Institute for War and Peace Reporting | Giving Voice, Driving Change

Кыргызстан: акча кайда?

Жаңы өкмөт акчанын өлкөдөн чыгып кетишин токтотуп, мурдагы кызматтагылар өз капиталдарын кайда сакташкандыгын такташы керек. Шайлоочулар убактылуу өкмөттүн ишине канааттанышы үчүн жогорудагы эки маселени тең кечиктирбей ишке ашырышы зарыл.
By Asyl Osmonalieva
  • Азия Универсал банкы (АУБ), Бишкек. Кыргызстандын Улуттук банкы АУБ баш болгон төрт банкты убактылуу өз көзөмөлүнө алды. Фото - Нурлан Абдалиев.
    Азия Универсал банкы (АУБ), Бишкек. Кыргызстандын Улуттук банкы АУБ баш болгон төрт банкты убактылуу өз көзөмөлүнө алды. Фото - Нурлан Абдалиев.
  • Кыргызстандын Улуттук банкы. Фото - Нурлан Абдалиев.
    Кыргызстандын Улуттук банкы. Фото - Нурлан Абдалиев.

 Жаңы өкмөт акчанын өлкөдөн чыгып кетишин токтотуп, мурдагы кызматтагылар өз капиталдарын кайда сакташкандыгын такташы керек. Шайлоочулар убактылуу өкмөттүн ишине канааттанышы үчүн жогорудагы эки маселени тең кечиктирбей ишке ашырышы зарыл. Асыл Осмоналиева, Бишкек.

Кыргызстандын жаңы өкмөтү туш болгон бардык көгөйлөрдүн ичинен эң олуттуусу оор экономикалык абал болуп калууда. Аларды бийликке алып келгендердин үмүтүн актоо үчүн убактылуу өкмөт өлкөдө канча акча каражаты бар экендигин тактоого аракеттенип, шашылыш түрдө Россиядан жардам сурай баштады.

Курманбек Бакиевди бийликтен алып түшкөн 6-7-апрелдеги элдик козголоңдон кийин, жаңы өкмөт экономика жаатындагы көптөгөн кечиктирилгис көйгөйлөрдү иликтөөгө алып жатат.

Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев 9-14-апрелде финансылык жардам сурап Москвага учуп барды.

Жаңы өкмөт капиталдын сыртка чыгып кетүүсүн болтурбай коюуга кескин чараларды көрүүдө. Анткени мурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиев тарабынан түзүлгөн бюджеттен сырткаркы эсептерде сакталган акчаларды жашыруун өлкөдөн алып чыгып кетүү коркунучу бар.

Ошону менен катар жаңы өкмөт Бакиевдин башкаруусуна каршы чыккан Бишкектеги жана жер жерлердеги козголоңчулардын негизги талабын аткарышты. Электр кубаттуулугуна, жылуулукка көбөйтүлгөн төлөмдөр мурдагы калыбына келтирилип, уюлдук байланышка киргизилген кошумча 60 тыйынды да алып салууга жетишишти.

«Перемена» инновациялык биримдигинин жетекчиси экономист Алмаз Тажибаев - эң биринчи экономикалык саясаттын туура жолго салынышына чоң маани берилиши зарыл», - деп айтты.

«Кечээги оппозиция бийликке келди, эми өлкөнүн эртеңки тагдыры алардын канчалык деңгээлде экономикалык кайра түзүүлөрдү туура жасоосуна байланыштуу болот».

БАКИЕВДИН ТӨЛӨМДӨРГӨ КИРГИЗГЕН ӨЗГӨРТҮҮЛӨРҮ АЛЫНЫП САЛЫНДЫ

8-апрелде Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттүн башына келгенден кийинки биринчи маалымат конференциясын өткөрүп, анда элдик козголоңго алып келген тарифтердин көтөрүлүшүн жокко чыгаруу пландарын айтты. Буга чейин төлөнүп калган төлөмдөр кайрадан эсептелип кайтарылып берилээрин убада кылды.

Кыргызстандын күйүүчү май сатуучу компаниялар Ассоциациясынын башчысы Базарбай Мамбетов, Убактылуу өкмөттүн мындай кадамдары элге жана бүтүндөй экономикага оң таасирин берээрин айтып, кубаттап чыкты.

«Мурдагы бийлик тарифтердин көтөрүлүшү реалдуу зарылчылыктан келип чыгууда – деп элди алдап келишти», - деди ал.

Тажибаев эмне себептен убактылуу өкмөт тарифтерге болгон бааны төмөндөткөнүн түшүнбөйт, тарифтердин төмөндөтүлүшү бюджеттик кирешени кескин кыскартат, ошону менен катар мамлекеттик казына бош деген маалымат таркалууда.

Ошондой эле Отунбаева  Бакиевдин учурунда базар наркынан бир топ төмөнкү баада менчиктештирилди деген шектенүүлөрдү туудурган кээ бир ири ишканалар мамлекеттин менчигине кайтарылат деп сөз берди.

