Кыргызстандагы экстремизм менен күрөшүү. Ар бирибиз үчүн коркунуч бар

Экстремисттик деп табылган материалдар боюнча жүздөгөн адам соттон өтөт.

Кыргызстандагы экстремизм менен күрөшүү. Ар бирибиз үчүн коркунуч бар

Экстремисттик деп табылган материалдар боюнча жүздөгөн адам соттон өтөт.

Extremist material confiscated by the ministry of internal affairs. (Photo: Kyrgyz Ministry of Internal Affairs)
Extremist material confiscated by the ministry of internal affairs. (Photo: Kyrgyz Ministry of Internal Affairs)
Wednesday, 3 October, 2018

Эл аралык укук коргоочу «Хьюман Райтс Вотч» уюмунун докладында, экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн кылмышка куугунтуктоо – Кыргызстандагы жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндөгү ислам экстремизмине каршы күрөшүү урааны алдында өткөрүлүп жаткан жалпы репрессиялык саясаттын бөлүгү экендиги белгиленет.

Кыргыз Республикасы боюнча документтин өзөгүн, айыпталгандардын жана соттолгондордун экстремисттик материалдарды сактоо иштери боюнча алардын туугандарынын, жергиликтүү укук коргоочулардын, адвокаттардын жана кызмат адамдарынын 70 интервьюсу түздү.

Уюмдун улуу изилдөөчүсү Лета Тэйлер ушул докладдын жарык көргөнү боюнча пресс-релизде “Кыргызстандын бийлиги адамдарда видеоролик болуп аны көргөндүгү же китеп болуп аны окугандыгы үчүн эмес, зордук-зомбулук жасоо актылары болгонуна  же пландалып жаткандыгына байланыштуу иштерди козгоосу керек, — деп чакырык жасайт. – Материалдарды экстремисттик деп таануу так аныкталбаган критерийлерде аларды сактагандыгы үчүн гана кылмыш беренесинин болуусу – саясый оппоненттерди, активисттерди, журналисттерди, адвокаттарды жана катардагы адамдарды адилетсиз куугунтуктоого кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат”.

Кеп, видео, брошюраларды жана китептерди сактоо иштери боюнча эктремизмдин белгилери менен жүздөгөн айыптоочу өкүмдөр чыгарылып жаткан КР Жазык кодексинин 299-2 беренеси тууралуу жүрүүдө. 3 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, керек болсо эч кандай таратуу же зордук-зомбулукка түртүү үчүн пайдалануу болбосо да жазалоо жүрүп жатат.

Докладда 2010-жылдан тарта ушул берене менен 258 адам соттолгондугу эсепке алынган. Дагы бир нече жүздөгөн адам доклад жарыкка чыгып жатканда сотту күтүп жатышкан. Алардын саны жылыга өсүп жатат.

“Бир нече респондент милиция жана мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери тинтүү учурунда материалдарды таштап коюшуп, кийинчерээк  иликтөөнү токтотуу үчүн акча талап кылышкандыгын айтышкан. Дагы бир бөлүгү моюнга алууга аргасыз кылуучу кыйноолор жөнүндө билдиришкен”, — деп билдирет “Хьюман Райтс Вотч” “Биз дайыма коркууда жашайбыз” Кыргызстандагы экстремисттик материалдардын сакталышы» деп аталган докладында. 

Экспертизага суроолор

Уюм көпчүлүк юристтер менен эксперттер макул болгон маанилүү жагдайды бөлүп көрсөттү.

Докладда “Материалдын экстремисттик экендиги жөнүндөгү маселе Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын эксперттери тарабынан чечилет, алардын компетенттүү жана бейтарап экендигине укук коргоочулардын олуттуу суроолору бар. Өкмөт экстремизмге байланыштуу материалдарды экспертизадан өткөрүүнү Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматка берүү чечимин кабыл алган, бул ишти болушунча ылдамдатуу зарыл”, — деген чакырык айтылат.

Дин таануучу Индира Асланова аракеттер бар экендигине ишендирет. Ал диний экспертиза үчүн методикалык колдонмону иштеп чыгуучулардын бири болуп эсептелет.

