Кыргызстан: Буйрутмага жасалган көтөрүлүштөр

Калктын өзгөчө жакырчылыкка баткан катмары, качан өлкөдө саясий жарылуулар орун алган мезгилде ар кандай демонстрацияларга акча үчүн катышып келишет.

Кыргызстан: Буйрутмага жасалган көтөрүлүштөр

Калктын өзгөчө жакырчылыкка баткан катмары, качан өлкөдө саясий жарылуулар орун алган мезгилде ар кандай демонстрацияларга акча үчүн катышып келишет.

Tuesday, 24 August, 2010

Акыркы он жыл ичинде Кыргызстан кезек-кезеги менен түрдүү массалык саясий акцияларды башынан өткөрүп келет. Ар бир акция, топтолгон калың элдин тобу кимдир бирөөнүн кызматтан кетүүсүн талап кылуусу, ошондой эле уюштуруучулардын жана ораторлордун топтолгон элдин, окуяны чагылдыруу үчүн келишкен журналисттердин алдында күчтүү билдирүүлөрдү жасоосу менен коштолот.

Ал эми иш жүзүндө Кыргызстандын калкынын көпчүлүгү саясий жактан анча активдүү эмес экендигин алардын шайлоолорго катышуусу көрсөтүүдө.

Эгер мындай болсо, митингдерди бат-бат өткөрүүнүн мүмкүнчүлүгү эмнеде?

Менин көз карашымда, социалдык экономикалык өзгөрүүлөр жарандардын көп катмарларга бөлүнүүсүнө негиз түзүп, адамдарды акчага жалдап аларды өзү каалаган багытка бурууга мүмкүнчүлүгү болгон капчыгы калың акчалуу адамдардын пайда болушуна алып келди.

2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги төңкөрүштөр башкарып турган режимди кулатуу менен жана үстүбүздөгү жылдын июнь айындагы Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбектер менен кыргыздардын ортосундагы этникалык кагылышуу менен аяктады. Бирок аларды масштабына жараша өз-өзүнчө караш керек, анткени аларга башка түрдүү факторлордун да тиешеси бар.

Бизнес адамы жана саясатчы Урмат Барктабасов тарабынан жакында эле уюштурулган каршылык көрсөтүүлөр бул макалада айтып жаткан нерселерге ачык мисал боло алат.

5-августта өлкөнүн түндүгүндөгү Балыкчы шаарынын көчөлөрүнө миңдеген адам өзүн өлкөнүн премьер-министри катары көргүсү келген Барктабасовду колдоо үчүн чыгышкан. Алар Барктабасовдон кылмыш күнөөлөрүн алып салууну талап кылышкан. Көтөрүлгөн элдер турган жерге ОМОН группалары келип көздөн жаш агызуучу газ чыгарышып, үн чыгаруучу жарылгыч заттарды жана аскердик снаряддарды колдонушуп көтөрүлүшчүлөрдү таркаткан. Натыйжада 11 адам жарадар болуп, ал эми Барктабасов камакка алынган.

Мындай демонстрацияларга кимдер чыгышат? Көбүнчө алар өз аймактарында каршылык акцияларын өткөрүшкөн саясий фигуранын жергиликтүү талапкерлери. Буга Барктабасовго байланышкан окуялар мисал боло алат.

Ошол эле мезгилде аларды өзүнчө эки социалдык топко – жумушка орнотууну жана социалдык камсыздоону өз кепилдигине алган советтик эранын бүтүшү менен рыноктук экономиканын шарттарына ыңгайлашууга аракеттенген шаардык тургундардын биринчи топко жана жакшы турмуш издеп айыл жерлеринен шаарга агып келишкен ички мигранттардан турган экинчи топко бөлүүгө болот.

Бул категорияларга жалпы болгон нерсе – бул маргиналдашуу. Айыл жеринен келген мигранттар, мисалы өздөрүнүн түпкү жери менен байланышын жоготушат, алар өздөрүнүн туулган жеринин келечегин көрө алышпайт, ошону менен катар алар өздөрүнүн шаардык аң-сезиминин жоктугунан өздөрүн ишенимдүү сезе албайт.


Негизинен каршылык көрсөткөн массанын негизин келечектин жоктугуна нааразы болгон жаштар түзөт. Кыргызстандын алсыз экономикасы өсүп жаткан ишсиз жаштардын санын жумуш орундары менен камсыздоого жөндөмсүз. Жаштардын көпчүлүгү Россияга жана башка мамлекеттерге иштөө максатында кетип жатышат, ошого карабастан өлкөнүн өзүндө жумушсуздардын саны көп бойдон калууда.

Алардын мындай каршылык көрсөтүү акцияларына катышуусу, аларга өздөрүн маанилүү саясий көйгөйдү же маселени чечүүгө катышып жаткан толук кандуу жаран катары сезүүсүнө дем берүүдө.

Саясий турмушка катышуунун жаңыдан пайда болгон бул формасы менен катар, кээ бирлеринин катышуусуна экономикалык себептер түрткү болуп, алар каршылык көрсөтүүнүн «жалданма адамдарына» айланууда. Алар өздөрү чакырык салып жаткан маселе өз жүрөгүн оорутуп турса да, алардын оңой жол менен акча табууга болгон каалоосу мындай каршылык көрсөтүү акцияларына катышуусуна түрткү берүүдө.

Ошону менен катар көтөрүлүшкө чыккандарды бекер тамактандырышат, кээде ичимдик беришет – байкоочулардын айтымында, күнүмдүк төлөнүүчү акчанын өлчөмү 8-10 Америка долларын түзүп, кошумча бекер тамак-ашы менен камсыздалат. Акчанын мындай өлчөмү анчалык көп эместей көрүнгөнү менен, Кыргызстан үчүн бул жаман акча эмес.

Ошондуктан уюштуруучуларга болгону бир канча миң доллар жана катышуучуларды мобилизациялоо үчүн адамдарды тандап алуу талап кылынат. Өз кызыкчылыктарын турмушка ашыруу максатында мындай ишти саясатчылардан жана ишкерлерден баштап кылмыштуу чөйрөнүн өкүлдөрүнө чейин жасай алышат.

Акча төлөнгөн көтөрүлүштүн катышуучуларына талап, өзгөчө шайлоолор өтүп жаткан мезгилде жана такай болуп турган өкмөткө каршылык көрсөтүү акциялары учурунда өтө жогору.

Акча үчүн митингдерге катышууну каалагандардын санын кыскартуунун бирден бир ыкмасы – бул экономиканы тез темп менен өстүрүү жана шаарларда да, айылдарда да көп сандаган жумуш орундарын түзүү болуп саналат.

Митингдерди жана каршылык көрсөтүү акцияларын бат-бат өткөрүүнүн мыйзам ченемдүү натыйжасы – мамлекеттик байлыктардын жана экономикалык активдүүлүктүн жоголушуна, мындай каршылык көрсөтүү акцияларын басууга чоң акчалардын жумшалышына, ишкерлердин ишинин убактылуу токтошуна жана Кыргызстандын инвестицияларды тартуу дареметинин начарлашына алып келээри айтпаса да белгилүү.

Павел Дятленко, Бишкектеги «Полис Азия» Борборунун эксперти.

Бул макала «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда Адам укугун коргоо жана укук таануу» долбоорунун негизинде Европалык комиссиянын колдоосунда Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды. Долбоор Европалык Комиссия жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлиги тарабынан каржыланат.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Kyrgyzstan
Protests
Frontline Updates
Support local journalists