Кыргызстанда бензинге болгон баанын арзандашы инфляцияны токтото албайт

Күйүүчү майдын баасынын арзандашы экономикалык орчундуу маселелердин алкагында билинбей калды.

Кыргызстанда бензинге болгон баанын арзандашы инфляцияны токтото албайт

Күйүүчү майдын баасынын арзандашы экономикалык орчундуу маселелердин алкагында билинбей калды.

Drivers in Kyrgyzstan are paying less for petrol, but the reduction is not significant enough to ease inflation. (Photo: Maksat Osmonaliev)
Drivers in Kyrgyzstan are paying less for petrol, but the reduction is not significant enough to ease inflation. (Photo: Maksat Osmonaliev)
Kyrgyzstan is entirely reliant on fuel imports, leaving it vulnerable to world market fluctuations as well as customs fees imposed by supplier states. (Photo: Maksat Osmonaliev)
Kyrgyzstan is entirely reliant on fuel imports, leaving it vulnerable to world market fluctuations as well as customs fees imposed by supplier states. (Photo: Maksat Osmonaliev)
Thursday, 10 February, 2011

Кыргызстанда бензинге баанын төмөндөшү өлкөдөгү инфляциянын тездик менен өсүшүн ооздуктайт деген ишенимди актай алган жок.

Январь айында өлкөнү күйүүчү май менен камсыз кылган Орусия Кыргызстан үчүн экспорттук бажы салыгын алып салгандан кийин бензинге болгон баа 76 АКШ центтен (38 сомдон) 68 АКШ центке (32 сомго) төмөндөдү.

Жакында түзүлгөн өкмөттүк коалиция мындай келишимди бийликтин ири жетишкендиги катары баалоодо. Анткени бензинге болгон баа өткөн жыл бою жогорулап, мындай көрүнүш өз мезгилинде транспорттук чыгымдын көбөйүшүн шарттап, өлкөдө инфляциянын жогорулашына өбөлгө түзгөн.

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа 2010-жылдын апрель айындагы нааразылык акциялары мезгилинде коңшу өлкөлөрдүн чек аралары жабылган учурда кескин көтөрүлгөн. «Какаганга муштаган», болуп туура ошол мезгилден тарта Орусия бирдиктүү Бажы уюмуна кирген өлкөлөрдүн ортосундагы жаңыдан күчүнө кирген эрежелерди аткаруу максатында аталган уюмга кирбеген өлкөлөр үчүн жаңы экспорттук төлөмдөрдү киргизген. Ага ылайык, Бажы уюмуна кирген Казакстан, Белорусиядан башка мурдагы Совет биримдигине кирген өлкөлөр үчүн экспорттук төлөм киргизилип, апрель айынан тарта эле Кыргызстанда бензинге болгон баа 20 пайызга жогорулаган.

3-апрелде болгон маалымат жыйынында биринчи вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов алдыңкы бир айдын аралыгында бензинге болгон баа дагы 20 АКШ центке (9-10 сомго) төмөндөй тургандыгын жарыялаган.

Күйүүчү майга болгон баанын өсүшү башка күндөлүк керектелүүчү товарларга болгон баанын өзгөрүшүнө алып келгендиктен чиновниктер бул маселеге өзгөчө маани беришет. Кыргызстандын каржы министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы бензинге болгон баа 19 пайызга жогорулаганда экономикалык эксперт Жумакадыр Акенеевдин айтымында, күндөлүк керектелүүчү товарларга баа 25 пайызга жогорулаган.

Өзүн Азим деп тааныштырган Бишкектеги кафелердин биринин ээсинин айтымында бензинге баанын жогорулашы анын бизнесине да таасирин тийгизген.

«Бензинге баа жогорулашы азык-түлүккө болгон баанын өсүшүнө алып келди. Натыйжада биздин кафедеги кызматкерлердин айлыгын жогорулатууга аргасыз болдум. Анткени алар мындай маяна менен иштөөгө макул болбой коюшту»,- дейт ал.

IWPR тарабынан сурамжылоого алынган дүң жана чекене соодагерлердин айтымында, учурда өлкөдө бензинге баанын төмөндөшү өтө эле аз өлчөмдө болгондуктан мындай көрүнүш күндөлүк керектелүүчү товарларга болгон баанын төмөндөшүнө алып келген жок.

