Institute for War and Peace Reporting | Giving Voice, Driving Change

Кыргызстан: Бакиев өз аймагында колдоо таппаган соң, президенттик кызматын тапшыруу арызын жазды

Митингден кийин 15-апрелде Бакиев Кыргызстандан чыгып кетти.
By Dina Tokbaeva
  • Курманбек Бакиев Ош шаарында, 15-апрелде. Фото - Исомидин Ахмеджанов.
    Курманбек Бакиев Ош шаарында, 15-апрелде. Фото - Исомидин Ахмеджанов.

Курманбек Бакиевдин Ош шаарында өткөн митингдин алдына чыгып сүйлөөсүнө эл мүмкүнчүлүк берген жок. Муну айрым серепчилер президенттин Бишкектеги Убактылуу өкмөткө каршы Түштүк элин топтоп чыгуу аракети оңунан чыкпай калды деп айтышууда.

Президент Ошко барып митингге чогулган элдин алдына чыгып, өз талапкерлерине кайрылуу жасоону пландаган. Бирок Оштогу Борбордук аянтта убактылуу өкмөттүн жактоочулары менен президент Бакиевдин колдоочулары тиреше кетишип, бир канча жолку абага атылган октон кийин тынчып калышкан. Ушул окуядан кийин 15-апрелде Бакиев Кыргызстандан чыгып кетти. АКИпресс маалымат агенттиги кабарлагандай, президент Жалал-Абаддан атайын учак менен Казакстандын Тараз шаарына учуп кеткен.

Көп убакыт өтпөй, Reuters маалымат агенттиги Кыргызстандын убактылуу өкмөтү Курманбек Бакиевдин президенттик кызматтан кетүү арызын алгандыгын кабарлады.

Бакиевдин Оштогу митингде пайда болуп калың элдин колдоосуна ээ болуу аракети, анын өлкөнүн борбору - Бишкекти таштап кеткенден кийинки экинчи аракети эле. Биринчи Бакиевди колдоо митинги 13-апрелде Жалал-Абадда болуп, ага 4 миңге чукул эл катышкан.

Бакиевдин ушундай эле митингди өлкөнүн түштүк борбору болгон Ош шаарында өткөрүү ою оңунан чыкпай, митинг башталбай туруп эле аяктады.

Жергиликтүү журналист Исомидин Ахмеджанов бул окуяга өзү күбө болуп, төмөндөгүлөрдү айтып берди. Бакиев драм театрдын имаратынын алдында чогулган 2, 3 миңге чукул элдин алдында пайда болду.

Бакиев ордунда туруп Оштун борбордук аянты тараптан аларды көздөй жакындап келе жаткан жоон топту алыстан карап жатканы көрүнүп турду. Бул топ убактылуу өкмөт дайындаган жергиликтүү бийлик тарабынын уюштурулган митингдин катышуучулары эле.

«Ошол замат Бакиевдин сакчылары абага бир нече ок чыгарышып, аны машинага салышып, белгисиз тарапка жашырынып жок болушту», - деди Ахмеджанов.

Ахмеджановдун айтымында бүгүнкү күндө Ош шаарында көпчүлүк дүкөндөрү жана соода түйүндөрү жабык болгону менен, жалпысынан абал туруктуу.

 

ТҮШТҮК ТҮНДҮККӨ КАРШЫБЫ?

Жалал-Абад областындагы өзүнүн туулуп-өскөн Тейит айылында жашырынып баш калкалоосу, анда аймактык жан тартуу сезими бар экендигин көрсөтүп койду. Өзүнүн жактоочуларына жасаган кайрылуусунда ал өлкөнүн түндүк эли анын бийлигин кулаткандай ой калтырды.

Өлкөнүн экономикалык жактан бир топ өнүккөн, орусташкан түндүк жана бир топ жакыр түштүк маселеси көбүнчө саясий талкуу мезгилинде байма бай көтөрүлүп келет. Коомдук ишмерлердин көпчүлүгү өздөрү туулуп өскөн аймактан колдоо издешет. Ушуну менен көпчүлүк кыргызстандыктардын жердешчиликке көп маани беришээри көрүнүп турат.

2005-жылдын мартындагы жоогазын революциясынын натыйжасында бийликке келген Курманбек Бакиевдин түндүк аймактан белгилүү саясатчы Феликс Куловду премьер-министр кылып дайындоосу түндүк менен түштүктүн ортосундагы балансты түзүүдө чоң жетишкендик болгон.

