Institute for War and Peace Reporting | Giving Voice, Driving Change

Кыргызстан: аракеттеги президенттин “ишенимдүү” жеңиши

Бейөкмөт уюмдар жана оппозиция, ошондой эле айрым эл аралык уюмдар 23-июлда өткөн президенттик шайлоодо одоно мыйзам бузуу фактылары орун алгандыгын айтып чыгышты.
By Timur Toktonaliev
(БШК) соңку маалыматы боюнча, 23-июлдагы шайлоонун жыйынтыгында “Ак Жол” партиясынын лидери Курманбек Бакиев 76,12 пайыз добуш менен экинчи президенттик мөөнөткө кайрадан шайланды.



Чынында Курманбек Бакиев бул жолу 2005-жылдын март айына салыштырганда башкача кырдаалда кайра шайланды. Курманбек Бакиев постсоветтик өлкөлөрдүн ичиндеги бийликке ыңкылап аркылуу келген үч президенттин бири.



Мурдагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусунан жадаган элдин массалык толкундоолору 24-мартта Акаевдин өлкөдөн качып кетүүсүно себеп болгон “Жоогазын ыңкылабынынын” жеңиши менен аяктап, ордуна оппозициялык лидер, Кыргызстан элдик кыймылынын башчысы Курманбек Бакиевдин улут башына келишин шарттаган.



Ошол күндөн тарта мурдагы оппозиция лидери Курманбек Бакиев өзүнүн бийлигин чыңдоо менен алек болду. 2007- жылы Конституциялык реформа жүргүзүлүп, парламенттин ыйгарым укуктары чектелип, президенттин укуктары бекемделди. Ага нааразы болгон анын айрым мурдагы пикирлештери оппозиция тарабына өтүшүп, Курманбек Бакиевди бийликтен кетирүү максатында Бириккен Элдик Кыймылын (БЭК) түзүштү.



Шайлоонун жыйынтыгында Курманбек Бакиевдин бирден бир атаандашы, Социал- демократиялык партиясынын лидери, БЭКтен президенттикке көрсөтүлгөн талапкер Алмазбек Атамбаев экинчи орунга ээ болуп, 8,41 пайыз добуш алды. Калган төрт талапкер жалпы добуштун 10 пайызына ээ болушту. Учунчу болуп “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев 6,74%, Токтайым Үмөталиева 1,14 % добуш топтошту.



“Жоомарт” потриоттук кыймылынын лидери, Кыргызстан мусулмандар союзунун теңтөрагасы Нурлан Мотуев 0,98 % добуш алса, ал эми белгилүү нарколог Жеңишбек Назаралиев алтынчы болуп, 0,83 % добушка ээ болду.



БШКнын маалыматына ылайык добуш берүү укугуна ээ болгон 2,7 миллион жарандын 79,1 пайызы добуш берүүгө катышты.Өлкө калкынын саны 5 млн адамды түзөт.



Шайлоонун жыйынтыгында бир катар укук коргоочу жана эл аралык уюмдар президенттик шайлоону сынга алышып, шайлоо күнү добуштар бурмаланып, ар түрдүү мыйзам бузуулар орун алгындыгын жарыялашты.



Ошондой эле алар шайлоонун жумуш күнү өткөрүлүшүн (мурда шайлоо жалаң дем алыш күндөрү өткөрүлгөн), айдоочулук күбөлүгү менен добуш берүүгө уруксат берилгендигин жана добуш берүү учурунда мурдагыдай шайлоочулардын колуна көзгө көрүнбөгөн краска чачып (маркировка), белги кою эрежесинин алынып салынгандыгын сынга алышты.



Алардын ою боюнча шайлоону жумуш күнү өткөрүү мамлекеттик кызматкерлерди шайлоо участкаларына ташып келүүнү жеңилдетти, айдоочунун күбөлүгө менен добуш берүүгө уруксат берүү шайлоочунун ким экендинин аныктоону оорлотту, ал эми шайлоочулардын колуна белги кою эрежесин алып салуу бир эле адамдын бир нече жолу кайталап добуш берүүсүнө ыңгайлуу шарт түздү.



БШКнын маалыматы боюнча 10 миңге жакын жергиликтуу жана 516 эл аралык байкоочулар шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүштү. Алардын алдын ала берген маалыматы 24-июлда, шайлоодон кийинки күнү коомчулукка жарыяланды.



