Institute for War and Peace Reporting | Giving Voice, Driving Change

Кыргызстандагы улутчулдук маанайдагы билдирүүлөр

Медиа эскперттер өлкөдөгү бир этникалык топтун башка этникалык топтордон артыкчылыгын шардана кылган билдирүүлөр мамлекеттин туруктуулугуна тескери таасирин тийгизип жаткандыгын айтышууда
By Dina Tokbaeva
  • Андре Лорш (Сүрөт: А.Лорш)
    Андре Лорш (Сүрөт: А.Лорш)

Эл аралык эксперт Кыргызстандагы соңку мезгилдери орун алган айрым жеткиликсиз, чийки маалыматтарга негизделген улутчулдук маанайдагы билдирүүлөрдүн жаңы толкуну өлкөдө өткөн жылы орун алган улут аралык кагылышуудан кийинки өз ара жарашуу аракеттерине тескери таасирин тийгизип жаткандыгын белгилеп, калабалуу окуя жана анын күнөөкөрлөрү тууралуу коомчулукка нукура чындык айтылмайын, улут аралык толук элдешүү өтө оор абалда кала берээрин кошумчалайт.

IWPRдын кабарчысы швейцариялык журналист Андре Лоршадан өлкөдөгү учурдагы үстөмдүк кылган көз караштар, жоромолдор, ишенимдер тууралуу жана анын саясатчылардын иш аракеттеринде кандайча чагылдырылаарын чечмелөөсүн сураган. Женевада жайгашкан Журналисттердин эл аралык союзунун мүчөсү Андре Лорш Кыргызстанга тез-тез келип турат. Бул жерде ал жергиликтүү журналисттерге тренинг өткөрөт.

IWPR: Сиздин оюңузча, учурда Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык топтордун ортосундагы мамиле кандай абалда?

Андре Лорш: Ал жакта болуп өткөн кагылышуудан кийин этникалык топтордун ортосундагы мамиледе көп убакытка чейин белгилүү бир чыңалуу сакталат. Мен түрдүү комиссиянын отчету жөнүндөгү бир канча макалаларды жана отчетторду окудум. Ошондой эле мындай отчеттор тараптардын ортосундагы мамилеге кандай таасир этээрин түшүнүүгө аракет кылып жатам.

1990- жана 2000-жылдары Балкан өлкөлөрүндө бир нече жолу болдум. Ошол эле мезгилде мен жабыр тарткан атуулдар күнөөсүз, ак жерден жапа чеккендиктери аныкталган учурда гана алар болгон окуя жөнүндө унутуп, ал баракты жаап салып, өз жашоолорун андан ары уланткысы келишээрине күбө болдум. Анткени ар бир адам анын ушундай кайгылуу окуяны башынан кечиргендигинин аныкталышына муктаж. Менимче Кыргызстанда дал ушул жетишпей жатат.

Эмдигиче бул каргаша ким тарабынан уюштурулуп, башталгандыгы жана алардын жоопкерчилиги тууралуу так чындыкты чагылдырган маалыматтын жоктугу байкалат.

Эл аралык отчет (Кыргызстандын эл аралык иликтөө комиссиясы) ушул негизги суроолорго таптакыр жооп берген эмес. Ал эми Улуттук комиссия кыргыздар менен өзбектердин ортосунда ири кагылышуу болуп өткөндүгүн жана ал өзбек коомчулугунун кээ бир лидерлери жана бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары тарабынан козутулгандыгын жазган. Бирок ачык далилдер болбосо жана күнөөлүүлөр көз карандысыз сот тарабынан жазаланбаса, алардын мындай айткандары жөн гана бүтүм болуп кала берээринде шек жок.

Албетте, муну 1995-жылкы серб аскерлери Сребреницеде жети миңден ашуун мусулманды өлтүргөн окуяга салыштырып болбойт, бирок кандай болсо да, психологиялык жактан алганда, Кыргызстан Сребреницедеги карапайым адамдар ошол трагедиялуу окуядан бери 16 жыл өтсө да, бүгүнкү күнгө чейин кооптонуу менен жашап жаткандыгына көңүл бөлүшү зарыл.

Серб улутундагы көп саясатчылар (Боснияда) Гаага трибуналынын болгонуна карабастан эч кандай геноцид болгон эмес деп айтышат. Мындай көрүнүш өз мезгилинде ошол окуяда жапа чеккендердин жана жакындарын жоготкондордун аң сезимине катуу таасир этет. Мен муну алар менен болгон жеке сүйлөшүүлөрүмдөн улам билем.

IWPR: Кандай деп ойлойсуз, мындай тактыктын жоктугуна эмне себеп болууда?

Лорш: Себептери көп болушу мүмкүн. Алардын бири – чындыкка рационалдык мамиленин болбогондугунда. Мен элдин нукура чындыкка кандайдыр бир ишенимдер жана чакырык ураандар менен мамиле кылышкандыгын айткым келип жатат.
Каргашалуу окуя орун алгандан бир нече күн өткөндөн кийин мен Ошко келдим. Көчө бойлоп басып жүрдүм, сүрөткө тарттым. Баары менин кайдан келгендигиме, эмне иш жасап жаткандыгыма кызыгышты. Мен сурай электе эле баары мага кыргыздар жана өзбектер тууралуу айта баштагандыгы мени таң калтырды.

