Өзбек согушчандары кайра үйүнө кайтууну көздөшүүдөбү?

Өзбекстан ислам кыймылы коңшулаш Тажикстандын жанына жайгашты, бирок серепчилер уюмдун Борбор Азияга кайтуусунан күмөн санашууда.

Өзбек согушчандары кайра үйүнө кайтууну көздөшүүдөбү?

Өзбекстан ислам кыймылы коңшулаш Тажикстандын жанына жайгашты, бирок серепчилер уюмдун Борбор Азияга кайтуусунан күмөн санашууда.

Wednesday, 18 November, 2009

Маалыматтарга караганда, бул топ түндүк Ооганстандан жаңыланып, башка курам менен Тажикстандын чек арасына кайрадан келди. Жай айындагы бир катар куралдуу чабуулдардан кийин, Өзбекстан ислам кыймылы (ӨИК) Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанга болгон мындан он жыл илгерки кол салууларын кайрадан кайталоого даяр экендей туюлат.


ӨИКтин башчысы Тахир Юлдашев каза болду деген маалыматка карабай, бул уюм ушул убакытка чейин радикалдуу исламчыл ниеттеги бирдиктүү аскердик күч боюнча калууда. Талиптерге санаалаш жана Ал-Каида өңдүү уюмдар менен байланышы бар ӨИК, чындыгында Борбор Азиядагы мурунку советтик мамлекеттерге олуттуу коркунучтун очогу бойдон калууда.


Аймактагы коопсуздук маселелери боюнча эксперттери эске салгандай, Өзбекстан жана Тажикстандагы акыркы окуяларды эске алганда, Өзбекстан ислам кыймылы Борбор Азияда кайрадан баш көтөрө баштады дегенге негиз бар. Бирок, ошого карабастан, серепчилердин сөзүнө таянсак, учурдагы кырдаал Борбор Азиядагы мамлекеттик бийликтердин күчтөрү жетпей кала турган деңгээлге жете элек; Өзбекстан ислам кыймылылыны жолун жолдоочуларынын да саны жетишээрлик эмес.


Эгерде Юлдашев чындап эле каза болсо (акыркы маалыматтардан кийин кээ бирөөлөр бул маалыматтын чындыгынан күмөн санашууда), ӨИК мындан ары “жашап кете алабы” же азыркы калыбында жаңы жол башчы менен калабы, болбосо кыймыл майда топторго бөлүнүп кетеби? - деген суроо туулат.


Ошондой эле кээ бир эксперттердин божомолу боюнча, уюм Ооганстанда өз ыктыяры менен жайгашкан эмес. Себеби Ал-Каиданын башчыларын жок кылуу тапшырмасын аткарып жаткан пакистандык аскердик курал кучтөрүнүн жана америкалык абадагы учкучу жок учактар менен жүргүзүлгөн чабуулдарынан кийин топтун Түштүк Вазиристанда калуусу мүмкүн болбой калган.


ӨЗБЕК СОГУШЧАНДАРЫНЫН ОРУН КОТОРУУСУ


Талибан күчтөрүн өлкөнүн түндүгүнө которуп жаткандыгын эскертип, Ооганстан бийлиги ушул жылдын күзүндө тынчсыздануусун бир нече ирет билдирди. 23-сентябрда журналистер менен болгон маегинде Ооган генералы Мустафа Патанг өлкөнүн түндүгүнө жүздөгөн согушчандар келгенин билдирген.


ӨИКтин күчтөрү ошол согушчандардын арасында бар жана алардын көбү Тажикстан менен чектешкен Кундуз аймагында пайда болгон. Ошондой эле, алар Ооганстандын башка түндүк аймактарында да жүргөндүгү байкалган. 


“Тахир Юлдашевдин адамдары Ооганстандын түндүгүнө келишип, ал жердеги коркунучтуу абалдын себепкери болуп жатышат”, - деп билдирген ушул жылдын күзүндө Джаузджан аймагынын полиция жетекчиси генерал Халилулла Аминзада.