Жарандык Уюмдардын Бирикмеси (ЖУБ) шайлоо толгон токой мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөндүгүн, добуш берүү күнү бюллетендер урналарага пачкалап ыргытылып, участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрү шайлоо протоколдорун байкоочуларга беришпей, административдик ресурсту бир гана талапкердин пайдасына колдонуу фактылары көп кездешкендигин айтып чыгышты.



Ошондой эле ЖУБнин БШКга жолдогон катында, шайлоону дем алыш күнү өкөрүү, шайлоочулардын колуна белги кою эрежесин калыбына келтирүү жана добуш берүү үчүн колдонула турган документтердин санын азайтуу, ошондой эле добуш берүү жүрүп жаткан мезгилде сүрөткө , видеого тартууга уруксат берүү талаптары айтылган.



Мындан сырткары ЖУБ өкүлдөрү добуш берүү мезгилдинде катталган бардык мыйзам бузуулар БШК га жиберилээрин кошумчалашты.



Ал эми Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун (ЕККУ) байкоочулары өздөрүнүн алдын ала берген отчетунда “Кыргызстанда өткөн шайлоо өзү мүчө болгон ЕККУнун талаптарына жооп бербейт” деп жарыялашты.

“Тилекке каршы шайлоонун көрсөткүчтөрү биз күткөн натыйжаларды көрсөткон жок.... Шайлоо ар кандай адамды иренжиткен аракеттер менен менен коштолду”, - деди ЕККУнун шайлоого байкоо жургузүү тобунун өкүлү Радмила Шекеринска.



Добуш берүү күнү ар кандай мыйзам бузуулар жана түшүнбөөчүлүктөр орун алгандыгын айтып, ага мисал катары бюллетендерди пачкалап урнага таштоо, шайлоочулардын аты жөнүнүн такталбаган, кайталап добуш беруу фактылары орун алгандыгын келтирди. “Абал добуштарды саноо жана жалпы жыйынтыгын чыгаруу мезгилинде дагы татаалдашты”,- деп кошумчалады ал.



Ушундай эле мыйзам бузуулардын орун алгандыгын Шайлоого байкоо жургузуу боюнча Европалык уюмдар бирикмеси ((ENEMO) да өздөрүнүн алдын ала чыгарган отчетунда жарыялашты.



БШК шайлоо өнөктүгү учурунда ар кандай мыйзам бузуулар болгондугун четке какпайт. Бирок ал мындай мыйзам бузуулар олуттуу эмес экендигин жана ала добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир тийгизбегендигин айтты.



БШКнын аппарат жетекчиси Кудайберген Базарбаев “Башка нерселер сыяктуу эле шайлоо өнөктүгү кемчиликсиз өтпөйт. БШК бардык чечимдерин мыйзам чегинде фактыга таянып кабыл алат”, - деди IWPR га берген маегинде.



Ошол эле мезгилде Курманбек Бакиевдин командасы жогорудагыдай сындоолорго макул эмес. Алардын пикиринде айрым мыйзам бузууларга карабастан шайлоо таза жана мыйзам чегинде өттү.



“Шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир берүүчу массалык же одоно мыйзам бузуулар болгон жок”, - деди “Ак Жол” партиясынын жетекчисинин орун басары Табылды Орозалиев.



Ал эми Жогорку Кеңештин “Ак Жол “ фракциясынын лидери Улугбек Ормоновдун пикиринде Бакиевдин ишенимдүү жеңиши - элдин президентке болгон ишениминин далили.



Ошондой болсо да шайлоодон кийин президенттике талапкерлердин байкоочулары жана айрым жергиликтүү бейөкмөт уюмдар шайлоо учурунда оорун алган мыйзам бузуулар боюнча БШК ар кандай кайрылууларды жолдошууда.

БШКнын мүчөсү Алексей Елисеевдин айтымында БШКга жүзгө жакын кайрылуулар келип түштү.



Мындан сырткары Бакиев жана Мотуевден башка президенттике талапкерлер шайлоонун мыйзам бузуулар менен коштолгондугун сынга алышты.



Өлкөнүн мурдагы премьер-министри Алмазбек Атамбаев шайлоону “легитимсиз” деп атап, 29 июлдан тарта каршылык көрсөтүү акцияларын баштоону убада берди. Атамбаевдин жактоочуларынын пикиринде шайлоо өнөктүгү ар кандай чектен чыккан мыйзам бузуулар, бурмалоолор менен коштолду.



