Institute for War and Peace Reporting | Giving Voice, Driving Change

Кыргызстан: Туруктуу коомго карата жылыш аз

2010-жылдагы июнь окуясы Борбордук Азия мамлекеттеринин өкмөттөрүн жана дүйнөлүк коомчулукту аларга орчундуу маселелерде өз убагында кечиктирбей чара көрүү зарыл экендигин эскерткен иш чара болуп калышы керек, дейт этносаясат боюнча эксперт
By Saule Mukhametrakhimova
  • Дүйнө көйгөйлөрүн изилдөө боюнча Стокголм эл аралык институтунун алдындагы «Куралдуу кагылышуулар жана каршылыктарды жөнгө салуу» программасынын директору, доктор Нил Мелвиндин сүрөтү. (Dr Neil Melvin) (Сүрөт: Н.Мелвин).
    Дүйнө көйгөйлөрүн изилдөө боюнча Стокголм эл аралык институтунун алдындагы «Куралдуу кагылышуулар жана каршылыктарды жөнгө салуу» программасынын директору, доктор Нил Мелвиндин сүрөтү. (Dr Neil Melvin) (Сүрөт: Н.Мелвин).

Кыргызстанда кайгылуу окуя оорун алгандан бери бир жыл өтсө да, бул өлкөдө улутчулдук маанай басаңдабай, тескерисинче өскөндүгү байкалат. Ошондой эле мындай көрүнүшкө эч бир саясий лидер ачык каршы чыкпагандыгын көрүүгө болоорун белгилейт аймак боюнча алдыңкы эксперттердин бири.

Нил Мелвин өзүнүн IWPRга берген маегинде Кыргызстандагы өткөн жылда болуп өткөн кан төгүүлөрдүн себептери жана Кыргызстанда бүгүнкү күнү уланып жаткан улутчулдук жөнүндө тынчсызданган жоромолун айтып берди.

Учурда Дүйнө көйгөйлөрүн изилдөө боюнча Стокголм эл аралык институтунун алдындагы «Куралдуу кагылышуулар жана каршылыктарды жөнгө салуу» программасынын директору болуп иштеп жаткан доктор Мелвин 2001-жылдан 2005-жылга чейинки аралыкта ОБСЕнин Башкы комиссариатынын Борбордук Азия мамлекеттериндеги улуттук азчылыктар маселеси боюнча башкы кеңешчи болуп иштеген.

Ушул жылы Ачык коом институтунун Борбордук-евразиялык долбоору Нил Мелвиндин На пути к стабильному многонациональному Кыргызстану: как устранить причины и разорвать порочный круг насилия деген аталыштагы отчетун жарыялады. Бул отчет орус тилине да которулган.

IWPR: Артка кылчайып кароо менен сиз өзүңүздүн эмгегиңизде өткөн жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон кандуу окуяны кандай чагылдырдыңыз. Жергиликтүү жана эл аралык иликтөөлөрдүн жыйынтыктарына кандай карайсыз?

Нил Мелвин: Көпчүлүк отчеттордо Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуя «этникалык кагылышуу» деп аталган. Менимче бул такыр туура эмес. «Этникалык кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы карама-каршылык кагылышуунун себеби болгон», - дегендин өзү күмөн туудурат.

Менин пикиримче, кагылышуунун булагы кыргыз коомчулугунун башка чөйрөсүндө жатат – бүтүндөй өлкөнүн үстүнөн көзөмөлдүктү колго алуу максатында бийлик үчүн түрдүү саясий топтордун ортосунда айыгышкан катуу күрөш жүрдү. Бул президент Бакиев жана аны жактагандардын бийлигин кулатууну көздөгөн чыныгы кыргыздарга мүнөздүү кландык күрөш болду.

Мындай күрөш жана ырайымсыз ич ара тирешүү, каршылашуу соңунда өлкөдөгү ар кандай этникалык топтордун өз-ара мамилесин козгоду. Ошентип, оппозиция өзбек коомчулугунун лидерлерин күрөшкө кошулууга чакырды. Дал ушул учурдан баштап окуя этникалык түс алды. Этникалык чыңалуунун булактары 2010-жылдын июнуна чейин эле болгон, бирок бул жолу жагдай башкача болду.

Ошентип, өткөн жайдагы этникалык топтордун ортосундагы кагылышуу бир топ кеңири саясий каршылашуунун алкагында жаралды.

IWPR: Учурда каршылашкан тараптардын өз ара мамилелерин кайрадан калыбына келтирүү жана мындай каршылашуунун кайталанышын алдын алуу боюнча учурда жүрүп жаткан иш-аракеттерди сиз кандай баалайсыз?

Мелвин: Кыргызстан 2010-жылдын июнь айынан баштап, жаңы Конституциянын кабыл алынышы [2010-жылдын июнь айынын аягы], парламенттик шайлоонун өткөрүлүшү [октябрь] жана коалициянын түзүлүшү менен саясий жактан бир топ алдыга кадам шилтеди.

