Абдумалик Шарипов: Укук коргоочу душман дагы, дос дагы эмес-ал жөн эле гана жумушун аткарат.

Абдумалик Шарипов: Укук коргоочу душман дагы, дос дагы эмес-ал жөн эле гана жумушун аткарат.

Thursday, 28 January, 2010
. Аймактагы кыйынчылыктар жана өзгөчүлүктөр жөнүндө долбоордун айкаштыруучусу Абдумалик Шарипов айтып берет.

IWPR: Аймактык укук коргоочу уюмдардын борбордукунан өзгөчүлүгү барбы?



Абдумалик Шарипов Албетте, айрымачылык биздин шарттарыбызда, бирок мен аны жакшы жана жаман деп бөлбөйт элем. Борбордун укук коргоочулары аймактыктардан өзгөчөлөнүп, түйүндү маселерди айкын адистештиргенге мүмкүнчүлүктөрү бар. Аймактарда укук коргоо уюмдардын аздыгынан иштеп жаткан уюмдар биздин өлко ратификациялаган эл аралык Пакт жана Конвенциялардын ар тармактуу маселелерин чечүүгө аргасыз.



Бир жагынан адистиги тайкы укук коргоочулар үчүн иштин сапатын мыктоо кыйын, бирок экинчи жагынан аймактык укук коргоочунун маселенин булагына жакындыгында. Биз адамдын укугун бузуулар жөнүндө тереңирээк, жакыныраак билебиз.



Кааалайбызбы жокпу, мындай аймактык өзгөчөлүк биздин иште дагы көпкө сактала бермекчи. Анткени Жалалабад менен айылдардын ортосундагы айырмачылык, Жалалабад менен Бишкектин ортосундагы айырмачылыктай эле билинип турат.



IWPR: Калктын менталитети сиздин жумушка таасирин тийгизеби? Көп жарандар сотко баруудан кооптонуп, өз көйгөйүн чечүүдө тууган салууга аракет кылаары эч кимге сыр эмес.



Абдумалик Шарипов: Бул Кыргызстандын түштүгүндөгу укук коргоочулардын эн чон маселеси. Арыз алуудан мурун биз адамдарды кандай тобокелчиликке барып жатканын эскертебиз. Эгер адам өз арызын аягына чейин жеткирүүнү каалабаса биз кыйнабайбыз. Биздин башкы милдет арыз жазган адамга зыян келтирбөө. Уюмдун тарыхында жарым жолдон арызынан баш тарткан учурла көп болгон. Биз алардын абалын жакшы түшүнөбүз.



Анткени дубалдын бери жагында кичинекей арыз жазуучу менен кичинекей укук коргоочу уюм, ал эми дубалдын ары жагында килейген мамлекеттик машина. Арызынан баш тартуунун себептери сатып алуудан баштап, коркутуп-үркүтүүгө чейин, ар түрдүу болот. Бирок жогорудагы жагдайлардын негизги фактору калктын менталдуулугу, укук таануу сабаттуулугунун денгээлинин төмөндүгүндө. Бул суроодо сөзсүз борбордогу кырдаал жогору турат.



IWPR: Силер дубалдын ары жана бери жагы деп салыштыруу жүргүздүңөр. Силерге күч тузүмдөрү тарабынан кандай калыпта басым көрсөтүлөт?

Шарипов: Албетте дубалдын эки тарабы менен салыштыруу аша чапкандык, бирок ага карабай кыйноо маселелери боюнча карама-каршылык албетте, бар. Кайсы эле укук коргоочу уюм басымды байкабасын. Ал эми ал басым ачык түрдө же жашыруун жана далилдөөго өтө кыйыне болушу бул башка суроо. Биз, кудайга шүгүр ачык басымды байкай элекпиз.



