Institute for War and Peace Reporting | Giving Voice, Driving Change

Электр энергиясы үчүн болгон күрөш Борбор Азиядагы энергетикалык тармакка коркунуч келтирет

Региондогу бөлүштүрүү тармагынын канааттандыраарлык эмес иш алып баруусунун натыйжасында Советтер Союзунун мезгилинде түзүлгөн адилеттүү электр энергиясын бөлүштүрүү системасы бузулуусу мүмкүн.
By Gulnura Toralieva
. Серепчилердин эскертүүсүнө караганда, аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери келечектеги кризисти алдын алуу үчүн планга ылайык аракеттенүү зарыл.


Мурдагы Советтер Союзу мезгилинде бир мамлекеттин бөлүктөрү болуп саналган Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан үчүн жалпы энергетикалык тармак түзүлгөн. Бирок, 1991-жылдан кийин эгемендикке ээ болгон өлкөлөрдүн ар бири өз алдынча өз кызыкчылыгын жактай баштаганда, бул тармак жараксыз боло баштаган.



Борбор Азияда электр энергияны өндүрүш үчүн кубаттуулуктар бирдей бөлүнгөн эмес. Эки тоолуу өлкөлөр - Тажикстан жана Кыргызстан аймактагы 80% суунун ээси, бул аларга гидроэлектростанцияларды куруп жана андан пайда көргөнгө мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле учурда Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан өлкөлөрү мунайга жана жана жаратылыш газына бай, бирок алар коңшулардын суу каражаттарына көз каранды абалда.



Кыргызстан жана Тажикстан сууну жылдын кыш мезгили үчүн топтой баштаганда (анткени кыш - эки өлкө электр энергиясын иштеп чыгарууга эң эле муктаж болгон учур) ар дайым келише албастыктар пайда болот. Дарыялардын агымынын төмөн жагында жайгашкан үч өлкө, тескерисинче, эгин сугаруу жүрүшүн камсыздоо үчүн жаз жана жайында агын суунун үзгүлтүксүз болушун каалашат.



Өзбекстан Казакстанга, Кыргызстанга жана Тажикстанга жаратылыш газын экспорттойт. Мындан тышкары, өлкө Тажикстанга ток өткөзөт жана өзүн аркылуу Тажикстанга кыргызстандык жана түркмөнистандык токту өткөргөнгө жол берет. Бирок ,Ташкент күз жана кыш айларында мезгил - мезгили менен өз учурунда карызды төлөй албагандыктары үчүн газ берүүсүн токтотуп коет, ал эми ушул жылдын башында Тажикстанга Өзбекстан аркылуу өтүп жаткан Түркмөнстандын электр энергиясынын транзитин токтотуп салган.



“Казакстандын электр тармактарын башкаруу компаниясынын” («KEGOC») башкармасынын төрагасы Канат Бозумбаевдин билдирүүсү боюнча, октябрь айынын ортосунда болуп өткөн аймактагы токту камсыздоо боюнча координацияны ишке ашырып жаткан кеңештин отурумунан кийин, Өзбекстан башка өлкөлөр менен паралеллдик иштешүүдөн чыгууну көздөгөн.



Бирок дароо эле “Узбекэнерго” мамлекеттик компаниясы айтылган маалыматты төгүндөп чыкты. Анын өкүлүнүн билдирүүсүндө, өзбекстандык тарап электр энергиясынын транзиттик шарттарын өзгөртүү боюча талкууга даяр экендигин гана билдирген.



“Биз Кыргызстанга өзүбүз аркылуу өткөрүлгөн мурдагы ашыкча жана бекер эсептелген электр энергиялары үчүн акы киргизгенди каалайбыз”, - деп айтты өкүл.



Кыргызстан жана Өзбекстан компенсациянын төлөп берүү жөнүндө сүйлөшүп, бул маселе чечилгенден кийин деле "Узбекэнерго" ишканасы аймактагы энергетикалык тармактан чыгуу нитетин ар кандай жолдор менен туюнтуп келди.



"Узбекэнергонун" бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Эссо Садуллоевдин 5-ноябрда мамлекеттик гезитте басылган макаласында, Өзбекстандын Борбор Азиялык бөлүштүрүү тармагынан чыгуу планы бардыгын билдирген. Анын сөзү боюнча, энергетикалык тармак барган сайын туруксуз иштеп жатат жанан буга кээ бир мамлекеттердин энергетикалык тармакка мыйзамсыз уланып жатышы себеп болууда.



“Мамлекеттердин арасындагы чыр - чатактардын булагы - эксилиги жеткен бирдиктүү энерго алкак”, - деди Садуллоев.



Садуллоевдин пикири маалымат каражаттарында аймактагы экономикасы эң күчтүү жана мунайдын эң ири өндүрүүчүсү - Казакстан тармактан чыгуу жөнүндөгү эсти тандырган билдирүүнү угузган соң эки күндөн кийин пайда болду.



