Бишкектеги башаламандык күбөлөрдүн айтымында

Кыргызстандык журналист Бишкектин көчөлөрүндөгү каршылашкан митингчилер менен өкмөттүк аскерлердин куралдуу кагылышуулары жөнүндө айтып берет.

Бишкектеги башаламандык күбөлөрдүн айтымында

Кыргызстандык журналист Бишкектин көчөлөрүндөгү каршылашкан митингчилер менен өкмөттүк аскерлердин куралдуу кагылышуулары жөнүндө айтып берет.

Sunday, 11 April, 2010

Митингге чыккандардын уюшулгандыгы көрүнүп турду, магазиндердин жанында эч кандай талап тоноолор болгон жок. Митингчилердин тобу Бишкектин борборундагы аянтчага карай бет алды.

Мен көтөрүлүшчүлөрдүн келишин, аларга кошулуу ниеттерин билдирип кубанычтуу күтүп жатышкан айдоочулар, соода түйүндөрүнүн сатуучулары жана катардагы карапайым жарандар тобу менен кошо күтүп жаттым.

Бишкектин жашоочулары шаардын борборуна көтөрүлүшчүлөргө колдоо көрсөтүү максатында келишкен жана алар көтөрүлүшчүлөр менен аскерлердин кагылышуусуна күбө болушту.

Ал күбөлөрдүн биринин айтымында, көтөрүлүшчүлөр бир топ аскерлердин курал жарагын, ошондой эле ок өткөрбөгөн желеттерин тартып алышкан. Бул маалымат шаарга тез таркап, көтөрүлүшчүлөрдүн маанайын өзгөрткөн.

Ала-Тоо аянтына бет алган көтөрүлүшчүлөргө жолдон өтүп бараткан жарандардын кээ бири кошулуп жатышты. Алардын ичинде жогорку окуу жайларынын окутуучулары, жазуучулар союзунун мүчөлөрү бар эле. Буга чейинки жүргүзүлгөн бир топ маектешүүлөрдө илимий чөйрөнүн кээ бир өкүлдөрү Бакиевдин саясатына терең нааразы экендигин билдиришип, ачык жарыялоодон кетенчиктеп келишкен.

 Көтөрүлүшчүлөр Ала-Тоо аянтына жеткенде аларды тартип коргоочу күчтөр тосуп чыгышты.

Аскерлер щиттер жана дубинкалар, башка бир бөлүгү автоматтар менен куралданган эле.

Тартип коргоо күчтөрү газ жана үн чыгаруучу атайын заттарды колдонушту. Бирок ал аскерлерге таш ыргыта башташкан көтөрүлүшчүлөргө таасир берген жок. Ушул учурда катуу атылган автоматтардын үнү угулду. Элдин бир бөлүгүнүн кача баштаганына карабастан, көтөрүлүшчүлөрдүн көпчүлүгү катуу каршылык көрсөтүштү.

Жамгыр жаап жатты. Аскерлер тарабынан колдонулган газ заттары элдерге таасир тийгизе баштады. Көтөрүлүшчүлөр көздөрүн аарчышып, артка чегине башташты, бирок аларга көтөрүлүшчүлөрдүн арттагы жаңы толкуну кошула баштады, бул аларга дагы дем берди.

Кагылышуу этап-этабы менен жүрдү. Саат 2ге чейин көтөрүлүшчүлөр Президенттин кабинети жайгашкан Ак үйдү басып алууга аракеттеништи. Имаратты автоматтар менен куралданган бийлик сакчыларынын жоон тобу коргоп турду. Ал эми Ак үйдүн үстүндө атайын даярдалган аткычтар тургандыгы көрүнүп турду.

Көтөрүлүшчүлөрдүн Ак үйдү алууга болгон ар бир аракети автоматтан чыккан октор менен тосулуп алынды. Атылган октун тынымсыз жаашы, коркунучту көзгө илбеген жаштарга адреналин сыяктуу таасир берди.

Арадан 15 мүнөт өтпөй Ак үйдүн алдындагы көтөрүлүшчүлөргө Абдрахманова көчөсү тарабынан он чакты көтөрүлүшчү келип кошулду. Алардын кээ бирлеринде эрте мененки кагылышуу учурунда аскерлерден тартылып алынган автоматтар бар эле.

Таймашуу дагы катуу түр ала баштады. Менин оюмча дал ушул мезгилде алгачкы жарат алуулар болду.

15 минутага созулган атышуудан кийин элдин жоон тобунун маанайы өзгөрүлө баштады. Көптөрү коркуп калышты, элдердин көпчүлүгү өздөрүн жоготуп койду, агрессивдүүлүк бир топ басаңдай түшкөндөй болду. Бирдиктүү борборлоштурулган буйруктун жоктугун айтып жатышты.

Көтөрүлүшчүлөрдүн негизги күчүн түзгөн жаштар өз жолдошторунун кандарын көргөндөн кийин, эмне болсо да акырына чейин турууга камданышты.

 Бийликтин жүргүзгөн саясатына ушунчалык кыжырданган мамилеси, алардын өз өмүрлөрүн сайып болсо да Бакиевдин бийлигин кулатууга бел байлашкандыгынан көрүнүп турду. Мындай абал согушуу учурунда гана болсо керек деп ойлоп кеттим.

Мен ал жерден көп алыс эмес жерде жайгашкан ооруканага келдим. Ал жакка 14:45 терде алгачкы жарадарлар түшө баштаган. Медицина кызматкерлери буга даяр эмес эле, бирок алардын жогорку адистиги жарадарларга өз маалында көмөк көрсөтүүсүнө мүмкүнчүлүк берди жана алгачкы жарадар адам операцияга жөнөтүлдү.

Саат 14:50дө ооруканага биринчи өлгөн кишини алып келишти. Ок көкүрөгүнөн кирип оң жак капталынан чыккан экен. Жарадар болгондордун саны кескин өсүп кетти. Жарадар болгондор жана өлгөндөр негизинен жаштар эле. Жапа чеккендердин арасында бир кыз да бар экен.

Көргөн күбөлөрдүн айтымында көтөрүлүшчүлөргө Ак үйдүн терезесинен жана үстүнөн снайперлер атышкан. Элдин ачуусу күч алды. Көп кан төгүү болду. Баш аламандыкты эч ким көзөмөлгө алган жок. Көтөрүлүшчүлөр өздөрү уюмдашышып, жарадар болгондорду өздөрү ооруканага жеткирип жатышты.

Мен ооруканада врачтарга жарадарларды ташууга жардам бердим. Кетип баратып өлгөндөргө зээним кейиди.

 

Урмат Иманалиев, Кыргызстандагы Asman.kg гезитинин журналисти.

Central Asia
Protests
Frontline Updates
Support local journalists