Бакиевдин бийликке келип калышынын себеби, ал ошол мезгилде Аскар Акаевдин оппозиционерлеринин чоң тобуна кирген. Бирок ошол оппозициялык саясатчылардын көпчүлүгү бийликтин автократташтырылып кетишин сынга алып, бийлик түрдүү топтордун пикирлерин эске албайт деп күнөөлөшүп, ага каршы чыгышкан.

Айрым серепчилердин айтымында, Курманбек Бакиевдин Жалал-Абаддагы митингде жасаган каардуу кайрылуусу жана анын өлкөнүн түштүгүнүн колдоосуна ээ болуу аракетине карабастан, Бакиев менен жаңы өкмөттүн ортосундагы тирешүүдө аймактыкфактор негизги ролду ойногон жок. Ал Ош шаарында митинг өткөрө алган жок жана өлкөнү таштап чыгып кетти.

Айрым чечмелөөчүлөрдүн пикиринде, Бакиев түндүктүктөр эле эмес түштүктүктөрдүн да колдоосун жоготту. Бирок жаңы өкмөттүн курамында өлкөнүн түштүк шаары Оштон Роза Отунбаева, Жалал-Абаддан Өмүрбек Текебаев, ал эми түндүк тараптан Алмаз Атамбаев сыяктуу өкүлдөр бар.

Ушундай эле нерсе өлкөнүн түштүгүндөгү калктын көпчүлүгүн түзгөн өзбек коомчулугунун өкүлдөрүнө да тиешелүү. Өзбек улутундагы кээ бир жетекчилер гана Бакиевдин мезгилинде кызмат алышса, ал эми учурда белгилүү лидерлер убактылуу өкмөткө колдоо көрсөтүп чыгышты.

Чындыгында өлкөнүн түштүгүндө Бакиевди колдоочулардын саны тез кыскарып, колдоо өтө күчтүү эмес эле. Аны колдогондор жергиликтүү администрациянын жакшы кызмат орундарына ээ болгон бир топ төбөлдөр жана анын жакын туугандары экендиги айтылууда.

Мамлекетти башкаруу жаатындагы эксперт Шерадил Бактыгулов Курманбек Бакиевдин Кыргызстандагы акыркы күндөрүндө өз тууган-туушкандарына гана таасири болгонун, ал эми башка колдоочулары андан алыстап башка лидерди ээрчип кетүүгө даяр тургандыгын айтат.

Бактыгуловдун айтымында, ал тургай 13-апрелде Бакиев тарабынан өткөрүлгөн митингдин катышуучулары да ар кандай көз карашта болушкан.

«Жалал-Абаддагы 13-апрелдеги президентти колдоо митингине катышкан айрым күбөлөрдүн айтымында, митингге келген элдин жарымы Бакиевди жактагандар болсо, жарымы кокусунан келип калган адамдар эле», - деди ал.

Бактыгулов бул Кыргызстандагы жалпы саясий абалдын бир топ так чагылышы деп эсептейт.

«Айтылган пайыздык катнаш Кыргызстанда акыркы беш жылда эмнелер болгондугунан кабар берип турат», - деди ал.

«Ошондуктан бүгүнкү күндө Кыргызстанды түндүк-түштүк деп бөлүү акылга сыйбайт», - деди ал.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» Коалициясынын Жалал-Абаддагы өкүлү Чолпон Эргешова митингге Бакиевди колдогондор жана алардын оппоненттери, ошондой эле жөн эле кызыккан эл да келгендигин тастыктады.

Бакиев өлкөнүн түштүгүндө турганда аны колдогон митингдердин болушунан улам, айрым чечмелөөчүлөр Кыргызстанда жарандык согуш чыгып кетүү коркунучу бар экендигин айтып чыгышты. Бирок IWPR сурамжылоого алган аналитиктердин пикиринде, бул кооптонуу негизсиз.

Өлкө түштүгүндөгү калктын басымдуу бөлүгү бийликти өз үй-бүлө мүчөлөрүнүн колуна топтогон Бакиевдин экономикалык саясатына нааразы. Мындай кырдаалда жарандык согуш жөнүндө сөз да болбош керек», - дейт саясат таануучу Александр Князев.