Балким анын себеби, биз мыйзамдан четтебей иштегенибизде болбосун? Андан башка укук коргоо органдарынын жана сот кызматкерлери жабыркаган адамдарды расмий түрдө болбосо да биздин уюмга кайрылууну кеңеш кылышат. Демек, алардын арасында “укук коргоочу элдин жана мамлекеттин душманы эмес” деп туура ой жүгүрткөн адамдар жок эмес.



IWPR: Укук коргоочулар менен бийлик жана күч түзүмдөрүнүн ортосундагы мамиледе кызматташтыкпы же карама-каршылык көппү?



Шарипов: Мен бул суроого: “Укук коргоочунун түбөлүк досу да душманы да жок, алардын тубөлүк кызыкчылыгы бар”,- деп Черчиллдин сөздөрү менен жооп бермекмин.Биздин кызыкчылыгыбыз-бул мыйзамдын үстөмдүгү жана кыйноону эч ким актай албайт деген ишеним. Ал эми бийлик менен болгон карым-катнашта адам укугу сакталышы керек.



Албетте, кайсы бир суроолордо кызматташтык бар биз бир бүтүмго келебиз, бирок принципиалдуу маселелерде соодалашууга жол жок. Биз, мисалы милиция башчысынан Жалалабадга СИЗО куруп бер деп талап кылбайбыз. Анткени, ал мүмкүн болбогон иш. Ал эми “кыйноо жөнүндөгү” маселелерде биз кызматташып же достошо албайбыз. Жалпысынан укук коргоочу дос дагы душман дагы боло албайт, бирок оппозициялык маанайдагы кесип да эмес. Би з ар убак жөн гана адам укугун коргоого милдеттүү экенибизди унутпашыбыз керек.



IWPR: Сиздин уюм көп жылдан бери кыйноо маселелери менен алектенет. өз ишиңиздин жыйынтыгына кандай баа бересиз?



Шарипов: Бир сөз менен айтуу өтө кыйын. Эгер кыйноолорго катышкан күнөөлүү адамдарды жазалоо жана кыйноонун курмандыктарын сот тарабынан коргоонун сарэсебин карасак, өтө алдыга деле жылып кеткен жокпуз. Бирок бул укук коргоочулук начар иштейт дегенди билдирбейт. Тескерисинче, акыркы убакта адамдар кыйноолорго арызданып, укук коргоочуларга көп кайрылып калды. Демек, маселе укук коргоочу менен милициянын ортосундагы тушунбөстүктөн коомдук маанилүү кубулушка чейин өзгөрдү.



Биз кыйноого катышкан милиционерлерге каршы кылмыш ишин козгоонуу талаптаган учурлар болгон. Кыйноо фактысын сотко жеткирүу эле биз үчүн чоң ийгилик, бирок али жеңиш эмес. Бул жерде из олимпадада колдонгон “жеңиш эмес, катышуу маанилүү” деген принципти колдоно албайбыз. Биздин ачык айкын максатыбыз- кыйноону колдонгон күнөөкөрлөрду жазалоо жана адамдын кыйноодон эркин болушу.



Дагы бир ийгилигибиз, милиция кызматкерлери менен бетме-бет маектешүүдө кыйноо маселеси бар экенин мойнуна ала баштады. Ал күч түзүмүндөгү кызматкерлердин укук таануу аң сезиминин өзгөрүшү жөнүндө кабарлайт. Бул багыттагы биздин түпкү максатыбыз-укук коргоо кызматкеррлери тарабынан кыйноону колдонбоо. Мен жогоруда айтып өткөндөй биздин тажрыйбада, кыйноонун курмандыктарын бизге милиционерлер жана сот кызматкерлери өздөрү жөнөтүп турган учурлар катталган. Бул албетте, жакшы жышаан.



IWPR: Сиздин уюм аймактагы диний жана этникалык кырдаалдын мониторингин жүргүзөт. Бул тармактагы азыркы кырдаалга кандай баа берет элеңиз?