Мен “эгер өзбектерге бул жер жакпаса, анда алар өзүнүн Өзбекстанына кете беришсин” – деген фразаны көп уктум. Бирок бул мамлекеттер өз алдынча суверендүүлүккө ээ болуп, өз алдынча мамлекет катары жашагындыгына 20 жылдан ашуун убакыт өттү. Кыргызстандын түштүгүндө жашаган өзбектер үчүн Өзбекстан алардын өз үйү эмес. Ошондой эле алар бир кезде кайсыл бир жактан ушул жерге көчүп келишкендей, “Алар кайрадан кайтып келе беришсин” деген ураанды да угууга болот.

Мен август айында да Ошто болуп, жарандардын өз ара сүйлөшүүлөрүнөн мурдагыдай эле эмоционалдуулукту жана фактылардын аздыгын байкадым.

IWPR: Кандайдыр бир ишенимдерди жана ураандарды саясий деңгээлде колдонуу канчалык деңгээлде коркунучтуу?

Лорш: Кыргызстанда тынчтыкка жана өз ара түшүнүүчүлүккө эмне коркунуч келтирип жаткандыгы жөнүндө айта турган болсок, ал биринчиден, жумуш орундарынын жоктугу жана жумуш жетпеген жерде калктын жыш жайгашуусу болуп саналат.

Көп маданияттуу мамлекетти түзүү үчүн укуктук мамлекетте жаран болуу эмне экендигин жакшы билген жана “улутчулдуктан” “жарандуулукту” ажырата билген билимдүү адамдар керек. Мен жаштардын арасынан мындай адамдарды көргөн жокмун. Буга соңку 20 жыл аралыгында болгон билим берүү системасынын кыйроо абалы өзүнүн тескери таасирин тийгизди.

Жакында улуттук патриоттук партиялардан чыккан кээ бир кыргызстандык саясатчылар расмий түрдө “Кыргызстан жалаң гана кыргыздар үчүн, ал эми башкалар бул жерде квартиранттар” деп ачык элге жарыялашты. Бул квартиранттардын укуктары аз дегенди түшүндүрөт.

Эгер мындай сүйлөмдөрдү дайыма колдоно бере турган болсок, анда мындай сөздөр билими жок жаштардын башында калыптанып калат. Жана алар саясий майдандарда айтылган ураандарды ойлонбой туруп өз турмушунда кайталай башташат. Тилекке каршы, алар бул фразаны анын маңызына карабай колдоно башташат. Эгер ураан 1000 жолу кайталанса, ал элдин башында автоматтык түрдө мыйзам болуп кала берет.

Дагы бир мисал, Премьер-министр Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын 23-июнунда өткөн маалымат жыйынында 27-июнга белгиленген референдум Оштогу абалга карабастан өткөрүлөт деп айтты. Ал өзбек диаспорасын бейгам болууга чакырды. Кыргыз республикасынын жарандыгын күбөлөндүргөн паспорту болгон өзбектер диаспора эмес. Алар жөн гана Кыргызстандын тургундары экендигин эске алган жок.

Ошентип, мындан ары да ураандарды саясий деңгээлде колдонуу коркунучтуу, анткени, элдердин ою бир жерде эмес. Бул өз кезегинде өтө коркунучтуу, эмне үчүн дегенде мамлекет чындыгында алсыз.

IWPR: Кыргызстандын түштүгүндөгү биздин журналисттер кыргыздар да өзбектер да объективдүү маалыматты кабыл алууга даяр эмес экендигин айтышууда. Болуп өткөн каргаша алардын аң сезиминде дагы деле катуу сакталган. Ушундай шартта журналисттер окуяны кантип чагылдыра алышат?

Лорш: Ооба, менимче алар фактологиялык маалыматты жана анализди кабыл алууга даяр эмес. Бирок, ошого карабастан булардын баарын объективдүү чагылдырууга аракеттенүү керек жана акырындап алардын аң¬-сезимин объективдүү маалыматты кабыл алууга даярдоо зарыл.

Бул кыргызстандык журналисттер үчүн өтө оор учур экендигин түшүнөм. Анткени алар окуяны объективдүү чагылдыруу менен, коомдон обочолонуп калуу тобокелдигине барышууда. Бирок мындай өзгөчөлөнгөн жагдайда да объективдүү маалыматка болгон талаптын болооруна ишенем.

Мен Кыргызстанда объективдүү, сапаттуу маалыматка муктаж интеллигенциянын жетиштүү тобу бар экендигине толук ишенем. Улутчулдукту карманбагандар өздөрүн жалгыз сезбеши үчүн ушундай аудиторияга басым жасоо керек.

Дина Токбаева – IWPRдын Бишкектеги Борбордук Азия боюнча аймактык редактору.