Москвада жашаган Борбор Азия боюнча серепчи Санобар Шерматова Борбор Азия: Исламчыл согушчандардан коргонуунун үч багытыаттуу макаласында өзбек согушчандары жайгашкан жерин алмаштырышканынын себеби, алардын Түштүк Вазиристандагы сепили ишенимдүү коргоочу жай болбой калды деп жазган. Ал эми экинчи себеп – топко Кундуз аймагы ыңгайлуу, эмнеге дегенде бул аймакты алар жакшы билишет.


Санобар Шерматованын божомолуна ылайык, алардын максаты - НАТО жана Ооганстандагы Коалиция күчтөрү колдонуп жаткан түндүк маршрутунун ишин үзгүлтүккө учуратуу. Бул маршрут жакында Борбор Азия өлкө башчалыры өз аймактарын жүк ташуу үчүн колдонууга макулдугун бергенден кийин ишке кирген.


Тажикстандагы саясат таануучуларынын Улуттук бирикмесинин башчысы Абдугани Мамадазимовдун айтымына караганда, ӨИК Пакистандын улам өсүп келе жаткан кысымын сезип жатат. Бул кысым – бир гана мамлекеттик аскерлер же АКШнын аба күчтөрү тарабынан гана көрсөтүлгөн жок. Бул жерде кээ бир жергиликтүү пуштун урууларынын маанайын да эске алыш керек. Мисалы, бул уруулар өз жеринде чет элдиктердин келүүсүн терс кабыл алышканын жашырышпайт. Акыркы жылдардагы билдирүүлөргө таянсак, өзбек согушчандары пуштун ууруларына каршылык күрөш көрсөткөн Байтулла Мехсуддун тарабын алышты.


Мамадазимов ӨИКти, мерген кууп, мына ошондуктан бир жерде көпкө турбай, тез-тез жер алмаштырган “жарадар жаныбар” менен салыштырат.


ӨЗБЕКСТАНДАН ВАЗИРИСТАНГА


Өзбекстан ислам кыймылы 90 - жылдардын башында Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө пайда болгон. Анда Юлдашев Наманган шаарында "Адолат" исламчыл уюмунун башчысы болуп турган эле. Ислам Каримов жетектеген мамлекеттик кысымдын таасири уюмдун мүчөлөрүн өлкөнү таштап кетүүгөө мажбур кылган: алардын көпчүлүгү Тажикстандагы жарандык согушка катышып, ал жерде исламчыл топтор менен өкмөткө каршы чыгышкан. Бул топтор анда Джумабой Ходжаевдин, же болбосо белгилүү Джума Наманганинин буйруктарын аткарышчу.


1997 - жылы тажик чыры бүткөн соң, ӨИК өз алдынча куралдуу күч болуп чыкты, анын максаты - биринчи кезекте өз мекени Өзбекстандагы жана жалпы эле Борбор Азиядагы секулярдык мамлекеттик түзүлүштөрдү кулатуу эле. Ушул максат менен ӨИК партизандары 1999-2000-жылдарда Өзбекстан жана Кыргызстанга бир канча жолу күтүлбөгөн жерден чабуул жасашкан. Бул күтүлбөгөн кол салуулар эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп, аймактагы өкмөттөргө коопсуздуктун жетишсиздиги тууралуу эске салган. Ошентсе да, бул мамлекеттер чыныгы коркунучту сезишкен эмес.


Бул арада уюмдун Ооганстанда базалары пайда болуп, ал өлкөдөгү талиптердин башчылары менен биригүүгө үлгүрөт , ал эми 2001-жылдын акырында америкалык АКШ коалициясы өлкөгө келип, ӨИК Кундуз аймагында каршылык көрсөтөт. Намангани өлтүрүлүп, тирүү калган согушчандар Пакистанга качышкан.


Мурда Юлдашев уюмдун идеологу, ал эми Намангани аскер башчысы болсо, эми Юлдашев башкы лидер болуп чыкты. Шерматованын сөзүнө караганда, ӨИКтин Кундузда жоготуулары көп болгондугу үчүн, Юлдашев стратегиясынын өзгөртөт. ӨИК көңүлүн Борбор Азиядан алыстатып, “Батышка каршы багытталган дүйнөлүк жихадка" кошулат.