“Экспертиза – бардыгы үчүн көкөйгө тийген башкы нерсе. Ал сөзсүз түрдө комплекстүү мүнөздө болушу керек. Мисалы, материалда зордук-зомбулукка үгүттөө жана чакырык бар экендигин аныктоо – лингвисттердин компетенциясында. Аларда эсептөөнүн так ыкмалары бар. Терминдерди жана диний тексттерди чечмелөөгө дин таануучулар кошулушу зарыл. Аудио менен видеону психологдор талдашы керек. Эгер улуттар аралык касташууга чакырык бар экендиги боюнча шектенүү болсо, мындайда социологдор менен саясат таануучуларды да кошсо болот. Башкача айтканда, эгер диний текст тууралуу сөз болуп жатса, экспертиза диний компоненти менен психолого-лингвистикалык болушу керек”, — деп түшүндүрдү И. Асланова.  

Анын маалыматы боюнча, азыр экспертизаны дайындаган адамдар үчүн ар бир кадамынын методикасы жана бирдиктүү инструкциясы иштелип жатат. Процессти ишке киргизүүгө үч жылдай убакыт кетет.

2019-жылдын январь айынан тарта Кыргызстандын Жазык кодекси алмашат. 299-2 беренесине жаңылыктар кирет. “Экстремисттик материалдарды сактоо” жана “таратуу максаты менен сактоо” түшүнүктөрү ажыратылат. Маңызы боюнча бул оңдоолор Россиянын тажрыйбасынан бир эскертмеси менен алынган: Россияда мындай материалдарды сактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги эмес, административдик жоопкерчилик каралган.

“Биз дагы бул кемчиликти жое аларыбызга үмүтүм чоң. Антпесе биз бардыгыбыз бир гана укук коргоо органдарынын эркине көз каранды болуп кала беребиз”, — деп сөзүн бекемдейт Индира Асланова.

Кыргызстандын юристтер ассоциациясынын мүчөсү Жанабил Давлетбаев КР Жазык кодексинин 299-2 беренеси боюнча өткөн жыл ичиндеги бардык иштерди анализдеп чыгып: судьялар чечим чыгарарда көп учурда экспертизага таянышат деген бүтүмгө келген.  

“Бул башкы далил, анын негизинде өкүм чыгып жатат. Бирок Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн экспертизанын сапаты көптөгөн суроолорду пайда кылат. Көп учурда аны жөн эле формалдуу өткөрүп коюулары мүмкүн”, — дейт респондент.

Ж. Давлетбаев экстремизге жана диний кастыкты козутууну айыптоого байланышкан сот иштеринин мониторинги боюнча долбоордун эксперти болгон. Эң эле таңгалычтуу айыптоолорго мисал катары, ал акыркы эки жыл ичиндеги эпизоддорду келтирген.

Эркек экстремизге айыпталган, ал болгону WhatsApp тиркемеси аркылуу келген үндүү кабарды угуп койгон. Аны кармашып, телефонун алышып, файлдар сакталган жеринен ушул жазманы таап чыгышып, кылмыш ишин козгошкон.

“Тергөө керек болсо бул шектүү файлды ким жөнөткөнүнө кызыкпагандыгы нонсенс болду. Иште жөнөтүүчү белгисиз экендиги жазылган”, — дейт юрист.

Ал эми дагы бир эркектин дептеринде үтүр аркылуу араб тилинде бир нече сөз жазылгандыгы үчүн, аны соттоп жиберишкен. Сөздөр чогуусунда бүткөн бир маанини же чакырыкты билдирбейт, алар болгону жөн эле зат атооч болгон. Бирок экспертиза мындай сөздөрдү тыюу салынган экстремисттик багыттагы уюмдар көп пайдаланышат деп бүтүм чыгарып берген.

“Сиз түшүнүп жатасызбы, Дин иштери боюнча комиссиясы касташуунун тилин аныктабай жана контекстти түшүнбөй жатат. Эгер ар бир сөздү өзүнчө экстремизмге катышуу катары чечмелеп, бул үчүн дагы “таратуу максаты менен” деп кылмыш мөөнөтү берилсе, анда ар бирибиздин башыбызда ушундай иш турат. Биз атайын адабиятты окуп жатканда, социалдык тармактардагы талкууларга катышып жатканда, комментарийлерди жазып жатканда ар бирибизди ушул коркунуч аңдып турат”, — деп эскертет Давлетбаев.