Шарипов: Диний жана этникалык кырдаал менен биз ар дайым эмес кандайдыр бир арыз түшкөндө алектенебиз. “Адилеттүүлүк” укук коргоо уюмунун дагы бир максаты этника жан дин арасындагы чыр-чатакты алдын алуу. Бул тармакта биз илимий аналитика менен алектенбейбиз, белгилүү бир иштин түймөгүн чечүүгө аракет кылабыз. Андыктан бул суроого так жооп бере албайм.



Бирок бул маселе боюнча тушкөн арыздардын көптүгун эске салсак, бул тармакта кырдаал начарлап бараткандай. Бийлик кырдаалды оңго салуу боюнча эч кандай кадамдарды кабыл албайт, тескерисинче, аны татаалдатып жатат. Мисалы 2008 жылдын жаз айлары биз жергиликтүү бийликтин мектепте жоолук салынып жүргөнгө тыюу салганы менен күрөшүп келдик.



Тегерек стол өткөрдүк, министрликке чейин кат жаздык, кийин бул маселе чечилбестен эле акырындап “уйкуга кетти”. Диний экстремизм менен күрөшүүнү шылтоосу менен мусулмандардын укугун бузулгандыгы жонүндө айтпай эле коеюн.



Бизди баарынан укук коргоо органдары тарабынан диний жана этникалык тармакта адам укугун көзгө албагандык тынчсыздандырат. Бул суроолор боюнча чыр-чатакты чечүүдө укук коргоо органдарынын одоно күчү эмес, өтө кылдат чечимдер талап кылынат.



IWPR: Сиздин оюңузда аймактык укук коргоочулардын иш-аракеттеринин келечеги кандай болот?



Шарипов: Аймактагы укук коргоо уюмдарынын болушу шексиз-аларда бардык жерде болушу шарттуу. Эң алыс айылдарда укук коргоо түзүмдөрүн ачуу биздин кыялыбыз. Тилекке каршы бул, бирнече себептер менен мүмкүн болбогон иш. Биринчиден толук кандуу уюмдун иштешине каражат жетпейт, экинчиден кесипкөй, иш билги кызматчылардын аздыгы, же такыр эле жоктугу. Үчүнчүдөн бийлик тарабынан укук коргоо талаасында эмгектенген ӨэУдарды туура түшүнбөстүк.



Өөрчүп-өнүгүү келечегибиз, тилекке каршы, кубанаарлык эмес. Укук коргоочулардын көбү- улуу муундун кишилери, ал эми жаш адистер менен толуктоо болбой жатат. Бул бизди абдан тынчсыздардырат. Андан башка биз каалайбызбы, жокпу, укук коргоо ишкерлиги Башка социалык багыттагы ӨэУдардай озүн-өзу каржылай албайт.



Биздин карбарлар калктын эн начар катмары. Андыктан эл аралык донорлор аймактык уюмдарга көңүлүн бурса абдан жакшы болмок. Албетте, борбордогу ири ӨэУга караганда, айылдардагы ондогон майда долбоорлорду колдоо кыйынга турат. Бирок конкреттүү адамга анын пайдасы жана үзүрү бир топ жогору болмок.



Бизди парламенттин коммунисттер фракциясынын чыгааны Исхака Масалиевдин ӨэУдардын ишкерлигин чектөө жөнүндөгү демилгеси кыжырлантты. Ансыз деле биздин ишкерликти мүмкүн болгон ыкмалар менен жабууга аракеттенишет.



Андыктан азыркы күндө келечек жонүндө эмес, мурдагы жылдардагы топтоп келген кудуретибизди сактап калуу жөнүндө сөз кылышыбыз керек.



Мага коммунисттердин чыгаанынын коомдук секторго кылган мамилеси жага бербейт, чыны айтканда ӨэУдар анын партиясына караганда кароапайым калкаа он эсе көп пайда алып келет. Жөн гана иштеп жаткан бир нече уюмдардын жылдык отчету менен Масалиевдин партиясынын отчетун салыштырып көргүлө! Кимдин ким экенин дароо тушүнөсүздөр!









Frontline Updates
Support local journalists