ӨИКтин күчтөрү акыркы убакытка чейин Түштүк Вазиристанда жайгашып, маалыматтар боюнча, бул уюм Талибандын Пакистандагы лидери Байтулла Мухсуд менен байланышын үзүлбөй келген. Мухсуд болсо , августтун аягында АКШнын ракета атууларынан жок кылынды.


ӨИК Өзбекстанга таандык экенин баары бир белгилеп келген. Уюмдун Юлдашевдин кайрылуусун камтыган пропагандалык видеоматериалдарында дүйнө жүзүндөгү жихад риторикасы менен катар Борбор Азияга гана мүнөздүү белгилер аралашкан.


Бирок, бүгүнкү күндө, Өзбекстандан ӨИКте канча мүчө бар экендигин айтуу татаал.


Андрей Грозиндин, Москвада жайгашкан КМШ өлкөлөрү Институтунун Борбор Азия жана Казахстан боюнча бөлүм башчысынын айтысуу боюнча, ӨИК “нукура өзбек” уюму болбой калды жана чет элдик жалдангычтардын эсебинен уюштурулган “эң чоң” топ болуп чыкты.


“Бул – жогорку тепкичте турган Талибан жана Ал-Каида уюм башчыларынын колдонгон куралы”, – дейт ал.


БҮДӨМҮК КЕЛЕЧЕК


ӨИКтин келечеги Юлдашев 27-августта АКШнын ракеталык соккусунан кийин жарадар болуп, андан кийин тез арада каза болгондугу кабарлангандан кийин бүдөмүк боло баштаган. Пакистандын Коопсуздук кызматы Юлдашев каза болду деген маалыматты тастыктаган эле: көрсө, бир ай мурун ушундай эле кырдаалда өлтүрүлгөн Байтулла Мехсудка окшоп, ӨИКтин башчысы Юлдашев чындап эле өлтүрүлүптүр.


Ошондой болсо да, азыркы учурда, Юлдашев кайрадан келди деген маалыматтар пайда болуп жатат. 16-ноябрда Вашингтондук Middle East Media Research Institute (Жакынкы Чыгышты Медиа боюнча Изилдөө Институту) ӨИК жакында пропагандылык видео чыгарды, ал жерде Юлдашевдин жарыясы бар деп кабарлоодо.


Бул видеодо эски же жаңы жазуу колдонулганы түшүнүксүз болуп жатат. ӨИКтин өкүлү Юлдашевдин өлгөнүн четке кагып, ал эми бул видео Юлдашев өлдү дегенден берки уюм башчысынын биринчи видео жарыясы.


Кыргызстандагы “Дин, саясат жана коопсуздук” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Орозбек Молдалиев: “Юлдашевди бирөө менен алмаштыруу татаал болот”, - деп ойлойт.


“Бул кыймылга ал 21 жыл өмүрүн берген. Джума Намангани менен бирге алар бири - бирин ийгиликтүү толукташкан, - дейт Молдалиев. – Юлдашевдин өлүмүнөн кийин анын ордуна күрөш болуп, анын жыйынтыгы кандай болуп чыгаары белгисиз, бул бөлүнүп жарылганга алып келеби, же кимдир-бирөө бул кыймылды чыңдайбы?”.


Кыргызстандык Коопсуздук Кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязовдун ою боюнча, Юлдашев “абдан таасири чоң адам” болгон, ал атүгүл бийликтегилерди сыймыктанткан жана өзүнүн айланасына күчтөрдү топтой билген, Борбор Азиянын аймагына чоң таасир бере алган.


Чек өлкөдө жашаган өзбек саясий серепчиси Ташпулат Юлдашев, ӨИК өз ичиндеги карама-каршылыкты жеңе албай “бир нече бөлүктөргө чачылат ” деп божомолдойт. Бирок, ал “демөөрчүлөр” – ушундай уюмдарды акчалай каржылагандар - кыймылды жок болуп таркап кетишине жол бербейт,- деп кошумчалады.


