Кыргызстандыктар кечээги күнүн каары менен карашат

Кыргыз эли Бакиевди мурдагы өлкө башчысы сыяктуу эле начар жетекчи деп эсептешип, ошол эле мезгилде жаңы келген бийликтин жакшы иштеп кетишине шектенүү менен карашат.

Кыргызстандыктар кечээги күнүн каары менен карашат

Кыргыз эли Бакиевди мурдагы өлкө башчысы сыяктуу эле начар жетекчи деп эсептешип, ошол эле мезгилде жаңы келген бийликтин жакшы иштеп кетишине шектенүү менен карашат.

Burnt-out remains of a houses said to belong to members of the Bakiev family. Photo by Altynay Myrzabekova.
Burnt-out remains of a houses said to belong to members of the Bakiev family. Photo by Altynay Myrzabekova.
Burnt-out remains of a houses said to belong to members of the Bakiev family. Photo by Altynay Myrzabekova.
Burnt-out remains of a houses said to belong to members of the Bakiev family. Photo by Altynay Myrzabekova.
Monday, 12 April, 2010

IWPR тарабынан сурамжылоого алынган жарандардын кээ бирлери жаңы бийликке карата ишенбөөчүлүк пикирлерин билдиришкен, жана жаңы өкмөт өз убадаларын аткарат деген ойлордон алыс, ошондой эле алардан көптү деле үмүттөнүшпөйт.

Ош шаарынын 57 жаштагы тургуну Чынара Исманова кесиби боюнча мугалим. Алган пенсиясынын өлчөмү өтө төмөн болгондуктан кошумча акча табуу максатында турак жайларды оңдоо иши менен күн көрүп келет. 2005-жылдагы Акаевди бийликтен кулаткан Тюлпан революциясына жана кечээги Бакиевдин бийликтен алып түшкөн элдик козголоңго катышкан.

Исманова 2005-жылдагы революциядан кийин айтылган көптөгөн убадалардын ишке ашпагандыгын жана январь айындагы коммуналдык кызмат төлөмдөрүнүн кескин көтөрүлүшү өзүнө окшогон карапайым калктын жашоосуна терс таасирин тийгизгендигин айтты.

«Электр кубатына жана жылуулукка болгон төлөмдөр жогорулады, өкмөт калктын өтө кыйналган катмарына, анын ичинде пенсионерлерге жардам берилээрин айтып келгени менен, мага январь айынан бери өкмөттөн эч кандай компенсация же жардам көрсөтүлгөн жок», - деди ал.

Исманованын пикиринде, Бакиев эмнеге татыктуу болсо ошону алды, ал кишинин бийликтен кетиши жеке аны кубандырат. Бирок Бишкектеги бейкүнөө адамдардын өлүмү аны кейитпей койбойт. Эске сала кетчү нерсе, шаардын борборундагы козголгон элге атылган октон көптөгөн адамдар курман болгон.

«Өз элине ок аткан бийликтин кереги жок жана жаңы бийлик өз убадаларын так аткарып, турмушту өз нугуна салат», - деген үмүтүн айтты Исманова.

Ош шаарынын тургуну 42 жаштагы Нилуфар аттуу аял козголоңго чыккан элге ок аткан күнөөлүү адамдар убактылуу өкмөт тарабынан өз жазасын алат деп ишенет.

«Бул революция биздин балдарыбыздын жана кыздарыбыздын кан төгүүсү менен ишке ашты. Келечекте мындай окуялардын кайталанышын каалабайт элем», - деди ал.

Өз атын атагысы келбеген, Бишкек шаарынын 40 жашка келип калган тургуну жаңы бийликке ишенбегендигин жана алардын бийликте көпкө кармалып тураарына шектенген көз карашын билдирип, Бакиевдин кайрадан бийликке келүү коркунучу бар экендигин айтты.

Өз атын айтпагандыгынын себебин жакын арадагы боло турган окуяларга байланыштуу дейт ал. Маалыматтарга караганда Бакиев өлкөнүн түштүгүндө жаңы бийликке каршы өз талапкерлерин топтоп жатканын жана эгер анын максаты ишке аша турган болсо анда жарандык согуш чыгып кетүү коркунучу бар экендигин кошумчалады.

