Кыргызстанда оппозициялык депутатка кысым көрсөтүлүүдө

Эми өлкөнүн тартип коргоо органдары Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Кадыровго карата кылмыш ишин козгой алышат. Мындай көрүнүштү анын пикирлештери оппозициялык маанайдагы депутаттын өкмөттүн аракетин сындоосуна чек коюга жасалган саясий иш чара ка

Кыргызстанда оппозициялык депутатка кысым көрсөтүлүүдө

Эми өлкөнүн тартип коргоо органдары Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Кадыровго карата кылмыш ишин козгой алышат. Мындай көрүнүштү анын пикирлештери оппозициялык маанайдагы депутаттын өкмөттүн аракетин сындоосуна чек коюга жасалган саясий иш чара ка

. Мыйзамга ылайык эми бул депутат суракка алынат жана ага каршы кылмыш иши козголот. Башкы прокуратура болсо, Кубанычбек Кадыровдун президенттик шайлоо күнү орун алган баш аламандыкты тергөөнүн жүрүшүнө өзүнүн кол тийбестик укугун пайдаланып, тоскоол болгондугун бышыктоодо.



18 - сентябрда Жогорку Кеңеште көпчүлүк добушка ээ болгон ’’Ак жол’’ партиясынын мүчөлөрү депутат Кадыровдун кол тийбестик укугун алып салууну бир добуштан колдошту.



Буга чейин Башкы прокуратура оппозиялык маанайдагы Социал-демократиялык партиянын мүчөсү Кубанычбек Кадыров 23-июлда Балыкчы шаарында орун алган баш аламандыкты уюштургандыгын бышыктап, анын депутаттык кол тийбестигин алып салууну өтүнүп, Жогорку Кеңешке расмий кайрылган.



Президенттик шайлоо күнү Ысык-Көл дубаныны Балыкчы шаарында милиция менен нааразылык акцияга чыккандардын ортосундагы кагылышуу орун алып 20 адам камакка алынган. Кармалгандардын он тогузунун үстүнөн 11-сентябрда сот иши башталган. Аларга «коомдук тартипти бузуп, шайлоо процессин үзгүлтүккө учуратты” дегенден сырткары “бийликти күч менен басып алып, мамлекеттик төнкөрүш жасоого аракет жасады ” деген оор айып салынууда.



Ушул сыяктуу майда нааразылык акциялар шайлоо күнү Кыргызстандын башка жерлеринде деле өткөн, бирок аларда мамлекеттик төнкөрүш жасоо аракети байкалган эмес. Оппозиция лидерлери жана нааразылык акциясынын катышуучулары шайлоонун жыйынтыгы президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары тарабынан мыйзам бузуу жолу менен бурмаланды деп билдирүү таратышкан.



Боршайкомдун маалыматы боюнча Курманбек Бакиев шайлоочулардын көпчүлүк 76% добушун алып, жеңишке ээ болду. Ал эми анын эң башкы атаандашы, Бириккен Элдик Кыймыл (БЭК) тарабынан көрстөтүлгөн Алмазбек Атамбаев болгону 8% добушка ээ болгон.



Атамбаевдин пикири боюнча Кадыров шайлоо учурунда өзүнүн көз-карашын коргогондугу үчүн жоопко тартылууда. Ошондой эле ал “бийлик шайлоо учурунда башкача көз караштагы жана шайлоо учурунда ири мыйзам бузуу орун алгандыгын ачык айткандарды жоопко тартып жатат” деген оюн ортого салды.



Ал эми Бириккен Элдик Кыймылга кирген, оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев парламенттеги көпчүлүктү “аткаруу бйилигинин айтканын эки кылбай жасоодо”- деп күнөөлөйт.

““Ак Жол” партиясынын депутаттары аларга берилген заказды уюшкандыкта аткарышты. Мунун баары оппозиция өкүлдөрүн коркутууга багытталган иш чара”, - деп кошумчалады ал.



Ошол эле мезгилде “Ак Жол” партиясынын лидери Улукбек Ормонов парламенттин мындай чечиминде эч кандай саясат жок экендигин айтып, “оппозицияга каршы жасалган иш чара” деген ойду туура эмес дейт.

“Мындай чечим Кадыровду түрмөгө отургузуу максатында эмес, ал өзүнүн кол тийбестик укугуна жамынып алып, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жасабастыгы үчүн болду. Анын күнөөсү барбы же жокпу аны сот аныктайт ”, - деп билдирди Ормонов.



Ал эми парламенттеги социал-демократтар фракциясынын өкүлү Иса Өмүркуловдун айтымында, мыйзамчылардын Кадыровго каршы мындай иш аракет жасоосуна негиз жок болчу, анткени аталган партия Кадыровдун Балыкчыдагы башаламандыктар боюнча жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштери менен кызматташуусун талап кылган дейт.



Качан парламент Кадыровго байланыштуу чечимди кабыл алаары менен социал – демократтардын парламенттеги дагы бир башка өкүлү Бакыт Бешимов ага карата ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр болуп жаткандыгын айтып, өлкөдөн чыгып кеткен. Өзүнүн 28 - сентябрда болгон билдирүүсүндө ал парламенттин Кадыровго карата чечимин сынга алып, “депутаттар мындай чечими менен мыйзам чыгаруу органды түп орду менен жок кылды” деген пикирин билдирген.



Ал эми Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев депутат Бакыт Бешимов эч качан ага карата коркутуп - үркүтүүлөр болуп жаткандыгын билдирбегендигин айтат.



“Анын өмүрүнө эч кандай коркунуч туулган эмес. Ал эч кандай арыз менен кайрылган жок”, - дейт Башкы прокурор.

Жогорудагы эки окуянын эч кандай байланышы болбосо да, айрым аналитиктер бийлик партиянын оңойлук менен өз көз карашынан баш тартпаган Бешимов сыяктуу мүчөлөрүн куугунтуктоо аркылуу оппозицияны ооздуктоого аракет жасап жатат деп баалашууда.



“Радикалдуу эмес оппозиция өкүлдөрү эгер өздөрүнүн күрөшүү ыкмаларын өзгөртүшсөсө, дагы деле саясатта кала беришет, ал эми радикалдуу оппозиция мүчөлөрү саясий мейкиндиктен сыртта калышууда”, - дейт саясат таанучу Марс Сариев.



Ошол эле мезгилде БЭКтин өкүлдөрүнүн Бакиевдин админстрациясына карата этият мамилеси байкалууда.

Мисалга БЭКтин көрүнүктүү лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров IWPR дын өкүлүнө бийлик менен сүйлөшүү оппозициянын шартына ылайык гана жүрүшү мүмкүн деген оюн айтты.



“Бириккен оппозиция президент менен бир столго отуруп, саясий оппоненттерге болгон куугунтуктар тууралуу сүйлөшүүгө даяр. Сүйлөшүүдөгү башкы тема Балыкчыдагы окуя болот”, - дейт Азимбек Бекназаров.



Анара Юсупова – Кыргызстандагы көз карандысыз журналисттин псевдоними.

Kyrgyzstan
Frontline Updates
Support local journalists