Энергетика жана минералдык каражаттар боюнча вице-министр Дуйсенбай Тургановдун билдирүүсүнө караганда, энергетикалык тармактын ишин Тажикстан бузуп жатат, себеби ал электроэнергияны белгиленген өлчөмдөн ашыкча пайдаланууда жана аймактык агенттик тарабынан белгиленген көрсөтмөнү карманбайт. Тажикстан тарап кыш мезгилинде өз өлкөсүнүн элин камсыздоо максатында, электр энергиясын жалпы тармактан алып пайдалана баштаганда, Казакстандын түштүк аймактарына ток жеткирүү оорлоп, Казакстан февраль айында Борбор Азиялык бирдиктүү энерго алкактан убактылуу чыгып кеткен. Ал эми Өзбекстан Түркмөнстандан өздөрү аркылуу токту жеткирүүнү токтоткондон кийин Тажикстан тарап жалпы тармакка өзүнчө кошула баштады.



Казакстандын чечими Кыргызстан үчүн абдан олуттуу, себеби электр энергиясын жеткирүү үзгүлтүккө учурагандыгынан улам ал өз керектөөчүлөрүнө катуу чектөө коюга (салууга) мажбур болду.



Энергетика боюнча эксперттердин айтуусуна караганда, азыркы мезгилдеги келишпестиктер мурунку системанын иш жүргүзүү кемчиликтеринен улам келип чыккан. Түрдүү пикирлер боюнча, жалпы тармактын жакынкы келечекте жараксыздыкка келиши шексиз.



Бирдиктүү энерго алкак 80ден ашык аймактык электростанциялардын ишин байланыштырып жана электр энергиясын берүүнү тартипке салат, бир эле станциянын иштен чыгышы жалпы тармактын бузулушуна себеп болот.



Бир да мамлекет бирдиктүү энерго тармактын бузулушуна жол бербеши керектигин Кыргызстандык экономист Базарбай Мамбетов айтат.



“Аймактагы энергияны үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыздоо максатында, бул энергиялык тармак бир механизм катары курулган, - дейт ал. - Катышуучу - өлкөлөр каалайбы каалабайбы бүгүн баардыгыбыз бири бирибизге байланганбыз".



Анын белгилегени боюнча, региондогу өлкөлөр көз карандысыз мамлекеттерге айлангандан бери энерго тармак эч оңдолгон эмес.



Чатхэм Хаус атындагы Лондондо жайганшкан институттун энергетика жана экологиялык суроолор боюнча изилдөөчүсү Клео Паскаль төмөндөгүчө ойдо.



“Ал [тармак ]абдан эскирип, эч кандай керектүү тейлөөлөр болгон эмес, жана бул тармак башка шарттарда иштөөгө ылайыкташкан”.



"Бул тармак мурунку он жылдыктарда жамгыр суусунун эсебинен жана дарыялардагы суулардын көлөмдөрүнүн негизине эсептелип курулган, убакыттын өтүшү менен аймактагы айлана-чөйрөнүн шарттары бир кыйла өзгөргөндүгүнө байланыштуу, тармак азыркы абалга туура келбей калышы мүмкүн", - дейт Клео Паскаль.



ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ЖОК



Кыргызстандагы энергетикалык маселелер боюнча эксперт Уларбек Матеевдин айтуусуна караганда, “Советтер Союзу эң күчтүү жана "акылдуу" энерго тармактын долбоорун ишке ашырган, бул энергиялык тармактан чыгуу бир да мамлекетке пайда алып келбейт”.



Көптөгөн авариялардын натыйжаларынан улам тармактын иштен чыгып калуусу мүмкүн, жөнгө салып туруучу борбордук механизм жок болгондондуктан чыңалуунун көбөйүп-азайуусунун натыйжасында бир мамлекеттен башка мамлекетке ток берүү бузулат.



Эгерде аймактын ортосунда жайгашкан Өзбекстан тармактан чыгып кетсе, аны курчап турган башка мамлекеттердин улуттук энергетикалык тармактарына оорчулук келет.



Азыр иштеп жаткан гидроэлектрикалык схемалардын бардыгына жана гидроэнергетиканы өндүрүү боюнча пландарга карабастан, серепчилердин сөзү боюнча, эң оор абалда Тажикстан жана Кыргызстан калышат.



"Бардыгынан да Тажикстан кыйынчылыкка учурайт, айрыкча анын түндук бөлүгү, деп белгилейт Тажикстандын суу каражаттары боюнча башкармасынын экспертти Анвар Камолодинов. - Тажикстандын Согдий облусу жыл бою жалпы электроэнергия тармактарынан келген Өзбекстандын электроэнергиясына көз каранды. Облуста жайгашкан Кайракум ГЭСи, бүт аймактын 20 % гана керектөөсүн камсыздайт. Өзбекстан тармактан чыкса, дубандын 2 миллион жашоочусу жарыксыз калат".



