Келүүсүнө тыюу салынган экспертти кыргыз бийлигинин анын отчетуна жасаган мамилеси өкүндүрдү

Эл аралык комиссия башчысы Киммо Кильюнендин Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө тыюу салынды. Парламенттин мындай чечими «калабалуу окуяга дыкат иликтөө жүргүзүлдү жана бул тараптардын жарашуусуна өбөлгө болот», - деген терең ишенимдеги комиссия башчысын аб

Келүүсүнө тыюу салынган экспертти кыргыз бийлигинин анын отчетуна жасаган мамилеси өкүндүрдү

Эл аралык комиссия башчысы Киммо Кильюнендин Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө тыюу салынды. Парламенттин мындай чечими «калабалуу окуяга дыкат иликтөө жүргүзүлдү жана бул тараптардын жарашуусуна өбөлгө болот», - деген терең ишенимдеги комиссия башчысын аб

Сүрөткө түшүндүрмө: Киммо Кильюнен. (Сүрөт: Игорь Коваленко)
Сүрөткө түшүндүрмө: Киммо Кильюнен. (Сүрөт: Игорь Коваленко)
Thursday, 9 June, 2011

Кыргызстандын түштүгүндө өткөн жылы болуп өткөн кандуу окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн көз карандысыз эл аралык комиссиянын башчысы өлкө парламентинин анын отчетуна карата берген баасы таң калтыргандыгын жана капаланткандыгын билдирди.

Киммо Кильюнен Кыргызстандагы Эл аралык иликтөө комиссиясын (ИКК) жетектеген. Ал комиссиянын курамына президент Роза Отунбаева тарабынан Ош жана Жалал-Абад шаарларында болуп өткөн кандуу окуяны жана анын негизги себептерин иликтөө максатында чакыртылган эксперттердин тобу киришкен.

Аталган комиссия өз отчетун үстүбүздөгү жылдын 3-майында жарыялады жана анын отчету өз мезгилинде абдан катуу сын-пикирлерге дуушар болду. Аталган отчет айлап топтолгон далилдерге жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө негизделгенине карабастан, Кыргызстандын көпчүлүк саясатчылары отчеттун жыйынтыгына дароо эле терс баа беришти. 26-майда парламент басымдуу көпчүлүк добуш менен Кильюненин Кыргыз мамлекетине киришине тыюу салган чечим кабыл алды. ИККнын отчету бир жактуу жазылган жана ал улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет - деп жарыялады.

Мындай кызуу кандуу мамиле кан төгүүлөр болгон учурдан баштап эле саясатта улутчулдук көз караштын жогорулашын чагылдырган маанай катары бааланууда. Кагылышууда кыргыздарга караганда өзбектер көп каза болгон жана каргашаны баштагандар деп кармалгандардын көпчүлүгү өзбектер, деген ИККнын билдирүүлөрү чиновниктерге жана парламентарийлерге өтө катуу басмырлаган билдирүү катары тийген. Бирок мындай бүтүм иликтөө башталганга чейин эле такталган эле. (Кеңири маалыматты Kyrgyzstan Report Draws Shaky Line Under Violence аттуу макаладан ала аласыздар).

IWPR ИККнын отчетуна карата сын пикирлүү мамилеге кандай карай тургандыгын билүү максатында фин саясатчысы Кильюненге суроо узатты.

IWPR: Сиздин Кыргызстандын аймагына киришиңизге тыюу салган бүтүмдү ИККнын мүчөлөрү кандай кабыл алышты?

Киммо Кильюнен: Алар өтө капа болушту. Бул сын жеке менин атыма эле эмес, бүтүндөй комиссиянын мүчөлөрүнө карата айтылган сын деп жатышат. Алар өтө тынчсызданышууда жана бул маселени көтөрүүнү каалап жатышкандыгы ачык. Биз Кыргызстандын мамилеси, өкмөттүн жана президенттин позициясы кандай экендигин так билгибиз келет.