Бишкектин тургуну, учурда такси кызматын аткарып жүргөн, кесиби боюнча инженер, Кадыр аттуу айдоочунун айтымында, ал жүргүнчүнү ташыгандыгы үчүн бааны төмөндөтө албайт.

«Күндөлүк керектелүүчү продуктыларга болгон баа мурдагыдай эле бойдон калды. Мен өз үй-бүлөмдү багышым керек», - деди ал.

Өзүн Зебо деп тааныштырган, Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош шаарынан келген соодагер өзүнүн Кыргызстандан Тажикстанга продукта ташый тургандыгын айтып, анын бизнеси көбүн эсе бензинге болгон баага байланыштуу экендигин айтат. Анткени товар ташыган ири автоунаалары алигиче жол кирени арзандата элек дейт ал.

«Мен дүң товар сатуу менен алектенем. Айрым товарларга болгон бааны мен өз алдымча жогорулата албайм. Анткени эгерде мен андай кадамдарга барсам, пайда көрө албай калам», - дейт ал.
Серепчилердин айтымында, өкмөттүн күйүүчү майга болгон бааны өзгөртпөй кармап, инфляциянын темпин жогорулатпоо аракетине баш ийбеген бир катар факторлор да бар.

Маселен, дүйнөдө бензинге болгон баа Египеттеги баш аламандыктарда Суэц каналы жабылганына байланыштуу жогорулашына түрткү болду.

«Келечек долбоору» аттуу Коомдук фонддун башчысы Аскар Бешимовдун айтымында да, Кыргызстандагы бензиндин баасы дүйнө нефти базарындагы баанын жогорулашынан улам Орусиянын өзүндө баанын өсүшүнө байланыштуу болот.

«Мен Орусия Кыргызстанга бензинди өзүнүн ички базарындагы баадан төмөнкү баада берет деп ойлобойм», - дейт ал.

Мындан башка дагы бир фактор, Кыргызстанга бензин алып келген айрым жеке компаниялар өздөрүнүн кардарларына бааны төмөндөткөн жок. Мындай көрүнүштү алар өздөрү саткан бензинди күйүүчү майга баанын кымбат мезгилинде сатып алышкандыгы жана анын запасы бүгүнкү күнгө чейин түгөнө электиги менен түшүндүрүшүүдө. Бирок, iCap Investment кеңеш берүүчү борбордун директору Бакай Жунушев, айрым компаниялар баанын төмөндөшүн жөндөн-жөн өздөрүнүн нукура кызыкчылыгы үчүн колдонушуп, түшкөн айырманы өз капчыктарына салышууда деп эсептейт .

Чүй облусунун Панфилов районунун Сапар аттуу фермеринин айтымында, күйүүчү майга болгон баа төмөндөбөсө, бул өз кезегинде базардагы тамак-ашка болгон баанын жогорулашына алып келет.

«Жакында жазгы талаа иштери башталат, биздин чыгашаларыбыз күйүүчү майга болгон баага жараша болот. Базардагы тамак-аштын кымбат болушуна эч ким таң калбашы керек, анткени өндүргөн продукциябыздын баасын коюуда ага кеткен чыгашабыздын өлчөмүн эске алабыз», - деди ал.

Кыргызстан толугу менен Орусиядан жана коңшулаш Казакстандан алынган нефть продуктыларына көз каранды. Ошондуктан Кыргызстандын өкмөтү күйүүчү майды башка өлкөлөрдөн сатып алуу мүмкүнчүлүгүн издөөдө. Өткөн жылдын аягында биринчи вице-премьер министр Бабанов нефтини бирден бир экспорттоочу өлкө Азербайжанга иш сапары менен барды.

«Биз ушул жылдын аягына чейин нефтпродуктыларын Азербайжандан алып келип калабыз деп үмүттөнүп жатабыз. Азербайжандан алынып келинүүчү нефть продуктыларына болгон баа төмөн болот, анткени орусиялык нефти продуктыларына караганда бажы төлөмү аз», - деди Кыргызстандын нефтрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов.

Асыл Осмоналиева, IWPRдын тренингдеринен өткөн Кыргызстандагы журналист. Кошумча маалыматтар Бишкектеги IWPRдын стажору Нина Музаффарова тарабынан берилди.

Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Kyrgyzstan
Economy
Frontline Updates
Support local journalists