Камолодиновдун сөзү боюнча, ошол эле мезгилде Тажикстандын борбордук жана түштүк тарабы да зыян тартат, себеби Өзбекстан аркылуу өткөн Түркмөнстандын электр энергиясын албай калышат.



Өзбекстандан келген же ал аркылуу өтүп жаткан электр энергиянынын жоготууларынан улам кыйынчылыкка Кыргызстан да учурайт.



Казактстандын энергетика министри Сауат Мынбаевдын маалымдашынча, балким, анын өлкөсү өлкөнүн түштүк Жамбыл облусундагы ток станциялары үзгүлтүксүз иштеген шартта гана тармактан чыга алат.



“Бул чоң жүк, бирок токту камсыздоо көз карашы боюнча алганыбызда биз да, жана Кыргызстандын түндүк аймактарынын да туруштук берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар”, - деп айткан Мынбаев сентябрда өткөн мамлекеттик селектордук кеңешме учурунда.



Бирок эксперттердин эскертүүсүнө караганда, аймактагы чоңураак өлкөлөр да, Тажикстан жана Кыргызстандагыдан кем эмес бир даалай проблемаларга кезигишет.



Камолидиновдин сөзү боюнча, эгерде Казакстан жана Өзбекстан биргелешкен энергетикалык тармакка көз каранды болбогондо, мурун эле өздөрүнүн тармактарын параллелдик иштетүүдөн баш тартышмак.



“Казакстандын бирдиктүү тармактан бөлүнгөнгө мүмкүнчүлүгү бар, бирок бул кошумча чыгымдарды, ошондой эле керектүү инфраструктураны курууну талап кылат, - дейт ал. – Эгерде Өзбекстан тармактан чыгып кетсе, ал эрте мененки жана кечки убакыттарда (чыңалуу күч болуп турган кезде) электр камсыздоонун начарлашына учурайт".



Мамбетовдун сөзү боюнча, Өзбекстан үчүн дагы кыргызстандык токту колдонуу мүмкүнчүлүгү маанилүү.



“Бирдиктүү тармактан чыгуу биринчиден Өзбекстан үчүн терс натыйжа алып келет, - дейт ал. - Өзбекстандын энергетикалык тармактары үчүн дайыма керектелген частоталарды үзгүлтүккө учуратпоо үчүн Кыргызстандын кубаттуулуктарынын зарылчылыгы бар”.



АЙМАКТЫК САЯСАТ МЕНЕН ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ ТЫГЫЗ БАЙЛАНЫШТА



Серепчилер токтун мезгил мезгили менен өчүрүлүүсүнөн тышкары аймактык энергетикалык келишимдердин бузулушу оор натыйжага алып келет деп эсептешет.



Биринчиден, Тажикстан да, Кыргызстан да жазында суу дарбазаларын ачып, Амударыя жана Сырдарыялардын агымы боюнча төмөн жайгашкан коңшуларына сууну агызып, алардын эгин талааларын кеңири сугарышын эске алган келишимдерди сактаганга кызыкчылыгы жок болуп калат. Алар, албетте, күз мезгилинде суу сактагычтарга мүмкүн болушунча көбүрөөк сууну топтоп, андан ток иштеп чыгарганга аракеттенишет.



Советтер Союзу учурунда өлкөлөр суу жана отунду өз ара бекер алмашып турушкан. Бирок, 1991 жылдан кийин Тажикстан жана Кыргызстан газ, көмүр жана мунай үчүн төлөө зарылчылыгына учурашты, ошол эле кезде алардын жаратылыш каражаты - суу - акчалай наркка ээ болгон эмес.



"Тажикстан Өзбекстан жана Казакстандын түштүк облустарын, аларга керек болгондо суу менен камсыз кылуу үчүн Сырдарыяда жайгашкан Каракум суусактагычында сууну “таптакыр бекер” топтойт", - деп Камолидинов нааразы.



“Согдий облусуна кыш мезгилинде электр энергиясын [өзбектер тарабынан] берүүнү токтоткондон кийин мурунку шарттар боюнча келишим түзүү татаал болот”, - деп кошумчалады ал.



Суу жана электр энергиясы жөнүндөгү чырдашуу Борбор Азия мамлекеттеринин саясий айырмалыктары менен тыгыз байланыштуу экнедигин серепчилер ырасташат.



“Борбордук Азиянын жетекчилеринин сүйлөшүү жөндөмсүздүктөрүнөн улам, Советтер Союзунан мураска калган тармакты “демонтаждоо” уланууда”, - дейт Шаирбек Джураев Борбордук Азиядагы Америка Университетинин Эл аралык жана салыштырма саясаты бөлүмүнүн улуу мугалими жана программа жетекчиси.