Эгерде кыймыл өзүнүн энергиясын Борбор Азияга бура турган болсо, ӨИК жардам издегенге мажбур болот, себеби азыркы учурда аларды аз адам колдойт дешет серепчилер.


Тажикстандагы “Азия Плюс” гезитинин башкы редактору Марат Мамадшоев кыймылдын таасири ашыкча бааланган деген ойдо.


“Азыркы учурда ӨИК региондун коопсуздугуна чоң коркунучту туудурбайт, - деп айтты ал. – Аймакты көзөмөлдөгөн, авторитардык бийлик, коомдо кеңири катмардын колдоосуна ээ эмес, бирок ошол эле колдоо Өзбекстан ислам кыймылында да жок, кээ бир гана облустарды эске албаганда".


Тажикстандын түндүгүндө жайгашкан Исфарадагы ,“Үчүнчү көз караш” гезитинин башкы редактору Нематулло Мирсаидов мындай пикирге кошулат.


“Террористтик чабуулдарды өткөрүүдөн тышкары уюм коомдун маанайын өзгөртө алчу орчундуу эч нерсе кыла албайт”, - дейт ал.


АЗЫРЫНЧА ТЕРРОРИЗМДИ ООЗДУКТОО ОҢУНАН ЧЫГУУДА


Согушчандар тобу Борбор Азияда аз даражада болсо да ишмердүүлүгүн көрсөтүшүдө. Жаз жана жай ичи мурун Пакистанда жайгашкан куралчан топ чыгыш Тажикстандын тоолуу бөлүгүндө жайгашты. Ал бир катар мамлекеттик коопсуздук күчтөрү менен тирешүүдөн кийин таркатылган. 


Тажикстандын расмий өкүлдөрү билдиргендей, кээ бир согушчандар ӨИК менен байланышкан. Ошондой эле алар мурунку айда укук коргоо органдары ӨИКтин мүчөсү деп шектелген төрт адамдын жок кылынганын жана бирөөсү камалганын кабарлашууда.


Ошондой эле Кыргызстандын түштүгүндө согушчандар жана коопсуздук күчтөр ортосунда бир нече кагылышуулар болуп өттү. Октябрда кыргызстандык чек арачылар Тажикстандын чек ара жагынан өтөйүн деген белгисиз куралчандардын ок атуусуна душар болушкан.


Өзбекстанда укук коргоо органдары бир нече чабуулга дуушар болушуп, каза табышкан.


Ушул жылдын май айынын аягында Анжиян облусунун Ханабад шаарындагы милициянын блок-посту чабуулга душар болгон. Ок атышуунун жүрүшүндө бир милициянын кызматкери жана бир кылмышкер жарадар болгондугун Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кабарлаган. Кийинки күнү Анжиянда белгисиз бирөө өзүн өзү жардырып, натыйжада милиция кызматкери каза тапкан.


Августта Өзбекстандын Ички иштер министирлигинин террорчулукка каршы күрөшкөн бөлүм башчысынын орун басары полковник Хасан Асадов өлтүрүлгөн. Июлда дин кызматкерлерине чабуулдар болгон. “Кукельдаш” медресесинин билим берүү боюнча башчысынын орун басары Аброр Аброров өлтүрүлгөн, Ташкендин башкы имам-хатиби Анвар-кори Турсуновдун да өмүрүнө кол салынып, бирок ал тирүү калган. Мүмкүн, ал экөө мамлекетке жакындыгы үчүн жана радикализмге каршы үгүт жасагандыгы үчүн тандалып алынса керек.


Август айынын аягында Ташкенде коопсуздук кызматы куралчан адамдардын тобун "бурчка такап", натыйжада узак убакытка чейин атышуулар болуп, ар түрдүү булактардын маалыматы боюнча, ал жерде эки же үч согушчан өлтүрүлгөн.


Ушундан улам бул чабуулдардын ӨИК менен байланышы барбы, же болбосо алар уюмдун жалпы планынын бир бөлүгүбү деген суроо туулат.


