Кыргызстандагы оппозиция биригеби?

Кыргызстандагы эки ири партиянын биригүүсү оппозициянын учурдагы бийликке каршы туруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтиши мүмкүн.

Кыргызстандагы оппозиция биригеби?

Кыргызстандагы эки ири партиянын биригүүсү оппозициянын учурдагы бийликке каршы туруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтиши мүмкүн.

Tuesday, 8 September, 2009
- “Ата Мекен” менен Социал-демократтардын күчтөрүн бириктирүү жөнүндө терең ойлонууга түрткү болгон.



Биригүү жөнүндө сөздөр, президент Курманбек Бакиевдин администрациясы 2012-жылы боло турган кийинки парламенттик шайлоону андан мөөнөтүнөн мурда өткөрүшү мүмкүн деген айың-кептер тарагандан бери курчуп барат.



Эки партиянын биригүүсү мүмкүн экендиги тууралуу жаңылык курамына “Ата Мекен”, Социал-демократтар жана башка бир нече партиялар кирген, башкы оппозициялык бирикме - Бириккен элдик кыймылдын (БЭК) 17-августтагы жыйынында жарыяланган.



23-июлда өткөн президенттик шайлоодо мурунку жылы түзүлгөн оппозициялык блок бирдиктүү талапкер катары социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаевди көрсөткөн.



Атамбаев Бакиевдин 76%ды түзгөн жеңишине каршы 8% добуш топтогон. Бирок, оппозиция көптөгөн укукбузуулар болуп, добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмалангандыгын жарыялаган.



Атамбаев IWPRга берген интервьюсунда күчтөрдү бириктирүү тууралуу ой башында эле бар болгондугун жана катардагы мүчөлөр учурдагы администрацияга каршы бирдиктүү күч түзүүгө чакырып келишкенин белгилеген.



Атамбаевдин “Ата Мекен” партиясындагы кесиптеши Өмүрбек Текебаев дагы “ биригүү – табигый жол” деп, бул идеяны колдогон.



“Кыргызстанга күчтүү бир нече партия керек. Мына ошондо гана, тең салмактуу жана туруктуу саясий системаны түзүүгө мүмкүн”, – дейт Текебаев IWPRга.



“Ата Мекен” жана социал-демократтар жалпы солчул либералдык идеологияны тутунушат. 90-жылдардын башында түзүлгөн бул эки партия Кыргызстандагы көптөгөн партияларга караганда саясий майданда көп убакыт кызмат өтөп келет. Салыштыруу үчүн алсак, бийлик башында турган “Ак Жол” партиясы 2007-жылдын декабрындагы парламенттик шайлоодогу жеңишине чейин эки ай мурун гана түзүлгөн.



Ал шайлоонун жыйынтыгы боюнча социал-демократтар 11, ал эми жаңы “Ак Жол” партиясы 71 орун алган. Бул эки партиядан тышкары, коммунисттер гана парламентте 8 орунга ээ болушкан. “Ата Мекен” партиясы парламентке өтүү үчүн шайлоого чейин бир аз убакыт калганда киргизилген улуттук жана аймактык чектен өтпөй калган.



БЭКтин саясий кеңешмесинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев эки партиянын биригишин туура кадам катары баалайт. Анын ою боюнча, Кыргызстанда эч ким билбеген майда партиялар абдан көп. “Өткөн президенттик шайлоодо мен эки партиянын бир туугандай болуп, ишти жолго салып иштешкенин көргөм”, -деп Тургуналиев партиялардын биригүү демилгесин колдойт.



Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, бул биригүүнүн жөнү бар. “Алар парламенттик шайлоо алдында биригиши керек. Ошондуктан бул план кыска мөөнөттүү гана болушу мүмкүн. Балким, чындыгында эле оппозиция күчтүү партияны негиздей алат. Эгер, биригишпесе, бара-бара жок болуп кетишет”, -дейт ал IWPRга.



Сариев айрым башка аналитиктер сыяктуу эле, президент Бакиев 2012-жылы боло турган шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүп жиберери толук мүмкүн болгондуктан, партияларга кайрадан түзүлүү керектигин белгилейт.



“Күз ортосунда парламент таркатылып, жаңы шайлоо декабрда өтүшү ыктымал. Баардыгы ошого баратат. Бакиевдин тобундагы саясий технологдор эчак эле, кычыраган кышта шайлоо алда-канча тынч өтөөрүн ойлоп коюшкан”, -дейт ал.



Президент Бакиев өз убактысынан мурда өтө турган шайлоо тууралуу сөздөрдүн алдын-алган.



“Парламенттин таркашы жөнүндө айың кептер жүрүп жатат. Бирок, эч кимдин андай ою да жок, анын кереги да жок. Мындай сөздөр негизсиз”, - деп 1-сентябрда президенттин парламентке кайрылуусун жергиликтүү ММКлар цитата келтиришүүдө.



“Президенттин Жогорку Кеңешти таркатпайм дегени депутаттарды тынчсыздандырышы керек. Кээде президент баардыгын тескери кылган адаты бар”, - дейт Текебаев 3-сентябрдагы Бишкек маалымат клубуна куруп берген маегинде.



Текебаев, президент темирди ысык кезинде согууну каалап жаткандыгын, башкача айтканда, 2012- жылы анын бийликтеги мөөнөтү соңуна чыкканын күтпөстөн, азыр күчтүү позицияны ээлеп турганда жаңы мыйзамдуулукту түзүүнү көздөп жаткандыгын ырастайт.



Өкмөттүк саясатчылар жана көз карандысыз аналитиктер баш болгон башка эксперттер “Ата Мекен” менен социал-демократтар бириккен күндө да, шайлоодо ийгиликке жетише алышпайт деген ойду бөлүшүшөт.



Саясат таануучу Орозбек Молдалиев, жайкы президенттик шайлоодо оппозиция жана алардын бирдиктүү кандидаты Атамбаев начар жыйынтыктарды көрсөтүшкөндүгүн айтып өттү.



“Атамбаев өткөн шайлоодо көптөгөн элдин ишенимин актай алган жок жана элди кайрадан оппозициянын артынан ээрчитиш оңойго турбайт. Жеңилүүдөн кийин эңшерилген имиджин оңдоо үчүн оппозиция көбүрөөк аракет кылышы керек”, - дейт ал.



Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин экс- катчысы Мирослав Ниязов дагы партиялардын биригүүсүнөн майнап чыгаарынан күмөн санайт. Анын ою боюнча, бул биригүүдөн социал-демократтар гана утат. Анткени, өткөн президенттик шайлоодо алар кадыр-баркын жоготуп алышкан. Ал эми, «Ата Мекен» коомчулуктун ишенимин сактап кала алган.



Биригүүнүн жол-жоболорун иштеп чыгуу керек, бирок, Текебаевдин ырастоосунда, алар жөн гана юридикалык маселе.



Алмазбек Атамбаев “эки партиянын тең аттарын сактап, жаңы бирикмени “Ата Мекен” социал-демократиялык партия деп атайлы” деген сунушун киргизген.



Жолтоо болуп калаарын моюнга алган Алмазбек Атамбаев жаңы партиядагы лидерликтен баш тартууга даяр экендигин IWPRга айткан. “Керек болсо, мен четте туруп берем”, - дейт ал.



Дилбар Алимова - IWPRда тренингден өткөн Кыргызстандагы журналист.
Kyrgyzstan
Frontline Updates
Support local journalists