Кыргызстан баш аламандыктын курмандыктарына көңүл айтат

Өлкө курман болгондорду жерге берүүдө, ошону менен катар жаңы бийлик өлкөдөгү абалды турукташтырууга аракеттенүүдө.

Кыргызстан баш аламандыктын курмандыктарына көңүл айтат

Өлкө курман болгондорду жерге берүүдө, ошону менен катар жаңы бийлик өлкөдөгү абалды турукташтырууга аракеттенүүдө.

Kyrgyz pray for victims of uprising. Photo by Altynay Myrzabekova.
Kyrgyz pray for victims of uprising. Photo by Altynay Myrzabekova.
Kyrgyz pray for victims of uprising. Photo by Altynay Myrzabekova.
Kyrgyz pray for victims of uprising. Photo by Altynay Myrzabekova.

7-апрелдеги кан төгүлгөн окуялардан кийин жаңы Убактылуу өкмөт өлкөдөгү абалды турукташтырууга аракеттенип жатат жана Россиялык төбөлдөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында делегаттарды Москвага жөнөттү.

Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрүнүн айтымына караганда, көтөрүлүшчүлөргө ок атууга буйрук берген төбөлдөргө карата кылмыш иши козголду.

Ошол эле мезгилде борбордон өлкөнүн түштүгүнө качты деп айтып жатышкан Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевди өз кызматынан баш тартуусуна чакырык ташташты.

Бишкекте жана башка шаарларда орун алган баш аламандыктар мезгилинде 76 адам курман болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышкан. Өз жашоо шарттарына нааразы болуп көтөрүлүшкө чыккан элге өкмөттүк күчтөр ок атышкан.

Борбор калаада жайгашкан Ала-Тоо аянтында миңдеген адамдар курман болгондорго куран окушуп, мамлекеттик туу түшүрүлдү.

Бишкек администрациясынын өкүлү Туратбек Мадылбековдун айтымында, курман болгондорду жерге берүү аземи 10-апрелде өтөт.

Курман болгондорду жерге берүү аземин уюштуруу комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев, Убактылуу өкмөт курман болгондордун туугандарына жардам берүү боюнча атайын жардык даярдап жаткандыгын жарыялады.

«Ага ылайык курман болгондордун үй-бүлөлөрү 22 222, ал эми жарадар болгондор 1000 америка доллары өлчөмүндө жардам алышат», - деди ал.

Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева Бийликтен кулатылган президент отставкага кетсе гана анын жеке коопсуздугу камсыз кылынат деп жарыялады.

Роза Отунбаева Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун өкүлдөрү менен жолугушкандан кийин, журналисттерге кайрылып «Курманбек Бакиевдин өлкөнү таштап чыгып кетүүсүнө дагы деле мүмкүнчүлүк бар», - деп айтты.

Ошондой эле ал президенттин бир тууган иниси, Мамлекеттик коргоо кызматын жетектеген Жаныш Бакиевге карата кылмыш иши козголгондугун жарыялады. Отунбаеванын айтымында, президенттин кабинети жайгашкан Ак үйгө жакындап келишкен көтөрүлүшчүлөргө ок атууну дал ушул Жаныш Бакиев буйрук берген.

«Бакиевдин командасына кирген адамдардын бул тууралуу көрсөтмөлөрү бар. Чындыкты ачыкка чыгарышыбыз керек», - деди ал.

«Мен бүгүн элдик козголоң учурунда оор жаракат алган адамдарыбыз жаткан ооруканага бардым. Болуп өткөндөрдү эске алсак Бакиевге өлкөдө орун жок», - деп кошумчалады ал.

Ал ошондой эле Бакиев жана анын жактоочулары өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга аракеттенип жаткандыгын кабарлады.

«Коомдук жайлардын үч жеринен мина табылды… Бакиевдин бийлигин колдогондорго ачык эле акча таратылып жаткандыгы факт», - деди ал.

«Бакиевдин үй-бүлөсү кайрадан бийликке келүүнү каалап жатышат, алар муну эки күндүк иш деп ойлоодо», - деп кошумчалады ал.

Убактылуу өкмөттүн төрайымынын айтымында, өлкөнүн түштүк жана түндүк аймактарынын ортосунда эч кандай тирешүү жок. Өлкөнүн түштүгү Бакиевге олуттуу саясий колдоо көрсөтүп келгени менен, соңку жылдары андай колдоо көрсөтүү бир топ кыскарган. Ошондой эле Отунбаева түштүк региондогу эки чоң шаар – Ош жана Жалал-Абад шаарлары убактылуу өкмөттүн көзөмөлүндө экендигин айтты.

«Абал борборго салыштырганда бир топ оор, бирок ал жерде да бизди колдогондор көп», -деди ал.

Мыйзамды жана тартипти калыбына келтирүү Убактылуу өкмөт үчүн кечиктирилгис милдет. 8-апрелге караган түнү Бишкектин ар кайсы райондорунда соода түйүндөрдүн күзөт адамдары менен талап тоноочулардын ортосунда кагылышуу орун алгандыгы тууралуу маалымат таркатылды. Бирок 9-апрель күнү ички иштер Министрлиги милициянын жана элдик кошундардын биргелешкен иш аракетинин натыйжасында борбордо абал турукташтырылгандыгын билдирди.

Элдик кошундарды түзүү демилгеси менен чыккан, белгилүү боксёр, Орзубек Назаровдун айтымында, Элдик кошундарга келип кошулган жарандардын саны үч миңге жетти. Алар жаш спортсмендер, кезекте турган офицерлер жана катардагы жарандар, - деди Назаров.

«Ал түнү көптөгөн телефон чалуулар болду, тынбай иштөөгө туура келди», - деди ал.

Уюшулган талап тоноочулук токтотулганы менен Бишкектин кээ бир жерлеринде мыйзамсыз жер басып алуулар орун алып жаткандыгы маалым болгондугун айтты.

Ошол эле мезгилде Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмаз Атамбаев баштаган делегаттар Москвага иш сапары менен учуп кетти. Бул 8-апрелде Роза Отунбаева менен Россиянын премьер-министри Владимир Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин болду.

Эки өлкөнүн ортосундагы өзгөчө мамиленин болгонун баса белгилеп, Путин Россия кыргыз элине мындан ары да жардам берүүсүн улантат деп ишендирди.

Саясат таанучу Нур Омаровдун пикиринде, Атамбаевдин Москвага болгон иш-сапарынын негизги максаты Россиядан гуманитардык жардам алуу болуп эсептелет. Ошондой эле Россия Кыргызстандын стратегиялык партнеру болуп кала берээрин кошумчалады.

 

Айнагүл Абдрахманова, IWPRда тренингден өткөн Кыргызстандагы журналист.

Protests
Frontline Updates
Support local journalists