Кыргызстанга кылдат ойлонулган тышкы саясат керек

Өлкө парламенттик демократияны эксперименттен өткөрүп жаткан учурда дипломатия башкы орунда турушу зарыл.

Кыргызстанга кылдат ойлонулган тышкы саясат керек

Өлкө парламенттик демократияны эксперименттен өткөрүп жаткан учурда дипломатия башкы орунда турушу зарыл.

Ишенбай Абдуразаков IWPR менен маектешүү учурунда. (Сүрөт IWPR дан алынды.)
Ишенбай Абдуразаков IWPR менен маектешүү учурунда. (Сүрөт IWPR дан алынды.)
Thursday, 24 February, 2011

Тышкы саясат боюнча белгилүү Кыргызстандык эксперт, жакында түзүлгөн курама өкмөт өзүнүн тышкы саясатын иштеп чыгууда Америка Кошмо Штаттары жана башка өлкөлөр менен болгон мамилесинде ырааттуулукка жана туруктуулукка жетишүүсү зарыл экендигин айтты.
 

Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы, учурда Кыргызстандагы япондор ассоциациясынын төрагасы Ишенбай Абдуразаков, АКШ менен болгон мамилелерде олуттуу деле өзгөрүүлөрдү көрө албай тургандыгын IWPRга айтты. Америка 2001-жылдын декабрь айынан бери ушул Борбордук Азия мамлекетинде жайгашкан авиабазасын Афганистандагы бардык согуштук иш-чараларын камсыз кылууда колдонот.

Соңку жылдары кыргыз саясатчылары тарабынан Американын аскердик базасынын жайгашуусуна акыркы чекит коюуга аракеттер жасалды, бирок алардын баары кошумча келишимдерди түзүү менен гана чектелип, ал келишимдердин негизинде аскердик база каралган кээ бир шарттардын негизинде иштөөсүн уланта алат.

Жакынкы күндөрү Манас аба бекетинде жайгашкан авиабазанын айланасында болгон өз-ара пикир келишпөөчүлүктөр Mina Корпорациясына таандык. Mina Корпорациясы – бул америкалыктардын авиабазасын күйүүчү май менен камсыздоону жүргүзүүчү компания. Манас аэропортунда Пентагондун келишимдерин түзүү практикасы өткөн жылы АКШнын Конгрессинин алдындагы комиссиянын талкуусуна коюлган, бирок комиссия коррупцияга шектелген бир да иш-аракетке тастыктоолорду таба алган эмес.

Абдуразаковдун айтымында, мурда авиабазаны күйүүчү май менен камсыздоого кыргыз тараптан «кландык топтор» жетекчилик кылышкан жана анын айтымында, өлкөнүн казынасына түшө турган акча ошол топтун чөнтөгүнө түшүп турган.
 

«Бул коомчулукта нааразычылыкты пайда кылган. Ошондуктан, эми биз күйүүчү май менен камсыз кылуу маселесин жана келишимдерди жана башка инфраструктуралык учурларды ачык айкын кылышыбыз керек», - деди ал.
 

Серепчи Кыргызстандын Өзбекстан менен татаал мамилесине өзүнүн оң көз карашын билдирди. Ал Өзбекстан өзүнүн Кыргызстанга газ берүүсүн саясий рычаг катары колдонушу мүмкүн деген жоромолдорду четке какты жана өткөн жылдагы он миңдеген этникалык өзбектердин качуусу менен коштолгон Ош, Жалал-Абад шаарларында болгон кандуу окуяга карата Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун салмактуу мамилесин жогору баалады.
 

Ошол эле мезгилде Өзбекстан Кыргызстандагы саясий абалды өтө кунт коюу менен байкоо жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады ал. Ишенбай Абдуразаков улуттук сезимдерге алдырбоо керектигин, алардын Кыргызстанда эркин жашоосуна мүмкүндүк берүү керектигин айтты.

Дина Токбаева – IWPRдын Борбордук Азия боюнча аймактык редактору.

Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Kyrgyzstan
Frontline Updates
Support local journalists