Кыргызстандын Баш мыйзамы Борбор Азиядагы эң прогрессивдүү Конституция

Жаңы Баш мыйзам өлкөнү бир заматта парламенттик башкарууга айлантып жибербейт, ошентсе да аны аймактагы өлкөлөрдүн Баш мыйзамдарынын эң алдыңкысы десе болот

Кыргызстандын Баш мыйзамы Борбор Азиядагы эң прогрессивдүү Конституция

Жаңы Баш мыйзам өлкөнү бир заматта парламенттик башкарууга айлантып жибербейт, ошентсе да аны аймактагы өлкөлөрдүн Баш мыйзамдарынын эң алдыңкысы десе болот

Friday, 11 June, 2010

Жаңы Баш мыйзамдын соңку долбоору өлкөнү күчтүү парламенттик башкарууга айлантуу же президентти протоколдук укуктарынан башка бардык укуктарынан ажыратууну көздөгөн, анын алгачкы долбоорунан бир кыйла өзгөртүлдү.

Ошондой болсо да мындай Баш мыйзамдын кабыл алынышы бийликтин бир адамдын колуна топтолушун алдын алып, өлкөдө саясий плюрализмдин пайда болушун шарттаган жана өнүгүүгө өбөлгө түзө турган туура кадам болуп калды.

Ошондой эле, аны Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын өмүрүнүн акырына чейин бийликте калуусун шарттаган Конституциялар менен салыштырганда да бул бир кыйла эле прогрессивдүү документ десек болот.

20-майда жарыяланган Баш мыйзамдын долбоору үстүбүздөгү жылдын 27-июнундагы жалпы элдик референдумда добушка коюлат.

Жаңы Баш мыйзам президенттин ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн, күн мурунтадан белгиленгендей, парламентке бербей өкмөт башчысына берүүнү шарттады. Ошол эле мезгилде, президентке да өлкөдөгү саясий окуяларга таасир эте ала тургандай деңгээлде ыйгарым укуктар калтырылды.

Ошондой болсо да өлкөнүн тышкы саясатын ким жүргүзөт? Өлкөнүн коопсуздугу, коргонуусу боюнча соңку чечимди кабыл алуу кимге тиешелүү?, - деген маселелерде бир аз так эместиктер орун алган. Бул маселе айрыкча өкмөт башчысы менен президенттин ортосунда кандайдыр бир маселелер боюнча түшүнбөстүк орун алып, кризис болгон мезгилде ачык көрүнөт.

Өлкөдөгү коргонуу ведомстволору жана коопсуздук органдары түздөн-түз өкмөт башчысына баш ийишет, бирок президент аларды жумушка коюуга жана кызматтан алууга укугу бар.
Мындай болгондо президент тышкы саясатта өзүнүн көзөмөлдүгүн жоготот, бирок аны аныктоодо катыша алат. Мындан сырткары бул жерде эл аралык келишимдерге ким кол коёру; прездентпи же өкмөт башчыбы, белгисиз болуп калган.

Президент жаңы өкмөттүн курамын аныктоодо да кандайдыр бир добушка ээ. Маселен, шайлоодо жеңген партия өкмөт башчысын дайындап, андан соң өкмөт курамы тууралуу тизмени парламентке берет. Эгерде сунуш кылынган өкмөт курамы парламент тарабынан он беш күндүн ичинде жактырылбаса, же шайлоодо бир дагы партия, талап кылынгандай, көпчүлүк добушка ээ боло албаса, президент башка партия өкүлдөрүнүн бирине өкмөт курамын түзүү сунушу менен кайрыла алат.

Ошондой эле президент өлкөдө арбитрдин ролун аткарат жана качан парламент менен аткаруу бийлигинин ортосунда карама-каршылык жаралганда алардын бирин кызматтан кетүүгө чакырууга укуктуу.

Жалпысынан алганда бийлик иерархиясы өзгөрүүсүз калды – эң башында президент, андан соң парламент төрагасы андан кийин өкмөт башчысы турат.

Баш мыйзамдын алгачкы долбоорундагыдай парламент өлкөдөгү эң негизги институт бойдон калган жок. Эң соңку долбоордо мамлекет башчысы тууралуу беренелер парламент тууралуу беренелерден мурда жайгаштырылса, соңку долбоордо тескерисинче жайгаштырылды.

Баш мыйзамдын соңку долбоору анын алгачкы долбоорунан айырмаланышынын себеби алгачкы долбоор убактылуу өкмөттүн парламенттик системага өтүү тууралуу көз карашын чагылдырган юристтер тарабынан иштелип чыккан.

Андан кийинки өз ара түшүнүүчүлүк түрдүү программалары бар ар кандай саясий топтордун, мындан сырткары бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын, анын ичинде ЕККУ, Вена комиссиясынын жана Орусиядан келген эксперттер менен сүйлөшүүдөн кийин жаралды.