Мирсаидовдун ою боюнча, так ошондой болушу мүмкүн.


“Балким, бул кагылышуу мамлекеттин күчүн жана коомдун маанайын сынаш үчүн иштелип чыккан операциянын элементидир, – деди ал. - Эгерде натыйжа ийгиликтүү болгондо, кубаттуураак күчтөрдүн чабуулдары болмок. Кагылышуу бекеринен согушчандар (Ооганстандан) кире ала турган жана жергиликтүү эл жардам бере турган жерде болгон жок. Бирок алардын максаты ишке ашпай калды".


Башка серепчилер ӨИКтин же аны менен байланышы бар санаалаш топтордун глобалдуу планы бар экендигинен күмөн санашат.


"Борбор Азияда орун алган террористтик окуялар так уюуштурулган эмес, ойду-келди. Аларды бириктирген бир жетекчи жок жана чынын айтканда, алардын аракеттринде логика жок болуп атат", - деп белгилейт Мамадшоев.


БАШКА УЮМДАР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ


Эгерде иш биз сурамжылаган көптөгөн серепчилердин оюндагыдай болсо, Борбор Азия мамлекеттердеги куралчан чабуулдардын артында турган негизги кыймылдаткыч күч ӨИК болуп эсептелбейт. Анда, аймакта активдүүрөөк аракеттенген башка уюмдар негизги чечичүү ролду ойной алабы?


Региондо бийликтегилер Хизб ут-Тахрирди ар түрдүү зомбулук актыларына катышы бар деп күнөөлөп келишет. Бул уюм динден ажыратылган мамлекеттик башкарууну ислам халифаты менен алмаштыргысы келген радикалдуу көз карашы менен таанымал. Бирок, уюм ар дайым анын аракети зордук-зомбулуктан алыс экендигин баса белгилеп келет.


Көпчүлүк серепчилер Хизб ут-Тахрирдин аймактагы куралдуу чабуулдарга катышуусунун олуттуу далилдери жок экендигин айтышат. Ошондой болсо да, серепчилердин бири, Мирсаидов, уюм “пассивдүү күрөштөн баш тартып, анын мүчөлөрү укук коргоо органдарына чабуул жасашы мүмкүн” деген божомолду келтирди.


Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы ишмердиги туралуу Кыргызстан: положит ли жесткая тактика конец исламскому радикализму? макаласынан таанышсаңыздар болот.


Молдалиевдин пикири боюнча, жактоочулары аз, бирок зомбулуктан баш тартпаган ӨИКке окшош куралдуу түзүлүштөр менен жана өз тарабына көбүүрөөк талапкерди тартууга умтулган Хизб ут-Тахрирге окшогон кыймылдардын ортосун ажырата билиш керек .


Шерматова болсо, Борбор Азияда Хизб ут-Тахрир же Таблиги Жамаат диний уюмдарынын куралдуу чабуулдарга катышаарынан "шек санайт", бирок кээде ушундай уюмдардын дарегине мындай сындар мамлекеттик кызматкерлер тарбынан айтылгандыгын белгилейт.


Ошол эле убакта, радикалдуу ислам динин таркаткан уюмдар жаңы мүчөлөрдү азгырганга аракеттенген согушчандар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн.


“Бул уюмдар радикалдуураак топтордун катарын толуктайт деп божомолдошот бийликтегилер. Эксперттердин ой пикири боюнча, жихадисттик эмес диний уюмдардын айрым мүчөлөрү дин таратуучулардын таасири астында куралдуу топторго кетип жатышат”, - деп кошумчалайт Санобар Шерматова.


Борбор Азияда мамлекеттин сынына катуу каблыган дагы бир уюм – Исламчыл Жихад. Бул уюм убагында Пакистанда айрым келишпестиктерден улам Өзбекстан ислам кыймылылнан бөлүнүп чыгып кеткен.


Москвада жайгашкан “Мемориал” укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча программасынын жетекчиси Виталий Пономаревдун маалыматы боюнча, Исламчыл Жихад тобу жөнүндөгү маалымат толук эмес болсо да, аталган топ Өзбекстанда жакында орун алган чабуулдарга жоопкерчиликти өзүнө алды.


