ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүгө карата түрдүү көз караштар

ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы болгон саясатчылар булар өз кызыкчылыктары болгон адамдар.

ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүгө карата түрдүү көз караштар

ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы болгон саясатчылар булар өз кызыкчылыктары болгон адамдар.

Tuesday, 31 August, 2010

Ушул жылдын июнь айынын башында орун алган этникалык кагылышуудан кийин Кыргызстандын түштүгүнө ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү планына көпчүлүгү каршы болушууда. ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү менен биздин мамлекетибиздин ички иштерине чет элдик кийлигишүүгө жол ачабыз деп айтышууда. Бирок, бир катар серепчилер бул окуяга карата айтылган нерселер өлкөдөгү саясий күрөштүн чагылышы катары карашууда.

22-июлда ЕККУга мүчө мамлекеттер Кыргызстандын түштүгүнө курамы 52 адамдан турган кеңешчи топту киргизүү чечимин бир добуштан колдошту. Полиция күчтөрүн өлкөгө киргизип жайгаштыруу үчүн Кыргыз өкмөтүнүн акыркы чечими керек, ал август айынын акырына пландалган эле. Кыргыз өкмөтү тарабынан оң чечим болгондон кийин гана полициялык кеңешчи топ (ПКТ) Ош шаарында өз кеңсесин ачып ишин баштамак. Полиция күчтөрүнүн бул аймакта болуусу төрт айга созулат, бирок Кыргыз жетекчилиги ал мөөнөттү узартуу өтүнүчү менен кайрылса анда алардын биздин мамлекеттин аймагында туруу мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

ЕККУ полиция күчтөрүн киргизүү чечими июнь айында Ош, Жалал-Абад шаарларында жана анын жакабелинде орун алган этникалык кагылышуулардан кийин Кыргыз бийлигинин жардам сурап кайрылуусуна жооп катары кабыл алынган. Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, кагылышуу учурунда 355 адам каза тапкан. Көптөгөн үйлөр, дүкөндөр жана башка имараттар өрттөөлөрдөн жана талап-тоноочулуктан жапа чеккен.

ЕККУнун кеңешчи тобу тартип коргоо органдарынын бөлүмдөрүнүн иштерине мониторинг жасап, аларга тартипти калыбына келтирүүгө жана этникалык тирешүүнү кыскартууга байланышкан маселелер боюнча кеңеш бермекчи. Жети полиция күчүнөн турган алты топ жергиликтүү коомчулук менен иштөөгө ортомчу болушат, ал эми көчөлөрдү күзөткө алган милиция кызматкерлерин котормочулар жандап жүрүшмөкчү. Полициялык кеңешчи топ Орусия, Америка, Болгария, Турция, Литва жана Финляндия мамлекеттеринин полиция кызматкерлеринен куралаары айтылууда.

«Кыргызстанда полициялык кеңешчи топ бейтарап тарап катары эки элдин ортосундагы жана тартип коргоо органдарына болгон ишеничти калыбына келтирүүдө чоң рол ойнойт», - дейт ЕККУнун Бишкектеги Борборунун жетекчисинин орун басары Лилиан Дарий IWPRга.

Кыргызстандын расмий бийликтеги адамдары ЕККУнун полиция күчтөрү жергиликтүү калк менен, өзгөчө өзбек калкы менен негизинен этникалык кыргыздардан турган милициянын ортосунда ортомчулук ролду аткараарын айтышууда.


Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациянын маалымат-координациялык борборунун жетекчиси Фарид Ниязов Кыргызстандын түштүгүндөгү жергиликтүү бийлик эки элдин ортосундагы мамилени жөнгө сала албай жаткан шартта мындай күчтү киргизүүнүн зарылчылыгы бар экендигин IWPRга билдирди.

«Өлкө президенти жергиликтүү чиновниктерге жана тартип коргоо органдарына эки элдин ортосундагы байланышты жөнгө салууга, жергиликтүү жарандар менен тартип коргоо органдарынын ортосундагы ишеничти камсыз кылууга милдеттендирген. Тилекке каршы булар жасалган жок», -деди ал.