«Азыр аймактык картаны көтөрүү туура эмес. Түндүк – түштүк деп бөлүү - бул өтө эле примитивдүү, аны түшүнбөгөндөр гана айтышы мүмкүн», - дейт ал.

 

ИШКЕ АШПАГАН ҮМҮТТӨР

Айрым аналитиктердин пикиринде, 2005-жылы Бакиевди президент кылып шайлаган элдин үмүттөрү ишке ашкан жок. Алар дүйнөлүк каатчылык учурунда президенттин жүргүзгөн экономикалык саясатынын туура эмес болгондугун, ошондой эле ушул жылдын башындагы электр кубатына жана жылуу сууга болгон төлөмдөрдүн кескин көтөрүлүшү калктын нааразычылыгын андан ары курчутуп жибергенин айтып, дал ушул төлөмдөрдүн көтөрүлүшү Бакиевге каршы элдик козголоңдордун чыгышына алып келгендигин белгилешти.

«Тарифтердин көтөрүлүшү калктын өз тамак-ашына каражат табуу мүмкүнчүлүгүн толугу менен жок кылып салды», - дейт Бактыгулов.

Беш жыл ичинде Бакиев калк туш болгон кыйынчылыктарды көңүл сыртында калтырып, акырындап бышып жетилген элдин нааразычылыгына маани берген жок.

«Качан адам турмуш чындыгынан алыстап өз кыялдарынын туткуну болуп калганда, эл аны сыйлабай калат. Акыркы мезгилде Бакиевди элдин аз бөлүгүнүн колдоп калгандыгынын себеби да ушунда», - дейт Бактыгулов.

 

КЫРГЫЗСТАН АЙМАКТЫК ПРИНЦИПТЕРИНЕН АРЫЛУУДА

Бактыгуловдун айтымында, тууганчылык жана жердешчилик дагы деле сакталууда. Тигил же бул саясатчы өз аймагынан толук колдоо ала алат, бирок ошону менен бирге ушул эле саясатчылар кандайдыр бир коммерциялык кызыкчылыктары менен биригиши мүмкүн.

«Бизде тууганчылык түшүнүгү бар экендигин тана албайбыз. Бирок Кыргызстанда да башка Борбор Азия өлкөлөрү сыяктуу эле бизнес-кызыкчылыктар боюнча жан тартуу принциби бар. Мындай топтор өзүнө жалпы максатка умтулган түрдүү аймактын өкүлдөрүн бириктириши мүмкүн», - дейт ал.

Ал эми катардагы жарандарды тиги же бул саясатчынын аймактык теги кызыктырбайт, алар үчүн элдин көйгөйүнө көңүл бөлүп, аны чечүүгө аракет жасаган жетекчи керек.

«Карапайым адамга кимдин депутат болушу баары бир. Башкысы акча табууга мүмкүндүк түзүлүп, өз үй-бүлөсүнүн татыктуу жашоосун камсыз кыла алса болду», - дейт Бактыгулов.

Дагы бир айта кетчү нерсе, Кыргызстандын 1991-жылы өз эгемендүүлүгүн алган күндөн тарта элибизге берилген саясий эркиндик – оппозициянын саясий процесстерге катышуусуна мүмкүндүк берип, түрдүү көз караштарды чагылдырган ММКнын жана жарандык коомдун пайда болушуна алып келди.

«Мындай коомго орто кылымдагы хандык түшүнүктү таңуулоо акылга сыйбайт, кыргыз коому үчүн бул ылайыксыз нерсе», - деди ал.

«Март революциясынан кийинки беш жыл ичинде адам акылында чоң өнүгүүнү басып өттүк дейт» - Бактыгулов.

«Ошондон берки болгон окуялар адамдардын ой жүгүртүүсүн, менталитетин өзгөрттү. Учурда жетекчилердин кайсы аймактан же уруудан экендиги эмес, алардын идеясы маанилүү», - деп кошумчалады.

 

Дина Токбаева, IWPRдын Кыргызстан боюнча редактору.

Бул макала IWPRдын Европалык коммиссия тарабынан каржыланган "Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу" , ошондой эле Норвегиянын тышкы иштер Министрлиги тарабынан каржыланган "Укуктук маселелерди, карама-каршылыктарды жана ишенимди бекемдөө боюнча маалымат программасы" долбоорлорунун негизинде даярдалды.Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.