Суу жана электр энергиясы боюнча суроолордогу пикир келишпестиктер узак убакыттан бери бар, бирок Джураевдин сөзү боюнча, акыркы учурда карама-каршылык күчөй баштады.



“Абалдын начарлашына коркунуч бар, суунун, энергиянын жетишсиздиги баарынан мурда калкка зыян келтирет: бул чек арага жакын жайгашкан райондордо, жергиликтүү улуттардын мамилелеринин курчушуна, жана жалпы аймактагы өлкөлөрдүн ички саясатындагы абалдын начарлашына алып келет”, - дейт ал.



Өзбекстандын учурдагы келишимдерге нааразычылыгы – Тажикстан жана Кыргызстан менен пикир келишпестиктин бир гана бөлүгү, анын алардын жаңы гидроэнергетикалык схемаларын куруп бүтүрүү пландарына да тиешеси бар.



Рогун жана Камбар-Ата токстанциялары Тажикстан менен Кыргызстанды энергетикага тийешелүү маселелерде өздөрүн жетиштүү камсыздоого алып келет. Бирок, Өзбекстан жаңы дамбалар Амударыя жана Сырдарыялардагы суунун агымын бууйт деген коркунучун билдирип келет жана бул долбоорлор аяктагыча эл аралык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылууда. (Бул жөнүндө Өзбекстан суу маселесине байланышкан талаш-тартышта Казакстандын колдоосун алууга аракеттенүүдө.) макаласынан окусаңыздар болот).



Ал эми Орусиянын региондогу ролу – кырдаалды ого бетер курчуткан кошумча фактор. Москва эки ГЭСке - Рогун жана Камбар-Атанын курулушуна каражат жумшаган деген сөздөр тараган; өзбек тарап Россиянын Өзбекстандын чек арасынан алыс эмес Кыргызстандын түштүгүнө жаңы аскер базасын жайгаштыруусуна кыжаалат. ( Кыргызстан: план по открытию российской базы тревожит Ташкент .)



Бул суроолор бири бирине көз каранды, ошондуктан кандайдыр бир тарапты күнөөлөгөнгө мүмкүн эмес.



“Бири биринин кызыкчылыгын эске албагандыктан азыркы кырдаалда аймактагы өлкөлөрдүн баары күнөөлүү”, - дейт өзбекстандык саясат таануучу Фарход Толиповд



“Коңшуларга келтире турган зыянды билип туруп, жалпы энергия тармактарынан чыгууну жарыялаганы үчүн Өзбекстанды гана күнөөлөгөнгө болбойт. Анын кыймыл аракети Кыргызстанга жараша келип чыккан, Кыргызстан Өзбекстандын мамилесин билип туруп, Камбар-Ата ГЭСин курууга жана өлкөнүн түштүгүнө дагы бир орусиялык базаны ачканга ниеттенет”, - дейт ал.



Клео Паскальдын сөзү боюнча, мамлекеттер арасындагы мамилелердин начарлашы - советтик доордон калган мурас, “аргасыздан биргеликте аракеттенүү” мындан ары иштейбейт.



ӨЗҮНЧӨ БӨЛӨК ТАРМАКТЫ КУРУУ



Борбор Азиялык мамлекеттер электр энергиясыны тийешелүү маселелерде бир орунда калган жок. Алар өздөрүнүн улуттук энергия тармагын чындоого мүмкүнчүлүк берген үчүнчү жаксыз жаңы келишимди түзгөнгө кадам жасашууда.



Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан азыркы учурда инфраструктура жана камсыздоо боюнча эки-үч тараптык келишимдерди региондук даражадан айланып өтүп түзүүгө аракеттенишет, себеби жалпы региондук келишим түзүү өтө татаал.



Казакстандын Менеджмент, экономика жана божомолдоо Институтунун саясат таануу боюнча профессору Наргиз Кассенова белгилегендей, “аймактагы өлкөлөр өздөрүнүн энергетикалык коопсуздугун энергетикалык тармактарды автономизациялоо жолу менен жана жаңы кубаттуулуктарды өндүрүү менен эң жогорку даражадагы камсыздоого умтулушат”.



“Тажикстан жана Кыргызстан жакынкы үч-төрт жылда Өзбекстандан энергетика жагынан көз каранды болбош үчүн бир чечим табышат”, – деп Камолидинов божомолдойт.



“Энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү эки өлкөнүн көптөн берки планына кирет, Өзбекстандын чыгып кетүүсу жана бул эки өлкөгө кошумча кыйынчылыктарды жаратуусу, алардын энергиялык көз карандысыздыкка умтулуусун гана тездетет”, - деп кошумчалады Камолидинов.



Гульнура Торалиева – Кыргызтандагы көз карандысыз журналист.