Анын кеңеши мындай: эгер дин, диний агымдар жана өзгөчө – тыюу салынган уюмдарга байланыштуу бүйүр кызыткан темаларга тиешеси болсо, азыркы шартта ар бир адам мыйзамды окуп үйрөнүүсү керек, өзүн-өзү сындоо ыкмасын карманып, өзүнүн тексттерин жана аракеттерин так электен өткөрүп анан жасаганы жакшы. Динге ишенген адамдар өзгөчө тобокелчилик зонасында турушат.  

Жарандарга олуттуу агартуу иштери зарыл экендигин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Изилдөө борборундагылар да макул көрүшөт.

“Кыргызстанга сабаттуу жана билимдүү диний ишмерлер керек, алар динге ишенген адамдарга традициялуу исламды түшүндүрүп беришээр эле. Албетте, чыныгы диндин экстремизмге тиешеси жок, бирок баарын эсепке алган манипуляторлор бул түшүнүктөрдү эчак аралаштырып жиберип, эми ишенчээк адамдардын сезимдери менен ойноп жатышат. Ошондуктан азыр имамдарды окутуу жүрүп, алар аттестациядан өтүп жатышат”, — деп бул жактан түшүндүрүштү.

Изилдөө борбору эгер кандайдыр бир идеология түзүлсө, кырдаал жакшырмак дешет. Анын жоктугу көпчүлүк үчүн боштук болуп, балким ошон үчүн ал боштукту көп адамдар тигиндей шектүү брошюралар менен толтуруп жатышы ыктымал.

Кесилген келечек

Судьяларга карата нааразылык абдан көп айтылат. Алар тууралуу билүү үчүн IWPR  өлкөнүн түштүгүндөгү белгилүү адвокат Валерьян Вахитовго кайрылууну чечти. “Бир Дүйнө” укук коргоочу уюму менен биргеликте ал 299-2 беренеси боюнча жүздөгөн кылмыш иштерине катышкан. Фемида кызматкери: эгер сизди Кыргызстанда ушул беренелер боюнча кармашса, анда сиз кылмыш мөөнөтүн сөзсүз аласыз деп айтышат.

“Жөн эле кулак салып койсоңуз: Кыргызстанда “Улуттар, расалык же диний касташууну козутуу” беренеси боюнча бир дагы актаган (!) өкүм чыга элек. Эгер материал түшсө, сизди сөзсүз соттошот. “Лайк” басканыңыз, имам берип бирок сиз ачып көрө элек брошюра үчүн, — биздин укук коргоочуларга баары бир. Ушул “карышкыр билети” өмүр бою калат – мындай соттолгондорго мунапыс да, шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу да колдонулбайт. Сиз кийин жакшы жумушка орношо аларыңыз күмөн”, — деп жыйынтыктайт В. Вахитов.

Ал дагы ишендирет: судьялар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертизасынын негизинде гана айыптоо өкүмүн чыгарышат.

“Сиз экспертизанын жыйынтыктарында кандайдыр бир негиз бар деп ойлойсузбу? Менин иш учурундагы практикамда болгону: “мыйзамга туура келбейт” жана “Конституцияга туура келбейт” деген эки вариантты көрдүм. Мен мамкомиссиянын жетекчиси Эргешовго Кыргызстанда кандай методика менен экспертиза өткөрүлөөрүн айтып берсин деп, расмий кат менен кайрылдым. Аткаминер бардык механизмдер жободо – мамкомиссиянын ички колдонуусундагы документте көрсөтүлгөн деп жооп берип кутулду. Башкача айтканда, адамдарды соттоп, өкүм чыгарышат, бирок аны эмненин негизинде чыгарып жатышкандыгын айтып бере алышпайт”, — деп нааразы болду маектешибиз.  

Ал адвокаттык ишинен бир нече окуяны мисал келтирди.

Ош облусунун Кара-Суу шаарынын имамы Рашод Камаловго он жылга күчөтүлгөн режимде айыбын өтөөгө өкүм чыгарылган. Бул иштин себеби, жума намаз учурунда ойнолуп жаткан CD-диск экен. Бирок, Вахитовдун айтымында, бул мурда эле УКМК тергөөчүлөрү алышып, экспертиза жазууда тыюу салынган эч нерсе жок деп жыйынтык чыгарган диний насаат болгон.

Адвокат 2016-жылдагы катуу чуу чыгарган ишти да эстеди, анда Кара-Суунун 21 жаштагы жашоочусу Абдулло Нурматов “Одноклассники” социалдык тармагындагы жогоруда келтирилген соттолгон имам Камаловдун сүрөттөрүнүн алдына “Класс!” басканы үчүн шарттуу кесилген.

