Баш аламандыкты башынан өткөргөн Кыргызстанга донордук жардамдар

Жардам көрсөтүү боюнча түшкөн сунуштар шайлоодон жана жаңы өкмөт түзүлгөндөн кийин кылдат каралып чыгат.

Баш аламандыкты башынан өткөргөн Кыргызстанга донордук жардамдар

Жардам көрсөтүү боюнча түшкөн сунуштар шайлоодон жана жаңы өкмөт түзүлгөндөн кийин кылдат каралып чыгат.

Southern Kyrgyzstan will require large sums of money to restore buildings and infrastructure wrecked by ethnic clashes in June. (Photo: Pavel Gromsky)
Southern Kyrgyzstan will require large sums of money to restore buildings and infrastructure wrecked by ethnic clashes in June. (Photo: Pavel Gromsky)

Эл аралык донорлор Кыргызстанга июнь айындагы этникалык кагылышуудан жапа чеккен шаарларды калыбына келтирүүгө жардам берүү ниеттерин билдиришүүдө, бирок алар жардам берүү тууралуу өз сунуштарын бекитүүнү октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгып жаңы өкмөт түзүлмөйүнчө күтө туруу ниетинде экендигин билдиришти.

Кыргызстандагы аналитиктердин айтымында, кандай гана чет элдик жардам болбосун анын натыйжалуу пайдалануусуна кепилдик (гарантия) берүү маанилүү.

27-июлда Кыргызстандын борбору Бишкекте өткөн донорлор конференциясынын жыйынтыгында, өлкөгө эки жарым жылдын ичинде 1,1 миллиард АКШ долларын бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бул акча июнь айынын бир нече күнүнө созулган башаламандыктардан жапа чеккен Ош, Жалал-Абад шаарларында жана ага жанаша жаткан райондордо кыйроого учураган инфраструктураны калыбына келтирүүгө жумшалмакчы. Бул этникалык кагылышуулардын натыйжасында жок эле дегенде 330 адам каза таап, ал эми турак үйлөр, дүкөндөр жана башка имараттар өрттөөлөрдөн жана талап-тоноочулуктан жапа чеккен.

Ушул кыйроолор менен катар Кыргызстандын экономикасы да жапа чекти, анткени коңшулаш Борбор Азия Мамлекеттери Кыргызстан менен болгон чегарасын убактылуу жабышты. Бул өлкөдөгү соодага тескери таасирин тийгизди.

Убактылуу өкмөттүн маалымат саясаты боюнча координатору Фарид Ниязовдун айтымында, бул каражат мамлекеттик бюджеттин жетишсиздигин (дефицитин) жабууга жана түздөн түз Оштогу жана Жалал-Абаддагы калыбына келтирүү иштерине жумшалат.

Экинчи донордук конференция ушул жылдын октябрь айында, тагыраак айтканда Кыргызстандагы апрель окуясынан тарта өлкөнү башкарып жаткан өткөөл мезгилдин өкмөтүнүн ордуна жаңы өкмөт түзүлгөндөн кийин, Казакстанда өтүүсү күтүлүүдө.

Бул конференцияны өткөрүү мөөнөтү Казакстандын премьер-министри Карим Масимов тарабынан Кыргызстанга жардам көрсөтүү боюнча 16-августта Астанада өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөр мезгилинде жарыяланды.

Бул донордук конференцияда Кыргызстанга жардам көрсөтүү максатында каражат тартуу боюнча иш алынып барылмакчы.

Астанада өткөн кеңешмеде Казакстандын тышкы иштер вице-министри Нурлан Эрмекбаев бери эле дегенде 29 өлкөгө жана эл аралык уюмдарга алар өздөрү көрсөтө ала турган жардамдын өлчөмүн аныктоо тапшырылгандыгын билдирди.

«Сүйлөшүүлөрдүн мүнөзү кылдат жана ачык, так жүргүзүлмөкчү. Жардамдын сапаты – бул грант болобу же насыябы, эгер насыя болсо анын мөөнөтү жана шарттары боюнча талкуу жүрөт», - деди IWPRга Бишкектен аналитик Аскар Бешимов.

Бешимовдун айтымында, донорлор бул маселени учурдагы убактылуу орган менен эмес келечектеги бир топ мыйзамдуу өкмөт менен талкуулай тургандыгын билдирген.

Астанадагы кеңешмеде Кыргызстандын финансы министри Чоробек Имашев мындай деп билдирди: «Биздин узак мөөнөттөгү стратегиябыз сырткы жардамдарга көз каранды эмес, ал ички булактарга негизделиши керек. Экономикадан түшкөн кирешени көбөйтүү керек».

Бирок Бешимов, учурда өлкө үчүн маанилүү болуп турган нерсе, келечекке пландарды түзүү эмес, мамлекеттин жашап кетүүсү экендигин кошумчалады.

«Бизде бюджеттин жетишсиздиги миллиард сомду чапчып барат; биз жер жерлердеги жарылууларды басуу менен алек болуп, өлкөнү өнүктүрүүнүн жада калса бир-эки жылдык стратегиялык пландары боюнча да эч нерсе ойлонгон жокпуз. Ал эми дүң продукциянын 6%га төмөндөөсү күтүлүүдө», - деди ал.

Ошону менен катар Кыргызстан 2 миллиардан ашык сырткы карызын төлөшү керек

«Мүмкүн төлөмдөрдүн мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт, бирок бул болгону алардын төлөө мөөнөтүн өзгөртөт», - деди Бешимов.

Жыйынтыгында, Кыргызстанга жаңы насыяларды берүү өлкөнүн карызынын дагы көбөйүшүнө алып келмекчи. Бирок аналитиктердин айтымында, кеп өлкөгө канча акча каражаттын түшүшүндө эмес, реалдуу экономикалык өсүшкө көмөк көрсөтүү үчүн ал каражаттын кандайча пайдалангандыгында.

Экономист Жумакадыр Акенеевдин айтымында, өткөн 19 жылда насыялар экономиканы өнүктүрүү максатында алынса да, алар натыйжасыз колдонулду. Учурда биз күнүмдүк керектөөлөрүбүздү жабуу үчүн акча алууга муктажбыз, бирок биз мурдагы катачылыктарды кайталабашыбыз керек.

Эксперттин пикиринде, бөлүнгөн акча каражаттардын отчеттуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу үчүн жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу керек.

«Эгер бийлик байкоочу кеңешти түзсө, анда анын курамында жарандык коомдун өкүлдөрү болушу керек, ошондо гана биз насыяларды колдонуунун ачык айкындыгын камсыздай алабыз», - деди Акеенев.

Асыл Осмоналиева, IWPRдын атайын машыгууларынан өткөн Бишкектеги журналист.

Бул макала «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда Адам укугун коргоо жана укук таануу» долбоорунун негизинде Европалык комиссиянын колдоосунда Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды. Долбоор Европалык Комиссия жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлиги тарабынан каржыланат.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Frontline Updates
Support local journalists