Жаңы Баш мыйзамда ошондой эле мурдагы Конституцияга караганда алдыга эмес тескерисинче артка карай кадам шилтеген өзгөрүүлөр орун алды. Маселен, Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда эгерде шайлоочулар өздөрү шайлаган депутаттын ишмердүүлүгүнө нааразы болгон учурда «аларды шайлоочулар кайрадан чакырып ала алат» - деген жобо алынып салынды.

Конституциялык Сот өз алдынча орган болуусун токтотуп, Жогорку Соттун алдында Конституциялык палатага айланат. Бул бир топ көйгөйлөрдү пайда кылышы мүмкүн. Анткени буга чейин бейөкмөт уюмдары Конституциялык соттун жардамы менен өлкөдө жөө жүрүштөрдү, нааразылык акцияларын өткөрүү укугун калыбына келтире алышкан.

Сотторду алардын адистигинен сырткары башка себептердин негизинде да өз кызматынан алып салуу мүмкүнчүлүгү берилген.

Бирок саналып өткөн кемчиликтерине карабастан, жаңы Баш Мыйзам – Борбор Азиядагы бирден-бир эң алдыңкы Конституция болуп, Кыргызстан үчүн бир кадам алдыга ташталган иш-чара болмокчу. Ушундай Баш Мыйзамдын жардамы менен гана өлкө бул чөлкөмдө биринчилерден болуп бийликти монополдоштуруп, өз кызматында түбөлүк калгысы келген өлкө жетекчилеринин көйгөйүн мыйзам деңгээлинде чечүүгө аракет жасап жатат.

Кыргызстан мамлекет жетекчисин бийликтен кулаткан Борбор Азиядагы бирден-бир мамлекет. Ал эми Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан бүгүнкү күнгө чейин Советтер Союзу кулагандан кийин бийликке келген лидерлердин башкаруусунда жана алар өз бийлигин өткөрүп берүү ниеттеринен али алыс.

Түркмөнстан эли өздөрүнүн биринчи президенти Сапармурат Ниязовду өмүрүнүн аягына чейин президент деп жарыялашкан бирок анын башкаруусу 2006-жылы анын өлүмү менен аяктады. Анын ордуна бийликке Гурбангулы Бердымухаммедов келди.

Жаңы Баш Мыйзамга ылайык президенттин бийликте калуусу бир мөөнөт менен чектелген – бирок президент мурда беш жылга шайланса жаңы Баш Мыйзамга ылайык ал алты жылга шайланат. Жаш курагы жетимиш жаш менен чектелген.

Мындан сырткары дагы бир колдоого аларлык жери бул Баш мыйзамда парламенттик көпчүлүк элүү беш орундан ашык болбосун деген эреженин киргизилиши. Жалпысынан парламенттин саны 120 депутат болот жана парламенттик көпчүлүк 65 орундан ашык болбойт.

Мындай система өлкөдө саясий плюрализмди көбөйтүп, оппозициялык партиялардын таасирин күчөтөт. Бирден бир жетишпеген жагы өлкөдө мыйзам кабыл алуу процесси оорлойт анткени башкаруучу партиянын көпчүлүк добушту топтошу кыйынга турушу мүмкүн. Мындан сырткары Конституциялык мыйзамдарды кабыл алууга депутаттардын үчтөн экисинин добушу талап кылынат.

Ошондой эле парламенттик шайлоо жалаң пропорционалдык шайлоо ыкмасы менен өткөрүлөт. Парламент бир мандаттуу эмес, партиялык тизме менен шайланат. Мындай шайлоо ыкмасынын жетишпеген жагы эл менен парламенттин же жекече депутаттын ортосундагы байланыш үзүлөт. Анткени эл кандайдыр бир партия үчүн добуш берип кайсыл депутат үчүн добуш бергендигин билбей калат.

Дагы бир маанилүү нерсе, Конституциянын жаңы редакциясында Кыргызстан «светтик» өлкө деген пункт калыбына келтирилди. Конституцияны кабыл алуу учурунда мындай пунктту алып салуу аракети болду. Ошентип Конституциянын бул жаңы долбоорунда мамлекет менен диндин ортосундагы ажырым ачык белгиленди жана дин өкүлдөрү жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний уюмдардын мамлекеттин ишмердүүлүгүнө кийлигишүүсүнө тыюу салынган пункт киргизилди.
Бул документ Кыргызстанды 2005-жылкы жана үстүбүздөгү жылдын апрелиндеги мурдагы мамлекет башчысы Аскар Акаев андан соң Курманбек Бакиевдин кызматтан кетүүсүнө алып келген авторитардык бийлик системасынан куткарууга алып бармакчы.

Ошондой эле бул Баш мыйзам мурдагы Конституциялар сыяктуу кабыл алынгандан кийин өзүнүн жазылбаган өзгөчөлүү каада салты бар, бийликке умтулган ар кандай саясий топтору бар кыргыз саясат майданында, чыныгы турмушка канчалык натыйжалуулугун текшерүү жаатында, сыноодон өткөрүлөт.

Бул Конституцияны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү Гүлнара Исакованын айтымында, «бул өтө татаал жана узун жол».

Павел Дятленко, «Полис Азия» Борборунун эксперти.

Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Kyrgyzstan
Frontline Updates
Support local journalists