Полиция тобун киргизүүгө каршы чыккандар – Кыргызстандын түштүгүндөгү жергиликтүү чиновниктер, ошондой эле «Кыргыз эли тышкы күчтөрдүн киришине каршы» - деген ат менен жарандык кыймыл июль айынын ортолорунда Бишкекте жана башка калктуу аймактарда бир катар каршылык көрсөтүү акцияларын өткөрүштү.

Алар чет элдик мамлекеттердин биздин ички иштерибизге кийлигишүүсү абалды дагы курчутуп жиберишин, жергиликтүү милиция кызматкерлеринин беделин түшүрүп, ошондой эле ал күчтөрдүн биздин өлкөдө жайгашуусу белгисиз мөөнөттөргө чейин созулушу мүмкүндүгүн эскертишүүдө.

«Кыргыз эли тышкы күчтөрдүн киришине каршы» жарандык кыймылдын уюштуруучулардын бири Айбек Саипов ЕККУнун күчтөрүн киргизүү зарылчылыгы жок деп эсептейт.

«Абал бир топ турукташып баратат. Эл жана жаштар ал жакка барып милиционерлерге жардам берүүгө даяр», - дейт ал.

Саипов анын кыймылынын артында кандайдыр бир күчтөр турат деген ойду четке какты.

Каршылык көрсөтүү акциясынын катышуучулары «Бул өлкөнү Косового айлантууга жол бербейбиз» - деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушту. Алардын пикиринде, Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбектер чет элдиктердин болушун өздөрүнүн автономиясын түзүү кызыкчылыгына пайдаланат. Алар Косоводогу абал менен кээ бир окшоштуктарды көрүшөт. Буга мисал катары Сербиянын бир бөлүгү Албан көз карандысыз мамлекетине айланышын айтышат.

Саясат таануучу Марс Сариев бул кооптонууну тең бөлүшөт. Анын айтымында, ЕККУнун полиция күчтөрү өзбек азчылыгына жан тартып, өзбектердин укуктары тепселип жатат деп айтып чыгышы мүмкүн. Анын божомолунда муну менен өзбек диаспорасы да чайкоочулук жасап абалды курчутушу мүмкүн. Ошондо полиция күчтөрү биздин жогорку бийликке өзбектерге кандайдыр бир автономия берилиши керектигин айтышы мүмкүн.

IWPR ушул суроо менен ЕККУнун Венадагы башкы кеңсесине кайрылганда, ЕККунун полиция күчтөрүн киргизүү мүмкүнчүлүгү Кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчүнө ылайык каралгандыгын, ал эми полициялык кеңешчи топтун негизги милдети эки элдин ортосундагы байланышты калыбына келтирүүгө зарыл болгон стабилдүү ишеничти түзүүгө көмөктөшүү болуп саналаарын айтты. Мамлекет өз келечегин кантип түзөөрү ошол өлкөнүн лидерлерине жана жарандарына гана байланыштуу экендигин кошумчалады.


Башка бир серепчилер, өлкөнүн көз карандысыздыгынын тагдыры тууралуу кооптонуулардын болушун, бир топ оппозиция мүчөлөрүнүн калың топту өз кызыкчылыктарына ылайык, өз пландары менен башкарып жаткандыгында деп айтышууда.

Алардын кээ бири, мисалы, Кыргызстандын түштүгүндөгү чиновниктер жана тартип коргоо органдары ЕККУнун полиция күчтөрүнүн компетенттүү адилет иш алып баруусуна ишенишпейт. Ушундан улам кээ бир саясий партиялар түзүлгөн абалды алдыдагы октябрдагы өтө турган шайлоонун алдында өздөрүн даңазалоо ыкмасы катары колдонуп жатышат.

«Маселе… өтө саясатташып кетти. Көптөгөн саясий күчтөр парламенттик шайлоо алдында бул маселе аркылуу упай топтоого умтулуп, бул маселени жасалма түрдө көбүртүп-жабыртып жатышат. Кээ бир саясатчылар үчүн бул маселе өздөрүн маалымат мейкиндигинде таанылтууда өтө ыңгайлуу экендигин эстен чыгарбашыбыз керек», - дейт Бишкектеги «Полис Азия» аналитикалык борборунун эксперти Павел Дятленко.