Алмазбек Атамбаевдин шайлоо өнөктүгүн жетектеген Бакыт Бешимов Кыргызстан Социал- Демократиялык партиясы шайлоо күнү шайлоочуларга сурамжылоо жүргүзгөндүгүн, сурамжылоонун жыйынтыгында шайлоодо 60,60% менен Алмазбек Атамбаев утуп чыккандыгын, ал эми учурдагы президент Бакиев 25,10% менен жеңилип калгандыгын маалымдады.



“Ак Шумкар” партиясынын президенттикке талапкер Темир Сариев добуштарды саноодо адилеттиктин болгондугуна шеги бар экендигин билгизип, шайлоонун өтүшүн оппозициялык БЭКтин өкүлдөрүндөй өтө курч маанайдагы сын айткан жок.

“Бизде өзгөчө мүнкүнчүлүктөр бар болчу, биз таза шайлоолорго катышкыбыз келген, бирок мен таза шайлоо болгон жок, ”- деди Сариев.



Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева жалпы жарандардын шайлоого катышуусу БШК жарыялаган 80% дан бир канча төмөнкү көрсөткүчтө (60%) болгондугун билдирди.

БКШнын аларга түшкөн доо арыздардын баардыгы кайрадан каралаарын ишендиргенине карабастан Социал-демократиялык партиясы Атамбаевге берилген добуштардын көпчүлүгү уурдалгандыгын жарыялап, 29 июлда каршылык көрсөтүү акциясын өткөрө тургандыгын пландаштырып жатышат.



23- июлда шайлоо участкалары жабылгандан кийин Атамбаев жана Назаралиев Атамбаевдин шайлоо штабынын жанында митинг-концерт өткөрүштү. Ал эки саатка созулду. Көп өтпөй ИИМ нин башчысы Молдомуса Конгантиев бардык уруксатсыз өткөрүлгөн митингдерге катуу жаза колдонуларын маалымдагандан кийин, митингчилер тарап кетишти.



Серепчилер жана Бакиевди колдогон саясатчылардын айрымдары коомчулуктун каршылык көрсөтүү акцияларына барышынан күмөн санашат. Мындай пикирин алар “учурда жарандардын көпчүлүгү жумушта, айрымдары эс алууда, айрымдары милиция кызматкерлери менен каршылашып, өздөрүнө проблема жараткылары келишпейт”, - деп түшүндүрүшөт.



Улукбек Ормоновдун пикири боюнча добуш беруу күнү шайлоого катышуудан баш тарткандыгы үчн эл Атамбаевди колдобойт.



“Шайлоочулар илгери үмүт менен ар бир добуш учун күрөшүп жатышкан. Ал эми Атамбаев болсо эл жөнүндө ойлоп да койбой, дароо аларды талаага таштап кетти. Ошондуктан, менин оюмча, эл Атамбаевди колдоп кандайдыр бир наразылык акцисына чыгышпайт”, - деди Ормонов.



Саясат таануучулардын пикиринде да эл оппозицияны колдобойт, анткени Бакиевдин саясий технологдору шайлоочуларды айлык акылары, пенсия төлөмдөрүнүн көбөйтүлүшү, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшү сыяктуу аргументтүү фактылар менен ынандырып, аларды учурдагы президенттке добуш берүүгө көндүрө алышты.



Саясат таануучу Марс Сариевдин айтымында учурдагы коомдук саясий кырдаал, 2005- жылдын март айындагы кырдаалдан түп орду менен айырмаланат. Өлкөнү 15 жыл башкарып келген Акаевге каршы нааразылык өтө күчтүү болгон, Бакиевге карата андай терс көрүнөштөр анчалык күчтүү эмес.



“Шайлоодон кийин Бакиевдин саясийтехнологдору оппозиция өкүлдөрү менен тил табышууга аракет кылышат, бул максатта өкмөт курамы алмаштырылып, керек болсо парламентти таратып болсо да аларга ар кандай саясий кызмат орун сунуш кылышат. Бийликтин мындай аракеттерине оппозиция канчалык деңгээлде көнөт аны убакыт көрсөтөт”, - дейт Марс Сариев.



Тммур Токтоналиев - IWPRдын тренингдерине катышып жүргөн журналист.