Бакиев тууралуу берилген IWPRдын суроолоруна, айдоочу болуп иштеген Бишкек шаарынын 50 жаштагы тургуну Сергей кулатылган бийликке өзүнүн терс көз карашын айтты. «Бакиев мурдагы өкмөт башчыбыз Акаев кетирген катачылыктарды толук кайталагандыгы эч кимге жашыруун эмес», - деп жооп берди.

Сергейдин пикиринде, окуянын мындай түр алышын күн мурунтан айтууга болот эле, анткени өлкөдө кландык менталитет күч алып, бийликке келген адам өз айланасына тууган-туушкандарын чогултуп, натыйжада бийлик бир үй-бүлөнүн колуна топтолуп калган.

Ысык-Көл дубанынын түндүк-чыгышындагы Бөкөнбаев айылында жашаган 60 жаштагы пенсионер аял Чынар Мааткеримованын пикиринде, эл Бакиевдин саясатына нааразы боло баштаган.

“Элдер жашоонун оордугунан ушунчалык жапа чегип, кыйналгандыктан андан ары чыдоо мүмкүн эмес эле”, - дейт Чынар апа.

“Жер салыгын көтөрүштү. Электр кубаттуулугуна жана жылуу сууга болгон төлөмдөрдү көтөрүштү. Буга чейин деле салыктарды жогорулатуу иштери болгон, бирок алардын өлчөмү сезилээрлик болгон эмес” -дейт ал.

“Жаштарга иш орундары болбогондуктан, алар көчөлөп жүрүшөт. Аларды мүмкүнчүлүгүбүз болушунча эптеп-септеп окутуп жатабыз”, - деп кошумчалады Чынар апа.

Ошондой эле ал Убактылуу өкмөт кечээги кандуу окуялардын себеби болгон, тарифтердин өлчөмүн төмөндөтүү убадасын аткараарына үмүттөнгөндүгүн айтып, бирок жаңы бийлик да мурдагы бийлик сыяктуу коррупцияланып кетиши мүмкүн деген чочулоосун билдирди.

Бишкектин чет жакасында жайгашкан кичи дүкөндүн сатуучусу Асел элдик козголоңдон кийин өлкөдө орун алган саясий баш аламандык жана мыйзамсыздык тамак-аштын тартыштыгына алып келиши мүмкүн деген оюн айтты.

IWPRдын кызматкерлери келгенде бул дүкөндүн ичи дээрлик бош калганын көрүштү. Кымбат баадагы алкагол ичимдиктери менен суусундуктардан башка эч нерсе калган эмес эле. “Өлкөдө орун алган баш аламандык бизге терс таасирин тийгизди, себеби ишкерлер өндүрүп чыгарган продукцияларын дүкөнгө алып келбей жатат”, - деди Асел.

Мындай кагышуулардын болуп кетишине эки тарап тең - Бакиев жана оппозиция күнөөлүү деп эсептейт. Анын пикиринде, Бакиев козголгон элдин алдына чыгып, алардын нааразычылыгынын себептерин, талаптарын угуп бир чечимге келсе болмок. Ал эми оппозиционерлер элди көтөрүлүшкө алып чыгып, аянтка таштап качып кетишти, аларды өз кызыкчылыгына пайдаланышты деп айыптайт.

Бишкек шаарындагы чач тарачтын кожоюну Дмитрий Тен да жаңы бийликке нааразы, анткени алар ишкерлерди талап тоноолордон коргой алган жок. Анын пикиринде, жаңы бийлик ишкерлердин, деги эле башка бирөөлөрдүн мүлкүн сактап калууга аракет да жасаган жок.

“Ушундай кайгылуу, талап тонолгон окуялардан соң жана мамлекет тарабынан эч кандай жардам болбогондон кийин мага окшогон карапайым элдин жашоосу кандай болот”, - деп кошумчалады Дмитрий.

Ош шаарынын тургуну Нилуфар жаңы бийлик өзүнүн натыйжалуу башкаруу жөндөмдүүлүгүн батыраак көрсөтүшү керек деп эсептейт.

“Мен тааныгандардан көбү өтө жакыр турмушта жашашат, эгер жаңы бийлик өзүнүн ыкчамдыгын көрсөтпөсө элдин нааразычылыктары андан да арбыйт”, - дейт Нилуфар.

Тимур Токтоналиев, IWPRда тренингден өткөн Кыргызстандагы журналист жана Исомидин Ахмеджанов, эркин журналист.

Kyrgyzstan
Frontline Updates
Support local journalists