келишим түзүүгө мүмкүндүк бар”,- деп билдирген.



Бишкектеги аналитиктер Карзайдын катынан тышкары, америкалыктар Турциянын президенти Абдуллах Гүлдү да бул маселеге ортомчу катарында кийлигиштиргенин белгилешет.



Гүлдүн Кырыгзстандагы сапарынын башкы маңызы америкалык базага тиешелүү болбосо да, жолугушуулардан кийин Ооганстандагы абал жөнүндө суроолор да каралгандыгы маалымдалган.



“Бул өлкөдөгү кырдаалды стабилдештирүү үчүн бардык аракеттерди кылышыбыз зарыл”, - деп жарыялаган Турциянын президенти.



“Турциянын президенти Кыргызстанга көптөн бери келбегенин эске алсак, АКШ түрк президентин кыргыз кесиптеши менен сүйлөшүүгө жиберген деген ырастоолорду айтса болот”, - дейт аналитик Марс Сариев IWPRга.



Бакиевдин пикири боюнча келечектеги сүйлөшүүлөрдө “жаңы шарттарды” талкууга алуу зарыл.



Саясаттаануучу Марат Казакпаевдин 24.kg маалымат агенттигиндеги билдирүүсү боюнча америкалык аскерлер өлкөдөн чыгарылат. Бирок, “Манас” Ооганстанга жөнөтүлүүчү гуманитардык жүктөрдү өткөрүүчү жай катарында колдонулмакчы.



Талкууга алынуучу дагы бир маселе - акча каражаты. Вашингтон азыркыга чейин 17,4 миллион доллар ижара акы төлөп келген. Ал бир жылдык 150 миллион өлчөмүндөгү жардамдын бир бөлүгү.

Сүйлөшүүлөрдү жандандырууга дагы бир себеп - Ооганстандагы коопсуз абалдын курчушу.



“Мурда россиялык эксперттер жана биздин президент Ооганстандагы аскердик иш-чаралар аяктады. Эми, базанын кереги жок деп айтып келишкен. Силер азыр өзүңөр көрүп тургандай, алар жаңылышкан. Ооганстандагы абалды жакшыртуу жана тынчтыкты орнотуу үчүн көп убакыт керек”, - дейт коопсуздук суроолору боюнча эксперт Орозбек Молдалиев.



Саясаттаануучу Марс Сариев айтымында аба транспорту үчүн “Манас” ылайыктуу вариант.



Жакында кабыл алынган келшимге ылайык, Түштүк Корея Өзбекстандагы “Навои” аэропортун ижарага алып, Ооганстанга жүк ташуучу НАТОнун учактарына транзиттик кызмат көрсөтмөкчү. ( Узбекистан открывает аэродром в Навои иностранцам (Өзбекстан чет өлкөлүктөргө Навоиде аэродром ачууда), Борбордук Азиядагы жаңылыктар түрмөгү, 15-май 2009-жыл.)



“ База америкалыктарга абдан керектүү. “Манас”– оор жүктүү учактарды кабыл ала алган аймактагы жалгыз аэропорт. Америклыктар өзбек аэропорту “Навоини” база кылууга аракеттенишүүдө. Бирок, аны оңдоо-түзөө иштерине бери дегенде 2-3 жыл керек”, - дейт Сариев.



Аналитиктердин айтымында, Карзайдын каты президент Бакиевдин чечимин өзгөртүүнү көздөгөн аракет эмес, ал жашыруун жүргөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтоочу абалга жеткенин түшүндүрөт.
Алардын ою боюнча, Ооганстандын президентинин өтүнүчү Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан база боюнча мурдатан кабыл алган чечимдин өзгөрүп кетишин коомчулукка түшүндүрүүгө көмөкчү болмокчу.



“Чечим кабыл алынган. Кыргызстандын бийлигинин алдында бул чечимди негиздөө милдети турган. Карзайдын каты бул стратегиянын бир бөлүгү катарында баардыгына чекит койду”, - дейт Эл аралык кризистик топтун (International Crisis Group) Борбордук Азиядагы долбоорунун директору Пол Куин-Джадж (Paul Quinn-Judge).



Марс Сариев мындай пикирге кошулуп, Карзайдын каты бардык тараптар - АКШ, Россия жана Кыргызстан бирдиктүү чечимге келишкенин түшүндүрөт деп билдирет.



“Манас” базасын чыгаруу айкын, так чечилген маселе болгондо, Карзайдын кайрылуусу жөнүндө эч ким деле билбей калмак. Кыргыз өкмөтү акырын гана дипломатиялык жолдор аркылуу жооп жазып жибермек”, - дейт Сариев.



Аналитиктердин айтымында, америкалык базанын келечеги жөнүндө кабыл алынган акыркы чечим жакында боло турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде жарыяланат. Курамына Россия, Кытай жана төрт Борбордук Азия өлкөлөрү кирген эл аралык уюмдун саммити 16-июнда россиялык шаар Екатеринбургда өтмөкчү.



Урматбек Ташматов, Бишкек, IWPRда тренингден өткөн журналист.

Frontline Updates
Support local journalists