Кыргызстандын оппозициясы: системалуусу жок, системасызы басым астында

IWPR

Кыргызстандын оппозициясы: системалуусу жок, системасызы басым астында

IWPR

2010-жылдын апрелиндеги режимдин алмашуусунан кийин ошол мезгилдеги системалуу оппозиция бийликке келди. Келген саясий күчтөргө азырынча күчтүү оппонент табыла элек.

Азыр саясий партиялардын оппозициялык ишмердүүлүгү жокко тете. Акыркы жарым жыл аралыгында Жогорку Кеңештин бардык 5 фракциясы тең, Кыргызстандын мыйзам чыгаруучу органы тигил же бул деңгээлде президент Алмазбек Атамбаевди колдоорун билдиришти. 

2010-жылдын апрелинде президент Курманбек Бакиевдин  режимин кулаткандан кийин Атамбаев лидери болгон Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы (КСДП), «Ата Мекен», «Ар-Намыс», «Республика» жана «Ата-Журт» парламентке өтүштү.

Эксперттердин ою боюнча парламенттеги жана анын тышындагы системалуу оппозициянын активдүүлүгүнүн түшүшүн Кыргызстандагы саясий талаадан күчтүү оппозициялык лидерлерди “сүрүп чыгаргандан” кийин болгон.

2015-жылдын күзүндө Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Бул мыйзам чыгаруу органдарына 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки экинчи шайлоо.

Эксперттер азыр, шайлоого жарым жыл калганда парламентте ким болоору жана ким кирбей калаары жөнүндө божомол кылса болобу деген пикир боюнча карама-каршы ойдо болушууда. 

Kyrgyzstan
Frontline Updates
Support local journalists