Кыргызстан: Бажы союзуна байланышкан талкуулар

Бажы союзуна мүчө болуу Россия жана Казакстан менен соода жүргүзүүдө бир топ пайдалуу, бирок анын тескери жактары да бар деп эсептешет экономисттер.

Кыргызстан: Бажы союзуна байланышкан талкуулар

Бажы союзуна мүчө болуу Россия жана Казакстан менен соода жүргүзүүдө бир топ пайдалуу, бирок анын тескери жактары да бар деп эсептешет экономисттер.

Tuesday, 21 September, 2010

Кыргыз өкмөтү коңшу Казакстан, Россия менен Бажы биримдигине кирүү мүмкүнчүлүгүн карап жаткан мезгилде, бир катар эксперттер бул кадамдардын туура жасалып жаткандыгынан күмөн санашаарын айтып чыгышты.

 Июль айында ЕврАзЭСтин алкагында өткөн эл аралык экономикалык уюмдардын, бириккен мурдагы советтик республикалардын жолугушуусунда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева өлкө Бажы союзуна кошулууга аракеттенип жаткандыгын билдирди.

Президент, 2012-жылдын аягына чейин 170 миллион калкты кучагына алган жалпы рынокту түзүүнү максаттап жаткан Бажы Союзуна кирүүнүн экономикалык натыйжасы кандай болоорун изилдөө милдетин атайын жумушчу топко тапшырды.

Эгер Кыргыз мамлекети бул өлкөлөр менен соода мамилесин бирдей шартта уланткысы келсе, Кыргызстандын алсыз экономикасы үчүн Россия жана Казакстан менен бажы макулдашууларын жөнгө салуу зарыл нерсе.

Июль айынын башында Россия, Белоруссия жана Казакстан мамлекеттери үчүн жалпы бажы тартиптеринин киргизилиши Бажы союзуна мүчө өлкөлөр менен ага кирбеген өлкөлөрдүн ортосунда бөлүнүүнүн болушуна алып келди..

Жалпы бажы тартиптери киргизилгенге чейин ЕврАзЭСке мүчө өлкөлөрдүн ортосунда пошлинасы жок эле соода байланышы болгон. Эми Бажы биримдигине кирбеген өлкөлөр сырттан алынып келген товарга ушул союз тарабынан салынган салыкты төлөөлөрү керек, ошондуктан Кыргызстандын лидерлери өлкөнүн бул союзга кирүүсү пайдалуу деп эсептешүүдө.

Кыргызстандын Россия жана Казакстанга жакындашуусунун олуттуу экономикалык жана саясий себептери бар, анткени бул эки өлкө тең ири инвесторлор болушат, ал эми Москва ушуну менен катар олуттуу финансалык жардам жана насыяларды берип келүүдө. Эки өлкө тең Кыргызстандан кеткен көптөгөн эмгек мигранттарын жумуш орундары менен камсыздоодо.

Кыргызстандын экономикалык жөнгө салуу Министрлигинин эл аралык сооданы жөнгө салуу бөлүмүнүн начальниги Анархан Рахманова Бажы союзуна кирүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалды. Анын айтымында, бул маселени кароодо Россия жана Казакстан менен болгон соода мамилелери негизги баалулук катары биринчи планда турат.

«Соода мамилелеринин 41%дан ашыгы Бажы союзуна мүчө мамлекеттер менен түзүлгөн, бул союзга кирүү ушул мамлекеттерге экспортту күчөтүүгө мүмкүндүк берет», - дейт ал.

«Полис Азия» Борборунун саясий эксперти Павел Дятленконун айтымында, ушул жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад шаарларында орун алган этникалык кагылышуулар алып келген ири кыйроолорду калыбына келтирүүдө Россия жана Казакстан Кыргызстанга активдүү жардам көрсөтүүдө.

Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасы жана мамлекеттик финансы абалы өтө оор абалда болгондуктан өлкө азыр өзү жалгыз эч нерсе жасай албайт. Бул жылы өлкөдө чоң бюджеттик таңкыстык бар, ошондуктан Кыргызстанга Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө, сырткы сооданын, инвестициянын, эмгек мигранттары салган кирешенин жана туристтик тармактан түшкөн кирешелердин кыскарышынан улам тарткан чыгашаларды толтурууга чоң акча каражаттары талап кылынат.

«Кыргызстандын экономикасы Бажы союзуна мүчө өлкөлөргө өз продукцияларын экспорттоонун жана кытай товарларын ошол эле өлкөлөргө кайрадан экспорттоонун эсебинен жашап жатат», - деп кошумчалады Дятленко.

Өкмөттүн өкүлү Муктар Жумалиев «24.kg» маалымат агенттигине, Бажы союзу Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын импортуна салык салбайт деп билдирген. Анын айтымында, салык чет жакта өндүрүлгөн же кайрадан экспорттолуп жаткан товарларга салынат.

Бул Кытайда өндүрүлгөн товарлардын негизги борбордук-азиялык сатуу жана кайрадан экспортто борборуна айланган Кыргызстанга көп салакаларын тийгизет.

Кытай соода көлөмү боюнча Кыргызстандын Россиядан кийинки экинчи өнөктөшү. Өткөн жылы Кытай менен болгон сооданын көлөмү 14%ды түзгөн. Эгер Кыргызстан Бажы союзуна бирикпесе, анда кытай товарларын чоң киреше менен Казакстанга экспорттоо бир топ кыйын болуп калат. Бирок өлкө бул союзга бириксе Кытайдан алынып келген товарларга салык жогорулайт.

Учурда Кытай жана Кыргызстан өздөрү мүчө болгон Дүйнөлүк Соода уюмунун алкагында бири-бирине жагымдуу соода шарттарын түзүп келишет. Ал эми Россия да, Казакстан да бул соода уюмуна мүчө болбогондуктан, кээ бир эксперттер өлкө бир тартип топтомдорунан экинчи тартип топтомдоруна өтүү менен бир топ чыгаша тартышы мүмкүн деп тынчсызданышууда. Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна кирген өлкөлөрдөн келген товарларга болгон пошлинанын эки эселентип алышы мүмкүн дешет.

«Зарылчылыкка карап тандоо жасаш керек, бирок негизги артыкчылык Дүйнөлүк соода уюмуна жасалышы керек, анткени Бажы уюмуна караганда Соода уюмунун рыногу бир топ чоң», - деди Бишкектеги Клубдун директору Улук Кыдырбеков.

Бирок Кыргызстандын мурдагы айыл чарба министри, экономикалык эксперт Жумакадыр Акенеев өлкө тандоо алдында турат дегенге кошулбайт. Анткени Соода уюмуна мүчө болуп туруп, аймактык экономикалык бирикмелерге кирүүгө болот. Бажы салыктарында болгон айырмалар, соода уюмундагы сыяктуу эле жеткиликтүү ийкемдүү болгондуктан макулдашууларга жетишсе боло тургандыгын айтты.

Башка эксперттер да Бажы союзуна кирүүнүн оң жактарын четке кагышпайт, бирок Кыргызстан Россия менен Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирүү пландарын ишке ашырышын күтө туруусу керек деп эсептешет. Алгач алар Бажы биримдигине чогуу кирүү мүмкүнчүлүктөрүн карашкан, бирок кийинчерээк өз алдынча кирүү пландарына кайрылышты.

«Жаңы уюмга кошулуу маселеси боюнча акыркы чечимди кабыл алуу үчүн Кыргызстанга убакыт жетиштүү. Анткени Бажы союзуна кирген бардык мамлекеттердин Дүйнөлүк соода уюмуна киргенге чейин бир топ убакыт бар.

Асыл Осмоналиева, IWPRдын атайын машыгууларынан өткөн Кыргызстандагы журналист.

Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда Адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

 

Kyrgyzstan
Economy
Frontline Updates
Support local journalists