IWPR: Парламенттин чечиминен сиз эмнени түшүндүңүз?

Кильюнен: Мага абдан өкүнүчтүү. Эмне үчүн дегенде, биз объективдүү анализди жазууга жана элдешүү процессине көмөк көрсөтүүчү мыкты жолдонмолорду берүүгө өтө аракет кылдык. Ошондуктан бул абдан чоң көңүл калтыруу болду.

IWPR: Президент Отунбаеванын Комиссиянын башчысы кылып сизди сунуштагандыгын эске ала турган болсок, парламенттин мындай аракетин кандай түшүнсө болот? Сиздин оюңузча Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде пикир келишпестиктер барбы?

Кильюнен: Мен биле албайм – сиз бул жөнүндө Кыргызстандын саясатчыларынан сураганыңыз оң. Мага түшүнүксүз болгон нерсе, парламенттин мага карата “персона нон-грата” макамын киргизүү чечими болду. Адатта мындай иш менен өкмөт алектенет. Ошондуктан парламент мындай чечимди чыгаруу менен саясий маанидеги аракет жасады.

Мен бул чечимдин укуктук макамын билбейт экенмин, бирок мен мунун саясий жагын билем. Өкмөт отчетту аны интерпретациялоо көз карашынан сындаганы менен, алар өздөрүнүн бүтүмдөрүн биздин жолдомолор менен кошо жарыялоого макул болушту.

Өкмөт биздин жолдомолорубузду аткаруу, жүзөгө ашыруу жана мониторинг жүргүзүү максатында атайын комиссия түзсө жакшы болоору айтылып жаткан. Ал арада саясий жагынан алганда, парламенттин мындай чечимди кабыл алышына мен абдан капамын.

IWPR: Сиздин оюңузча буга президент кандай карайт?

Кильюнен: Мен бул жөнүндө эч нерсе айта албайм. Бул президенттен жана парламенттен көз каранды. Биз колдон келген нерсени жасадык, биз өлкөгө жана элдешүү процессине жардам берүүгө аракеттендик, биз ошондой эле объективдүү болууга жана тең салмактуулукту сактоого колдон келишинче аракеттендик. Биздин мындай ишибизди Кыргызстан туура түшүнөт деп үмүттөнөм.

IWPR: Human Rights Watch, Ош демилгечи тобу жана Кыргыз саясатчысы Абдыганы Эркебаев жетектеген Улуттук комиссия тарабынан даярдалган башка отчетторго баа бере аласызбы?

Кильюнен: Түрдүү ыкмалардын бар экендигин билебиз – кээ бирлери адам укуктарына басым жасашса, башкалары – ЭКТ [Эл аралык кризистик топ] сыяктуу өлкөдөгү саясий абалга басым жасашкан, башкача айтканда саясий кесепеттерине көбүрөөк көңүл бөлүшкөн. Эркебаев башында турган комиссия даярдаган улуттук отчет маанилүү экендиги ачык нерсе жана биз өз отчетубузду даярдадык. Бирок колдонулган ыкмалар ар түрдүү.

IWPR: Сиз кантип ойлойсуз, сиз кайрадан дагы Кыргызстанга барасызбы?

Кильюнен: Албетте, мен муну өтө каалайм. Биз баарлашып, талкуулоо жүргүзсөк жакшы болмок, мен ушуну каалайм. Мен да бул мамлекетти жана ал мамлекетте жашаган элдерди жакшы көрөм. Мен көптөгөн парламентарийлерди билем – алар менин досторум.
Ошондуктан мен бул мамлекетке баргым келет, бирок, чакыруусуз мен бара албастыгым ачык.

Дина Токбаева – IWPRдын Борбордук Азия боюнча аймактык редактору. Нина Музаффарова – Бишкектеги IWPR өкүлчүлүгүндөгү интерн.

Frontline Updates
Support local journalists