Баткен облусундагы соода-сатыкка Евразиялык экономикалык союзин тийгизген таасири

Радиопрограмма IWPR

Баткен облусундагы соода-сатыкка Евразиялык экономикалык союзин тийгизген таасири

Радиопрограмма IWPR

Май айынан баштап Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзине кирээри айтылганы Баткендин Тажикстан менен чектеш аймак тургундары түйшөлө баштады. Анткени аймактагы чек аралаш айылдардын тургундары соода-сатыгы, күнүмдүк тирилиги кандайына өзгөрөт, чек арадагы мамилени ким көзөмөлдөйт, кандай жаңы эрежелер кирет ушул суроолорго жооп алалбай турушат.

Баткен обулсу жайыты кенен болбогону менен коросунда мал кармап,бордоп семиртип эт үчүн мал кармагандар көп. Атайын фермалары болбогону менен калктын тең жарымдайы кошумча кирише катары мал кармашат. Тажикстан менен чек арага жакын айылдарда көпчүлүк үйдө атайын кара мал жемдеп, эт байлаганда кошуна өлкөнүн касапчыларына өткөрүп турушат. Кээ бир учурда Чүйдөн мал тартып келип Тажикстанга өткөргөн учурлары да болот.

Жумагүлдүн жолдошу Максатбек кыргызстан май айынан Евразиялык экономикалык союзине кирчү болсо кошуна кардарлардан айырылып калабызбы, эгер бул жумуш токтосо элдин баары киризис экенине карабай орусияга кеткенге мажбур болобуз да дейт.

 

Kyrgyzstan
Economy
Frontline Updates
Support local journalists