Icapinvest кеңеш берүүчү Борбордун жетекчиси Бакай Жунушув энергетика компанияларын жана электростанцияларды кайрадан улутташтыруу идеясын колдойт, ошондой эле ушундай эле иштер Бакиевдин айланасындагы адамдарга тиешелүү банктарга карата да жасалыш керектигин кошумчалайт. Ага Азия Универсал  банкы кирет.

БАНК ЭСЕПТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮ ТОКТОТУЛДУ, АЛ ЭМИ УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ КАРАЖАТ ИЗДӨӨДӨ

Бир жактан жаңы өкмөт мамлекеттик фонддун кай жакта жайгашкандыгын тактоо аракетин жасап жатса, экинчи жактан Кыргызстандын Улуттук банкы АУБ  баш болгон төрт банкты убактылуу өз көзөмөлүнө алды. АУБ банкы мамлекеттик фонддун олуттуу бөлүгүнө ээ. Мамлекеттик уюмдардын дээрлик баарынын өздүк эсептери дал ушул банкта катталып, мамлекеттик пенсия фонду да ушул банкта сакталган.

Чиновниктер бул банктар өнүктүрүү, инвестиция жана инновация Борбордук Агенттигинин директору, президенттин баласы Максим Бакиев тарабынан көзөмөлдөнүп турган деп ишенимдүү айтышууда. Максим Бакиев жетектеген Агенттик өкмөттөн сыртта иш жүргүзгөн жана экономикалык пландоого байланышкан маселелерди кабыл алган. Агенттиктин өзүнө карата азыр иликтөө иши жүргүзүлүүдө.

Убактылуу өкмөттүн аткаруу комитетинин жетекчиси Эдил Байсалов 9-апрелде AFP жаңылык агенттигине Бакиев качан бийликти таштоого аргасыз болгондо өкмөттүк фонддор башка эсептерге которулуп кетүү коркунучу болгондугун айтты.

«Банк эсептерин убактылуу жапканыбыздын себеби, биз Бакиевдин көзөмөлүндө болгон банк эсептеринен акчаны өлкөдөн сыртка которуп жиберет деп кооптонуп жатабыз», - деди ал.

Кийинки күнү Улуттук банктын убактылуу жетекчиси Заир Чокоев маалымат конференциясында бюджеттик фонддор коопсуздукта деп жарандарды ишендирди.

Өз атын атагысы келбеген АУБдун катардагы кызматкери, өзгөчө кооптонуу инновация боюнча Борбордук Агенттикке тиешелүү фондго карата болгондугун айтты.

«Улуттук Банк маалымдагандай, жаңы тартипти киргизүүгө, бул банкта Бакиевге жана анын үй-бүлөсүнө тиешелүү ишканалардын эсептери жүргүзүлүп тургандыгы себеп болгон. Чын чынына келгенде бул банк аркылуу өнүктүрүү Агенттигинен фермерлерге кредиттер гана берилип турган», - деди ал.

«Жаңы бийликтин негизги милдети эсептерден капиталды чыгарып кетүүнүн ар кандай аракеттерине бөгөт коюу», - деди Жунушев.

АУБ банкынын кызматкеринин айтымында, бюджеттик чыгашаларга байланышкан эсеп иштеринен сырткары бардык транзакциялар токтотулган жана финансы полициясы 20 миң доллардан жогорку өлчөмдөгү акча которууларды карап чыгууда.

Ошону менен катар, жеке эсептин ээлерине 2300 доллар өлчөмүндөгү чек коюлду. Эсеп ээлери ал суммадан ашыкча акча каражатын өз эсептеринен ала алышпайт.

МОСКВАГА ЖАРДАМ СУРАП КАЙРЫЛЫШТЫ

Экономикалык кыйынчылыктан чыгууну көздөп, жеткиликтүү акча каражатына ээ болуу максатында Кыргызстандын жаңы өкмөтү Москвага акча сурап кайрылды. Алмаз Атамбаевдин эки жолку иш сапарынын тең негизги максаты өткөн жылкы макулдашылган келишимдердин негизинде берилүүчү кредиттин өлчөмүн көбөйтүү сыяктуу кээ бир пункттар боюнча макулдашууга жетишүү эле.

2009-жылдын февраль айында Москва кредит, инвестиция берүү жана эки миллиарддан көбүрөөк өлчөмдөгү карызды жокко чыгаруу жөнүндө жарыя кылган. Бул сумманын ичинде өлкөнүн өкмөттүк бюджетин колдоого багытталган 300 млн. доллар да бар, ал эми Отунбаеванын администрациясы дал ушул сумманын өлчөмүн көбөйтүүгө аракеттенүүдө.

Россиянын ИТАР-ТАСС маалымат агенттиги билдиргендей, Атамбаевдин Москвага болгон экинчи сапары Россиянын Кыргызстанга 50 млн. долларды жеңилдетилген кредит жана грант түрүндө берүү чечими менен аяктады.