Бирок мындай иш чаралардын бары тең өз ара мамилелерди калыбына келтирүүдө, же туруктуу көп улуттуу коомду түзүүдө аз болсо да жылыш байкалбаган шартта өттү.

Иш жүзүндө, өнүгүү башка жол менен кетти – улутчулдук болушунча күчөдү жана учурдагы саясий лидерлердин бири да ага каршы турууну каалашпайт. Өзбек коомчулугун каралап, аларды кагылышууда бир жактуу күнөөлөштү.

Зордук-зомбулукка алып келген татаал тарыхый жана саясий процессти же окуянын чыгышына таасир берген кээ бир адамдардын иш-аракетин аңдап түшүнүүгө эч кандай аракет да жасалган жок. Кагылышуудан кийинки чындык - жеңүүчүлөрдүн чындыгы болду.

IWPR: Кагылышуудан кийин улутчулдук саясий иш-аракеттин эң жогорку тепкичине көтөрүлдү жана ал саясий чечимдерди кабыл алуу процессине да таасир берип жаткан учурлар байкалууда. Эмне үчүн улутчулдук пландар саясаттын мындай маанилүү бөлүгү болуп калууда?

Мелвин: Улутчулдук Кыргызстан өлкө көз карандысыздыгын алган күндөн тарта эле негизги агым болуп кала берүүдө. Ошол эле мезгилде, ал узак убакыттар бою ачыкка чыккан эмес, бирок, Кыргызстанда мамлекеттүүлүктүн курулушу мына ошол улутчулдук жана этникалык негизде болгон.

Соңку жылдары – бийлик үчүн жүргөн кыргызстандык атаандаш саясий топтордун ортосундагы күрөштө улуттук тема көбүрөөк козголо баштады. Бийликтин оппоненттери бийликтеги адамдын «суу жүрөк» экенин, кыргыздардын кызыкчылыгындагы маселелерди көтөрбөй жаткандыгын сындашып, аларды күнөөлөп келишкен. Өзгөчө мындай сын пикирлер оор кыйынчылыктарды башынан кечирип, экономикалык жактан начарлаган Кыргызстандын айыл калкынын атынан айтылганда абдан ишенимдүү чыккан.

Өткөн жылдагы кайгылуу окуя бул багыттагы кыймылды дагы тездетти, ошол эле мезгилде, саясатчылар 2011-жылдын күзүндө өтө турган президенттик шайлоого даярдык көрүп жаткан шартта, өз оппоненттеринин дискредитациялоо жана алардын улуттук маселелерди чечүүгө жөндөмсүз экендигин далилдөө максатында улутчулдук маанайдагы сүйлөмдөр кеңири колдонулууда..

IWPR: Улутчулдуктун мындай көрүнүштөрүнүн күчөшүндө расмий бийлик өкүлдөрүнүн чечкиндүү эместиги байма-бай айтылып келет. Сиздин оюңузча, эмне үчүн алар жетишээрлик деңгээлде чечкиндүүлүктү көрсөтө алышпай жатышат?

Мелвин: Бийлик өсүп жаткан этно-улутчулдук маанайга каршы турууга өтө алсыз, анткени алардын кээ бири ушул кыймылдын бир бөлүгү. Апрелдеги антибакиевдик кыймыл улутчулдук идеяны колдонду жана убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү ушул көз карашты карманышат.
Ошондуктан учурдагы эң жогорку мамлекеттик жоопкерчиликтүү бийликте отурушкандардын көпчүлүгү мындай аракеттерге каршы чыга алышпайт. Мындан сырткары өткөн жылдын жай айындагы кайгылуу окуя боюнча сот аракеттери көрсөткөндөй, мындай аракеттерге каршы туруунун өзү коркунучтуу.

Алдыдагы президенттик шайлоону утурлай саясатчылардын эч бири этникалык азчылыктарды коргоо менен добушун жоготкулары келишпейт. Буга айкын мисал – парламенттин өлкөнүн түштүгүндөгү этникалык топтордун ортосундагы кайгылуу кагылышууну иликтөө менен алектенген эл аралык комиссиянын башчысы Киммо Кильюненге «персона нон грата» макамын берүү чечимин келтирүүгө болот.

IWPR: Аналитиктер, алдыдагы шайлоодо өз талапкерлерин алып чыгуу максатында, бир катар саясий партиялар улутчулдук карта менен ойноп жатышкандыгын эскертишүүдө. Учурдагы калыс көз карашты карманган Роза Отунбаевадан айырмаланып кийинки президент улутчул көз карашты карманган адам болуп калышы мүмкүн деген жоромол канчалык деңгээлде чындыкка коошот деп ойлойсуз?