“Ушинтип кете берсе, укук коргоочуларга, судьяларга да өз кабинеттеринде алынган адабияттарды кармап келе жатышкандыгы үчүн мөөнөт берсе болот. Ошондуктан мындай айыптоолордун негизинде эң башкысы – атайын ниет болушу керек. Анткени сактоо кокусунан (кимдир бирөө бир убакытка кармай турууну суранды), кесиптик окуп үйрөнүү үчүн,  макала жазуу үчүн, илимий максаттарда болушу мүмкүн. Адам мындай материалды эмнеге сактап жаткандыгы, аны эмне кыла тургандыгы – мына ушулар судьяларды кызыктыруусу керек”, — дейт Валерьян Вахитов.

Адабиятты же дискти сактоонун өзү кылмыш болушу мүмкүн эмес. Бул үчүн дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартпасы тууралуу кошумчалап кетти.

Чындыгында “Хьюман Райтс Вотчтун” башкы сунуштарынын бири: Кыргызстандын бийлиги 299-2 беренесин жана экстремизмдин ашыкча кеңири мыйзамдык аныктамасын кайра карап чыгуусу керек.

“Экстремисттик материалдарды сактоо гана бар болгон иштер боюнча өкүмдөрдү тезинен кайра кароо зарыл”,- деп көрсөтүлөт докладда.

Мамкомиссия соттук экспертиза өткөрбөйт

Бул демилге тууралуу IWPRга мамкомиссиянын жетекчисинин орунбасары Закир Чотаев мындайча комментарий берди: «Мыйзамдын артка карай күчү болбойт. Айрым эл аралык уюмдар өздөрү кызыкдар болгон, бирок ишке ашпай турган талаптарды коюшат. Жалпысынан экстремизм менен күрөшүү маселеси – өлкөнүн ички иши. Эгер Кыргызстандын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилсе, анда тиешелүү иштер жасалат”.  

Ал бул маселе мамкомиссиянын компетенциясында эместигин белгиледи. Бирок анын маалыматына караганда, Ички иштер министрлигинде көрсөтүлгөн мыйзамды жакшыртуу боюнча иштер жасалып жатат.

Респондент мамкомиссия соттук экспертиза өткөрбөй тургандыгын өзгөчө баса көрсөттү.  

“Биз бир гана адистик мамлекеттик диний экспертиза жасайбыз, муну тиешелүү билими бар бардык эксперттер жасай алышат. Тиги же бул материалдар тыюу салынган агымдарга же уюмдарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча аныктама беребиз. Биздин эксперттердин корутундусу соттуку болуп эсептелбейт. Аны мамлекеттик органдардын суроосу боюнча беришет. Андан ары алар судьялардын жоопкерчилигинде. Биздин экспертизаны далил катары эсептейби же жокпу, бир гана судья чечет”, — деп түшүндүрдү Чотаев.  

Ошол эле учурда ал мамкомиссиянын эксперттери суралган материалдардын болжол менен жарымынан КРда тыюу салынган диний агымдардын материалдарын таппагандыгына ишендире кетти.

“Көпчүлүк материалдар “таза” болуп чыгышат. Билесизби, биздин бир дагы кызматкер жок нерсени кошуп жазуу боюнча жоопкерчиликти ала алышпайт. Мындай документтерге алар өз аты-жөнү менен кол коюшаарын жакшы түшүнүшөт”, — деп жыйынтыктады маектешибиз.

Ал эми «Хьюман Райс Вотчтун» докладында кандай жыйынтык чыгарылган: “Террорчулук менен күрөшүү контекстинде адам укугунун бузулушу мыйзамсыз гана эмес, продуктивдүү да болбойт, анткени жергиликтүү коомчулуктардын четтеп калуу коркунучу бар. Коопсуздукту жогорулатуу ордуна алар куралдуу экстремисттик топторду колдоонун кеңейүү тобокелчиликтерин түзүп жатышат”.

Ошентип, эксперттер, адвокаттар, укук коргоочулар, керек болсо аткаминерлер да бир пикирде – экстремизм менен күрөшүү багытындагы мыйзамдарды сөзсүз жеткиликтүү иштеп чыгуу зарыл деп эсептешет.

Kyrgyzstan
Human rights
Frontline Updates
Support local journalists