Россиянын каржы Министри Алексей Кудрин бул сумманын 20 миллиону кечиктирилгис социалдык төлөмдөргө жумшалаарын, ал эми калган 30 миллиону Кыргызстандын Улуттук Банкын колдоо максатында кредит катары берилээрин жарыялады.

Кудрин бул маалыматты айткандан кийин эле, Россиянын премьер-министри Владимир Путиндин Кыргызстан туш болгон курч кырдаал тууралуу айткандарын ИТАР-ТАСС агенттиги кабарлады.

«Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин билдиргенине караганда казына бош калган. Өлкөнүн мурдагы жетекчилиги уурдап алып кеткен жана жок кылган. Албетте бул иш Кыргызстандын өзүнүн ички иши, кийлигишүүбүзгө биздин акыбыз жок, бирок биз кыргыз эли менен дайыма өзгөчө мамиледе болуп келгенбиз, ошондуктан Кыргызстандын башына түшкөн оор минуталарда биз аларга жардам бербей коё албайбыз», - деди Путин.

Кыргыз бийлиги Россияга дагы бир башка өтүнүч менен кайрылууда. Ал ушул жылдын 1-апрелинен күчүнө кирген күйүүчү майларга болгон бажы пошлинасын төмөндөтүү өтүнүчү. Москва киргизген 5,6%дык экспорттук тариф мурдагыдан бир топ жогору. Анткени Россия, Казакстан жана Белоруссия мамлекеттеринин ортосунда ушул жылдын башында түзүлгөн Бажы союзуна Кыргызстан мүчө эмес.

Күйүүчү майларга болгон бажы пошлинасынын жогору болушу сырттан сатылып алынган бензин жана дизелдик майлардын наркынын өсүшүнө, бул өз кезегинде коомдук транспорттордо жүрүү акысынын көтөрүлүшүнө, ошондой эле тамак-аш жана тейлөө кызматтарынын кымбатташына алып келиши мүмкүн деген чочулоолорду туудурууда.

«Мен Россия жетекчилигине күйүүчү майларга болгон бажы пошлинасы тууралуу маселени койдум, Тажикстан үчүн мындай көйгөй жок экендигин белгиледим», - деди Алмаз Атамбаев өзүнүн Москвага болгон биринчи иш-сапарынан соңунда.

«Мүмкүн бул чаралар эртеби-кечпи көрүлүшү керек эле, бирок бүгүн Кыргыз Республикасы жардамга муктаж болууда», - деп кошумчалады ал.

Тажикистан Бажы союзуна кирген жок, бирок Кыргызстандан айырмаланып Тажикстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө эмес.

ИЧКИ РЕФОРМАЛАР КИРЕШЕЛЕРДИ ЖОГОРУЛАТЫШЫ МҮНКҮН

Серепчилердин айтымында, тышкы колдоолор менен катар убактылуу өкмөттүн кирешени көбөйтүүдөгү бирден бир үмүтү  салык жана бажы системасын реформалоо болуп калууда.

Салыктарды чогултуу системасын дагы жакшыртуу маанилүү маселелерден деп эсептейт Тажибаев.

«Эгер салык чогултуунун жана бажы көзөмөлүнүн эски схемасы жок кылынса, КРнын Убактылуу өкмөтү бюджеттин киреше бөлүгүн эки эсеге көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот, анткени кээ бир маалыматтар боюнча расмий бажы төлөмдөрү мамлекетке түшө турган кирешенин жарымын гана түзүп турган.

Жалпысынан, бизнестин жакшы өнүгүүсү үчүн экономикалык башкаруу бир топ ачык болуп, ага жагымдуу шарт түзүп беришибиз керек», - дейт Тажибаев.

«Бийлик бизнес жүргүзүүнүн ачык жана таза жол жоболорун иштеп чыгышы керек, ошондо гана ал элдин ишенимине жана колдоосуна ээ болот», - деп кошумчалады ал.

Жунушев жаңы өкмөттүн мурдагы бийликтин катачылыктарын кайталабай иш алып барууга аракеттенүүсү маанилүү экендигин айтты.

«Эгер КРнын Убактылуу Өкмөтү бул реформаларды жүргүзө албаса коррупциянын мындан да күчөп өнүгүшү жана Бакиев сыяктуу жаңы бир адамдын пайда болуу коркунучу бар», - деди ал.

Асыл Осмоналиева, IWPRда тренингден өткөн Кыргызстандагы журналист.

Бул макала IWPRдын Европалык коммиссия тарабынан каржыланган "Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу" , ошондой эле Норвегиянын тышкы иштер Министрлиги тарабынан каржыланган "Укуктук маселелерди, карама-каршылыктарды жана ишенимди бекемдөө боюнча маалымат программасы" долбоорлорунун негизинде даярдалды.Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.