Institute for War and Peace Reporting | Giving Voice, Driving Change

Шайлоо 2011: Башкаруу системасын өзгөртүү маселеси актуалдуу болуп жатат

Кыргызстанда парламенттик система бир жылдан ашуун гана иштегенине карабастан жарандарда мындай башкаруудан көңүлү кала баштады.
By Timur Toktonaliev

IWPRдын республика боюнча шайлоочулардын арасынан тандап алып жүргүзгөн коомдук ой-пикирди сурамжылоосунун жана президенттикке талапкерлер менен болгон маегинин жыйынтыгы коомчулукта мамлекеттик башкаруунун президенттик формасын орнотууга катуу талап бар экендигин көрсөттү.

IWPR тарабынан 50 адамга жүргүзүлгөн сурамжылоо чечүүчү мааниге ээ болбосо да, жалпы коомчулуктун бул маселе боюнча маанайын чагылдырып, алардын өткөн жылкы Баш мыйзамды өзгөртүүгө болгон каалоолоруна карма-каршы келет.

Маселен, өткөн жылкы референдумда ар бир он шайлоочунун тогузу Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдошуп, парламенттик башкаруу үчүн добуш беришкен. Мындай көрүнүш мурдагы эки президент: Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин мезгилинде эң жогорку бийликтин ыйгарым укуктары президент жана анын жакындарынын колдоруна топтолуп, жарандардын өз мезгилинде мындай үй-бүлөлүк негиздеги жеке бийликтен тажагандыгын тастыктаган.

Конституция коомго жараксыз

20-октябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан президенттикке 19 талапкер расмий түрдө катталышты. Алардын арасында өткөөл мезгилдеги өкмөт башчы, КСДПнын жетекчиси Алмазбек Амтамбаев, “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров сыяктуу бир топ активдүү саясатчылар бар.

Алмазбек Атамбаев, IWPRга маек берген 17 талапкердин ичинен башкаруунун парламенттик системасын сактап калууну каалаган үч талапкердин бири. Парламенттик башкарууну каалаган талапкердин дагы бирөө “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев болчу. Эске сала кетчү нерсе, Текебаев бизге маек бергенден көп өтпөй президенттикке ат салышуудан баш тартты. Анын айтымында, президенттик башкарууга кайра кайтууну айтып чыгышкан талапкерлердин бири дагы мамлекеттик башкаруунун учурдагы системасына каршы ишенимдүү аргументтерди бере алышпай жатышат.

Калган 14 талапкер Баш мыйзамды кайрадан өзгөртүү жана туруктуу президенттик башкарууну түзүү зарылдыгын айтып чыгышты.

«Мен бул система коомго жарактуу, ыңгайлуу жана идеалдуу деп айта албайм. Ошондуктан, мүмкүн Башкы мыйзамды өзгөртүүнүн убактысы келди”, - деди Ташиев.

Шайлоого катышуудан кийинчерээк баш тарткан Шамшыбек Медетбеков: “Биз парламенттик башкаруу кандай болоорун көрдүк. Эми башкаруу толугу менен президенттик болушу керек”, - деп көпчүлүк талапкерлердин пикирин билдирди.

Дагы бир талапкер Роман Оморов президенттин бардык ыйгарым укуктары, анын ичинде премьер-министрдин да ыйгарым укуктары, болушу керек, - деп эсептейт.

14 талапкердин баары эле мындай 180 градуска бурулууну колдой беришпейт. Алардын кээ бирлери бир адамдын башкаруусун калыбына келтирүүнүн ордуна тең салмактуу башкарууну орнотууну колдошот.

Президенттикке өз талапкерлигин көрсөткөн, Ички иштер министрлигинин мурдагы чиновниги Өмүрбек Суваналиев, “күчтүү президенттик жана күчтүү парламенттик башкарууну” орнотууга чакырды.

Башкаруунун президенттик формасы: бизди көңүл калуулар күтүүдө

Бишкектен, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов, башкаруунун президенттик формасын каалаган коомчулуктун жана көпчүлүк талапкерлердин мотиви ар башка экендигин билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк талапкерлер үчүн мамлекеттик башкарууну өзгөртүү аларга өлкөнүн кызыкчылыгындагы чечимдерди кабыл алуу үчүн эмес, шайлоо өнөктүгү мезгилинде сарпталган каражаттарын аз убакытта кайтарып алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Президенттикке талапкерлердин башкаруунун президенттик формасын колдоп жаткандыгынын дагы бир себеби, шайлоочулардын өткөн шайлоодон берки парламенттин ишинен көңүлдөрү калышкандыгынан улам болушу да ыктымал. IWPR тарабынан сурамжыланган шайлоочулар соңку жылдарда бизде демократия кантип ишке ашып жаткандыгына массалык түрдө нааразы болуп жаткандыгын билдиришти.