“Ал ӨИКке караганда жабык, бирок аны ушул үчүн гана эсепке албоо – туура эмес. Аталган уюмдун Борбор Азиядагы аракети жогорулагандыгын далилдеген себептер жеткилүктүү”, - деп кошумчалайт Пономарев.


Өзбекстан ислам кыймылына объективдүү баа берүү региондун өлкө башчыларынын далилдердин аздыгына карабай кыймылды айыптоо тенденциясынан улам татаалданууда. Серепчилер мындай далилсиз айыптоолорго этияттык менен мамиле жасаш керектигин айтышат.


Молдалиевдин сөзү боюнча, кандай кагылышуу же чабуул болбосун, тергөөчүлөр сөзсүз биринчиден ӨИКти жана Хизбут-Тахрирди эстешет жана айыпташат.


“Тергөөнүн жабыктыгын жана Борбор Азияга мүнөздүү укуктук практиканын шартын эске алганда, ӨИКтин тиешеси бар экендигин далилдөө татаал, - дейт ал. – Өзгөчө бюджетти камтыган суроолордо коркунучту бир аз апыртып көрсөтүүгө азгырык күч”.


Өзбекстандык политолог Юлдашевдин сөзү боюнча, “Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтери өздөрүн ислам экстремизиминин жана терроризмдин курмандыгы катары көрсөтүүдөн пайда көрүшөт. АКШ жана Европа Биримдигинен жардам алыш максатында айыбы жок адамдарды күнөөлөшөт".


КОРКУНУЧТУН ОЧОГУ ДҮЙНӨЛҮК ЖИХАД ЭМЕС, ЖЕРГИЛҮКТҮҮ НААРАЗЫЛЫК


Кыргызстадын Коопсуздук Кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязов, ӨИК дагы эле чоң күчкө ээ деп эсептейт.


“Кеп ӨИКтин санында эмес, бул кыймыл элдин аң сезиминде кандай из калтыра алат, кеп мына ошондо", - дейт ал.


Ниязовдун айтымында, азырынча исламчыл топ Борбор Азия өлкөлөрүнө олуттуу коркунуч жараткан даражага жете элек. Бирок мындай коркунуч бар – башка факторлор биригип туруксуздукту пайда кылышы мүмкүн, ошол кырдаал кийин ӨИКе пайда алып келет.


“Ал үчүн шарт керек, - деп түшүндүрөт ал. – Ал эми кырдаалды жарылууга алып келчү шарттар толтура: жер-суу чатактары, такталбаган чек ара , баанын тез өсүшү, айлыктын аздыгы, жумушсуздук, миграция".


“Ошондуктан, бул күчтөр өз алдынча кырдаалды курчутат дегенге болбойт, бирок алар ушул аймактагы жагымсыз абалды колдонушу мүмкүн”, - деп кошумчалады Ниязов. .


Шерматованын айтканына таянсак, Өзбекстан ислам кыймылы баштай алчу зомбулук толкунун алдын алуу максатында, Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү “антитеррордук гана эмес, социалдык да” кадамдарды жасаш керек.


"Мамлекет аны менен бирге элди экстремисттик көз карашка такаган социалдык жана экономикалык проблемаларды чечиш керек. Коррупция жана бюрократиядан бошонуу, майда жана орто ишкерлердин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү – "революциялык" чечим болмок, - дейт Шерматова. .


“Кембагалчылык нааразычылыкы туудурат жана коомду кайрдан курууга багытталган саясий чечимдерге түртөт ”, - деп жыйынтыктады ал.


Айнагүл Абдрахманова жана Анара Юсупова (псевдоним) – IWPRдын тренингдеринен өткөн Кыргызстандагы кабарчылар; Аида Касымалиева жана Инга Сикорская – IWPRдын Бишкектеги редакторлору; Лола Олимова – IWPRдын Дүйшөбүдөгү редактору, жана Ардашер Тахамтан – Таджикистандагы журналисттин псевдоними.

Frontline Updates
Support local journalists