Мелвин: Азырынча этникалык кыргыздарга катуу ыктаган саясатчыдан башка, кимдир бирөө президенттик шайлоодо жеңип чыгат деп айтуу кыйын. Албетте, бир топ экстремалдык маанайдагы лидерлер бири-бири менен атаандашууда ийгиликке жетпей калышы толук мүмкүн. Анткени мындай көрүнүш алардын бири-биринин электоратын тартып алуулары менен коштолот.
Ошону менен бирге эле шайлоо мезгилинде улутчулдук маанайды ачык көрсөткөн лидер жеңип келгенден кийин калыс көз карашты карманып калышы да толук мүмкүн. Анткени бийликте отурган адам бардык тараптар менен тил табышып, алардын ар бири менен мунасага келүүсү зарыл. Мунун өзү демократия. Ошол эле мезгилде мындай учурда эл аралык коомчулуктун жаңы президентти Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуянын кесепеттерин толук жоюу үчүн ар кандай аракеттерге үндөп, аны турмушка ашырууга ишендирүүсү абдан зарыл нерсе.


IWPR: Өзүңүздүн отчетуңузда сиз эл аралык коомчулукту мындай кайгылуу окуяга өз учурунда көңүл бөлүүгө жөндөмсүз болгондугун айтып сындадыңыз эле. Тынчтыкты орнотуу жана мамилелерди калыбына келтирүү үчүн алар эмнелерди жасап жатышат жана алардын жасаган аракетин сиз кандай баалайт элеңиз?

Мелвин: Өткөн 2010-жылдын жайынан баштап эл аралык коомчулук – өкмөт, эл аралык уюмдар жана бейөкмөт уюмдар – Кыргызстанга жардам көрсөтүү боюнча өз аракеттерин бир топ кеңейтти. Гуманитардык жардамдарды көрсөтүү, каршылашууну алдын алуу чараларын күчөтүү, милицияны окутуу ж.б. боюнча түрдүү демилгелер башталды.
Тилекке каршы, эл аралык коомчулукка элдештирүүнү жүргүзүү жана кайгылуу окуянын кайталанышынын алдын алуу боюнча так макулдашылган саясий стратегия жетишпей жатат. 1990-жылдары ОБСЕнин улуттук азчылыктардын иши боюнча жогорку комиссариаты Эстонияда, Латвияда, Украинада жана Балкан өлкөлөрүндө жагымдуу оң иш алып барышкан. Бүгүнкү күндө ОБСЕнин иши начарлап кетти, бирок башка бир да эл аралык түзүм өзүнө бул ишти алган жок

Эл аралык коомчулук улуттук экстремизмди басаңдатуу жана тынч интеграцияны жайылтуу максатында турмуштук тажрыйбанын жардамы менен жана эң ири өлкөлөр: Орусия, Европа шериктештиги, АКШ жана Өзбекстан, ошондой эле ири донордук уюмдардын колдоосу аркылуу кыргыз саясатчылары менен атайын саясий сүйлөшүүлөрдү өткөрүү зарылдыгы пайда болууда.


IWPR: Кагылышуудан кийинки калыбына келтирүү жана элдештирүү аракеттерин эске алуу менен Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу кагылышуудан кандай сабактарды алсак болот?

Мелвин: Мурдагы президент К.Бакиевди бийликтен кулаткан апрель окуясы менен коштолгон Кыргызстандын түштүгүндөгү 2010-жылдын жайындагы зордук-зомбулук Борбордук Азиядагы туруксуз абалдын өсүп жаткандыгын дагы бир жолу көрсөттү. Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу эле, өз алдынча чече алгыс олуттуу көйгөйлөр менен күрөшүүдө.

Ошол эле учурда бул аймакта коопсуздук маселеси күчөөдө. Мындай шартта учурда иш алып барып жаткан коопсуздук боюнча дүйнөлүк уюмдар – ОБСЕ, Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюму же Кызматташуунун Шанхай уюму – зарыл болгон толук туруктуулукту камсыз кылуу үчүн коопсуздукту камсыз кылууга жөндөмсүз.

2010-жылдын жайындагы окуя Борбордук Азия мамлекеттеринин өкмөттөрүнө жана эл аралык коомчулукка мындай абалды өзгөртүү жана аймактагы көйгөйлөргө көңүл буруу зарыл экендигин эскертти. Жакынкы келечекте аймакта тынчтык маанайдагы иш чараларды баштоону пландоо акылга сыярлык иш болмок.
Эгер биз аймактагы көйгөйлөргө көңүлдү күчөтпөсөк, 2010-жылдагы окуя аймактагы өсүп жаткан карама-каршылыктардын башталуу фазасы болуп калуу коркунучу бар.

Сауле Мухаметрахимова, IWPRдын Борбордук Азия боюнча Лондондогу редактору.

More IWPR's Global Voices