Сурамжылоого алынган 50 адамдын жыйырма сегизи толук президенттик башкарууну колдошсо, он төртү президенттик системаны сактап калыш керек деп билдиришти, ал эми калганы аралаш системаны колдой тургандыгын айтышты.

Учурдагы парламентке болгон нааразычылыктарынын негизги себеби катары парламентте бюджетти талкуулоонун төрт айга созулушу, парламенттин Кыргызстандагы турмушту жакшыртуунун туура жолун сунуштоого жөндөмсүз экендиги, талкууга катышпаган депутаттар, парламентте мушташууга чейин өсүп жеткен конфликттердин бат-бат болуп турушу, депутаттар өздөрүнүн бизнесинин кызыкчылыгы үчүн гана иштеп жаткандыктары сыяктуу көрүнүштөрдү көрсөтүштү.

Сурамжылоого алынгандар, чечим кабыл ала билген, жумуш орундарын түзүп, инвестицияларды тарта билген жана салыктарды төмөндөтүп, көзөмөлдү жумшартуу менен кичи бизнести колдоого алган саясатчыларды көргүсү келип жатышкандыгын билдиришти.

Дагы бирөөлөрү, теле жана парламенттик берүүлөрдөн баамдашкан кээ бир саясатчылардын жүрүм-турумун жактыра беришпейт.

“Мен кечээ эле бир депутаттын президенттик администрацияда иштеген бир чиновник менен кантип урушуп жатканын көрсөткөн берүүнү көрдүм. Бул шермендечилик! Бул депутаттын деңгээли көчөдөгү ушакчынын деңгээлиндей экен. Бул парламенттин жаратылышы катары айтылат. Кантип ушундай болсун?”, - деп айтты ачуусу келген Бишкектин майда ишкери Дарыйка Мамбетова.

Туруктуулук - бул дайыма эле гүлдөр-өнүгүү эмес

Көпчүлүк Кыргызстандыктар, саясатчылар шайланган ордун өзүнүн жеке жана коммерциялык өсүшү үчүн трамплин катары колдонуп жатышат, аларды өз шайлоочуларынын тагдыры кызыктырбайт, - деп айтышты. Бул өңүттөн алганда президенттик башкаруу формасы бир топ жакшыраактай, анткени ал байып жаткан элиталык топтордун санынын өсүшүн бир аз чектеп турат

«Бүтүндөй парламентарийлердин баары мамлекеттин эсебинен байыгандан көрө, жалгыз президенттин байыганы жакшы”, - деди өз атын атагысы келбеген Талас шаарындагы студент.

Ошто жашаган Дилмурод Асанходжаевдин оюна караганда, Кыргызстанда парламенттик система Батыш өлкөлөрүндөй окшоп өнүгүүгө алып келген жок.

«Албетте парламенттик башкаруу болгону жакшы эле, анткени бийлик бир колдо топтолбойт. Бирок, биз парламенттик мамлекетте бир жыл жашап жатсак да натыйжа өтө аз. Европалык мамлекеттердеги парламенттик система берип жаткан натыйжалар бизде такыр жок.”, - дейт Дилмурод Асанходжаев.

Ошондой эле Шерадил Бактыгулов күчтүү лидерге болгон элдин көксөөсүн түшүнөөрүн, бирок бул кайра эле авторитардык бийликтин пайда болушуна алып келээрин кошумчалады. Анын оюнда, Кыргызстандын шартында мындай көрүнүш эң жогорку бийликтин ыйгарым укуктарынын кайрадан эле бир адамдын колуна топтолушун шарттайт.

«Элдер туруктуулукту каалашат. Алар өздөрүнө түшүнүктүү болгон тынчтыкта жашоону каалашат. Бирок, эгер президенттик башкаруу орносо, элдерди бул жолу да абдан чоң көңүл калуулар күтүшү мүмкүн”, - деди ал.

IWPR тарабынан жүргүзүлгөн коомдук пикирди терип сурамжылоо түрдүү муундардын көз караштарында айырмачылыктар бар экендигин көрсөттү. Эски ыкманы, туруктуулукту жана күчтүү бийликти каалагандардын көпчүлүгү негизинен Советтер Союзун эстешкен адамдар болду. Ал эми экинчилери – жаштар - парламенттик демократияга мүмкүнчүлүк бериш керек экендигин айтышты.

“Биз парламенттик системаны орноттукпу, анын аягына чейин иштешине мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Жыйынтыгы кандай болоорун көрөбүз. Азырынча жыйынтык жок, каалашса митинг чыгара коюшат. Эгер президенттик башкарууну кайра орнотсок, анда бизге парламенттик башкаруу керек деп башкалары кыйкырып чыгышат. Жеке мен парламенттик системанын иштешин каалайт элем”, - деди Бишкекте окуган студент Айгүл Кармашова.

Тимур Токтоналиев – IWPRдын Кыргызстандагы редактору.