«Кылым Шамы» бейөкмөттүк уюмдун жетекчиси, белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулова «ЕККУнун полиция күчтөрүнүн киришине каршы болгондор, алар туура эмес маалымат алгандар жана алар эгер полиция күчтөрү келсе алар өлкөнү басып алышы мүмкүн деп ойлошот; экинчи топ – бул коогалаңга катышкандар, алар өздөрүнүн мыйзамсыз иштерге кириптер болушунан коркушууда; үчүнчү топ – бул абалдан пайда табууну көздөгөн тартип коргоо органдарынын кызматкерлери, алар кармалгандардан акча талап кылып, кылмыш иштерин акчага бурмалап жаткандар», - деп айтты.
Кыргызстандын ички иштер министри Кубатбек Байболов катуу жана курч талкуу дебаттар бул маселеге өзгөчө мамилени көрсөтөөрүн айтты.

«Бул тек гана саясий күрөш, алдыда боло турган парламенттик шайлоо алдындагы анын куралы» - деген оюн билдиргендигин Кыргыз телеграф агентствосу билдирди (КырТАГ).


Кыргызстандын түштүгүндөгү эки журналисттин пикиринде, ЕККУга каршы маанай өсүп жатат деп айтууга болбойт. Алардын эч бири өз аттарын бергиси келген жок, анткени түштүктөгү абал кооптуу деп өз өмүрүнөн коркушат.

Оштогу кабарчылардын бири өзбек улутундагы шаар тургундары бул күчтөрдү киргизүү пландарын колдой тургандыгын, алар тартип коргоо органдарынын жергиликтүү бөлүмдөрүнө ишенишпей тургандыгын айтса, экинчи кабарчыбыз полициялык кеңешчи топтун киришине каршылык көрсөтүү акциясына болгону 700дөй адам катышкандыгын кабарлады.

«Мен бул акциянын артында кандайдыр бир күчтөр тураарына ишенем. Ал ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы тараптардын жардамы менен жасалма уюштурулган. Менин оюмча учурда калк ЕККУнун полиция күчтөрү жөнүндө да ойлогонго абалы жоктой. Аларды күнүмдүк жашоого байланышкан маселелер – кыйратылгандарды калыбына келтирүү жана этникалык топтордун ортосундагы маселе – түйшөлтүүдө», -дейт ал.

Коопсуздук маселеси боюнча эксперт Леонид Бондарец ЕККУнун полиция күчтөрү өтө аз санда болоорун жана алардын компетенттик чөйрөсү – өтө чектелгендиктен абалга таасир бере албастыгын белгиледи.

«52 адамдан турган бул топ болгону маалымат жыйнагандан башка эч нерсе жасай албайт. Бирок эки коомчулуктун ортосундагы бири-бирин күнөөлөгөн маалыматтарды чогултуу менен полициялык кеңешчи топ эки этностун ортосундагы тирешүүнү азайтуунун ордуна, аны күчөтүп жиберүүсү мүмкүн», - деген божомолун айтты.

Азиза Абдрасулова кээ бир жарандар милицияны ырайымсыз деп эсептеп, аларга ишенбегендиктен, мындай жагдайда ЕККУнун полиция күчтөрүнүн чоң салым кошооруна ишенет.

«Эгер ЕККУнун полиция күчтөрү киргизилсе милиция кызматкерлери өз милдеттерин мыйзамда кандай болсо ошол чектен чыкпай аткарат деген үмүт бар. Кармалгандарды уруп сабоого албоо, өз актоочулары менен жолугушууга мүмкүндүк берүү, зарыл болгон учурда медициналык жардам көрсөтүү жана кармалгандардын туугандарына кабар берүү сыяктуу иштер жасалышы мүмкүн», -деди ал.

Тимур Токтоналиев, IWPRдын атайын тренингинен өткөн Бишкектеги журналист.


Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Kyrgyzstan
Protests
Frontline Updates
Support local journalists